Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганына 100 жыл: Макрон улутчулдукту жок кылууга үндөдү

Macron gives speech

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Франциянын президенти Макрон дүйнө лидерлерин "тынчтык үчүн күрөшүүгө" үндөдү

Франциянын президенти Макрон Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чарада ашынган улутчулдукту жоюуга чакырды.

Париж шаарындагы эскерүү иш-чарасына АКШнын президенти Трамп менен Орусиянын лидери Путин дагы катышты. Макрон ашынган улутчулдуктун күч алганын "патриоттуулукка карата чыккынчылык" деп билдирди.

"Биринчи орунга өзүмдүн кызыкчылыгымды коём, башкаларга башым оорубайт деген учурда, мамлекет эң маанилүү болгон сапатын, моралдык баалуулугун жоготот",-деди Макрон.

Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралар дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүүдө.

Согушта 9,7 миллион аскер жана 10 миллиондон ашуун жайкын тургун каза тапкан. Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылы башталып, 1918-жылы аяктаган.

Putin in Paris

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Путин дагы Парижге келди

Париждеги иш-чаранын алкагында бир нече лидер сүйлөшүүлөрдү дагы өткөрүштү. Президент Путин АКШнын лидери Трамп менен кыска убакытка болсо да жолукту.

Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү эмне үчүн кыска болду?

Бир нече апта мурун эки державанын лидерлери Франциянын баш калаасында кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп жоромолдонгон. Бирок Парижде Трамп менен Путин учурашканга гана жетишти.

Путин Трамп и Меркель

Сүрөттүн булагы, LUDOVIC MARIN\Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин баш бармагын Трампка көрсөтүп, эки лидер жылуу учурашты

Аптанын башында эле АКШнын президенти Трамп Парижде кеңири сүйлөшүүлөр өтпөйт деп айткан. Эки тарап "Чоң жыйырмалык" саммитинде жолукмак.

Орусиянын маалымат агенттиктеринин жазышынча, француз уюштуруучулары түшкү тамактанууда Путин менен Трамп чогуу отурбагандай кылып орундуктарды акыркы мүнөттөрдө алмаштырып салган. Сый тамак үстүндө эки лидер жанаша отуруп, айрым көйгөйлөрдү талкууга алмак.

"Коммерсантъ" гезитинин айтымында, иш-чараны уюштуруп жаткан француз тарап эки лидерди сүйлөшүүлөрдү өткөрбөөгө чакырган. Франция президенти Макрон дүйнө жүзү эскерүүнүн ордуна Путин менен Трамптын сүйлөшүүлөрүнө көңүл буруп калышын каалаган эмес деген жоромолдор айтылууда.

Париждеги Тынчтык конференциясы

Париждеги иш-чарада Макрон жыйырма мүнөткө созулган кайрылуу жасады. Президент дүйнө лидерлерин "тынчтык үчүн күрөшүүгө" үндөдү.

Путин, Меркель, Трамп

Сүрөттүн булагы, BENOIT TESSIER\Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Меркел "ашынган улутчулдук" Европа жана башка аймактарда күч алып, тез тарап жатканын эскертти

Француз лидеринин кайрылуусунан кийин 1918-жылы 11-ноябрда согуш аяктаганын жарыялаган сурнай үнү кайрадан жаңырды.

Жекшемби күнү Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел Тынчтык конференциясын уюштурду. Ага Орусиянын лидери Путин менен Түркиянын президенти Эрдоган дагы катышты.

Меркел "ашынган улутчулдук" Европа жана башка аймактарда күч алып, тез тарап жатканын эскертти.

Президент Трамп болсо Тынчтык конференциясына катышкан жок. Ал Кошмо Штаттарына учуп кетти.

Дүйнө жүзүндө кандай эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү?

Австралиянын баш калаасы Канберрадагы Улуттук согуш мемориалдык комлексинде эскерүү иштери өттү. Премьер-министр "тарых кайталанбашы" керек деп кайрылуу жасады.

Жаңы Зеландиянын баш калаасы Веллингтондо, Улуу Британияда дагы эскерүү иш-чаралары болду.

Биринчи дүйнөлүк согушта 74 миң индиялык аскер каза тапкан. Бул өлкөдө дагы эскерүү иш-чаралары өттү.

"Биз бул согушка түздөн-түз катышкан эмеспиз. Бирок ага карабастан, биздин аскерлер тынчтык үчүн дүйнөнүн ар тарабында курман болду"-деди Индиянын лидери Нарендра Моди. (AT)

Presentational grey line
A guard of honour arrives during a Remembrance Day ceremony at the Australian War Memorial, in Canberra, Australia, 11 November 2018

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Австралиянын баш калаасы Канберрадагы Улуттук согуш мемориалдык комлексинде эскерүү иштери өттү
An Armistice silence was observed at the Pukeahu National War Memorial Park in Wellington, New Zealand

Сүрөттүн булагы, Press Association

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы Зеландиядагы эскерүү иш-чарада тартылган сүрөт
Инвалиды госпиталя Челси

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон шаарындагы парад
Парад в Форт-Уильяме

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шотландиянын Форт-Уильям шаарындагы парадка согуш ардагерлери катышты
Белая голубка в Брюсселе

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брюсселдеги эскерүү иш-чарада ак көгүчкөндөр учурулду
Члены военно-исторических клубов в форме французской армии времен Первой мировой в Царском селе

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскердик-тарыхый клубдун мүчөлөрү иш-чарага Биринчи дүйнөлүк согушта колдонулган формаларды кийип, парадка катышты