Биринчи дүйнөлүк согушка түс жана үн берилди

Видеонун түшүндүрмөсү, Биринчи дүйнөлүк согушка түс жана үн берилди

Белгилүү режиссер, “Оскардын” үч жолку сыйлыгын жеңип алган Питер Жексон Биринчи дүйнөлүк согуш тууралуу “Алар эч качан карыбайт” деген аталыштагы документалдык тасма тартты.

Заманбап технологиялардын жардамы менен Империялык аскер музейиндеги Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы тасмалар түскө жана үнгө ээ болду.

“Жоокерлер дал мына ушундай согушту көрүшкөн эле”,-деди режиссер.

Би-Би-Си менен интервьюсунда Жексон бул темага эмнеге кайрылганы тууралуу айтып берди. (AbA)