Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркко келди

Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарына барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында кабарланды.

Жээнбеков БУУнун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, анда сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

Президент визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д.Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат деп күтүлүүдө.

АКШ-Кыргызстан мамилеси

Көптөгөн оппозициячыл саясатчылар кыргыз-америка алакасынын бүгүнкү деңгээлин эң начар деп мүнөздөп келишет. Алар эки тарапка кызык болгон маанилүү маселе жок экенин, демократия жана парламентаризм жөнүндө гана жалпы сөз болуп келе жатканын айтышат.

АКШ тарап Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп билдирип келатат. Бирок эки өлкөнүн мамилесин салкындаткан маселелер маал-маалы менен чыгып калууда.

Мисалы, мурдагы жылдары АКШнын мамлекеттик департаментинин отчетунда Кыргызстандагы адам укуктарынын жана демократиянын абалы курч сынга алынган эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондон берилген бааны негизсиз деп санап жана саясий кысым катарында карай турганын билдирип жооп айткан болчу.