You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
А.Бекназаров: Бабанов акча топтоп кайра эле саясатка келе берет
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
УКМК жетекчисинин парламенттеги сөзүнөн кийин саясатчы Өмүрбек Бабановдун кылмыш ишине байланыштуу талкуулар кайра жанданды.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, УКМК жетекчиси "кайсы бир запростордон улам Бабановдун кылмыш иши токтоп турат",- деп айткан эле.
"Республика - Ата-Журт" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановго "Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырык таштаган", "Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козуткан" деген айыптар менен кылмыш иш козголгон эле.
Би-Би-Си мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаровго кайрылып, УКМК төрагасынын айтканын кандай деп чечмелесе болот деп сурады.
А. Бекназаров: Мен өзүм уккан жокмун. Кээде орусча "прекращение" менен "приостоновление" дегенди кыргызча которгондо "токтотулду" болуп калат. Ошондон улам көп адам чаташтырып алат. "Прекращение" деген юридкалык термин менен айтканда, кылмыш иш кыскартылды деп эсептелет. А "приостоновление" бул "токтотуу".
Би-Би-Си: Жок, "убактылуу токтоп турат" деп айтылды.
А. Бекназаров: "Убактылуу токтоп" турса, убактылуу токтотууга эмне негиз болду? Биринчи, ден-соолугуна байланыштуу болушу мүмкүн. Экинчи, качып жүргөнүнө байланыштуу. Үчүнчүсү, кылмышка жооптуу кишинин аныкталбаганынан улам. Ушуга окшогон себептер так жазылышы керек. Ал эми Бабановдун иши эмнеге токтотулганын УКМК жетекчиси так айтышы керек эле. Ден-соолугуна байланыштуубу же качып жүргөнүнө байланыштуубу? Эгерде качып жүргөнүнө байланыштуу болсо, издөө жарыяланганбы? Кылмышка жооп бере турган киши эмнеге табылбай жатканына дагы жооп болушу керек. Айтор, ушуга окшогон көп суроолор бар. Аны эми депутаттар такташы керек эле. Ишти токтоткондо, сөзсүз жогорудагылардын негизинде, КЖК беренелери так көрсөтүлүп, Бабановдун иши ушунун негизинде токтогон деген токтом чыгарылат. Сөзсүз негизи болушу керек.
Би-Би-Си: Өмүрбек Бабановдун иши боюнча бийликтин кандайдыр планы болушу мүмкүнбү?
А. Бекназаров: Кыргызстанда айрыкча Акаевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылдарынан тарта саясий оппоненттерди ооздуктоо үчүн кылмыш ишин козгоо методу жайылды. Мына ушул көрүнүш К.Бакиевдин, А.Атамбаевдин учурунда аппогейине жетти. Саясатчылар арасында кичине эле бир каяша айтканы болсо, дароо кылмыш ишин козгойт, ММКлардан каралап, тескери пикир жаратат. Жок эле байлыктарын, үй мүлкүнөн бери, такталбаган коррупциялык схемаларды көрсөтөт. Мына ушунун баардыгы мыйзамсыз. Менин пикиримде, Өмүрбек Бабановдун ишинде да кандайдыр бир саясат бар. Анткени анын иши шайлоого байланыштуу болуп калды. Ошондуктан, Бабановдун кылмыш иши болгон болсо, ачык-айкын жүргүзүү керек. Бул "саясый негизде камалып калды" деген болбошу керек. Укук корго, тергөө органдары аны парламентте көтөртпөй эле өздөрү маалымат жыйын берип, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан иштер боюнча ачык-айкын маалымат берип турушу зарыл. Ошондо бул саясат жыттанган кылмыш иш же чыныгы кылмыш иши экенин коомчулук да так айырмалап алат эле.
Би-Би-Си: Бул иш мындан ары кандай уланышы мүмкүн, сиздин болжолуңуз кандай?
А. Бекназаров: Бийлик ошол эле парламент. Жогорку Кеңеште атайын комитеттер бар. Комитет мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөй турган конституциялык деңгээлдеги уюм да. Бүгүн парламент ушуга окшогон иштерди аягына чыгарышы керек.
Би-Би-Си: Соңку президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызып туран чакта Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановго кол кезеп, "коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деди эле. Мындан ары эмне болот?
А. Бекназаров: Президент Жээнебековдун иш баштаганына жакында бир жыл толот. Иши боюнча коомчулукка отчёт бериши керек. Бул биринчиси. Экинчиси, ошол шайлоо өнөктүгүндө айткан сөздөрүнө да жооп бериши керек. Ошонун ичинде ушул коррупцияга күрөш кандай жүрүп жатат? Конкреттүү кайсы иштер? Азыр "кокуй 400 миллион түшүрүлдү, эсеп ачылды андай-мындай" деген сөздөр болуп жатат. Мен ойлойм 400 миллионду бир кылмыш ишинен түшүрсө болот. Мен башкы прокурор кезде керек болсо биз миллиарддаган акчаларды түшүргөнбүз. Кыргызстанда түшүрсө болот. УКМКнын башчысы коррупция менен күрөшө алдыбы, президенттин койгон тапшырмаларын аткара алдыбы? Президент өзүнө-өзү отчёт берип туруп, экинчи этапты башташы керек.
Би-Би-Си: Президенттин Бабанов менен ымаласы дейбизби же жүрүштөрү кандай болушу мүмкүн?
А. Бекназаров: Өткөндө бир малымат жыйыныда айттым эле, шайлоо учурунда козголгон иштерди шайлоо аяктап, бир жылдай убакыттан бери президент болуп турган соң кайрадан жаңы көз караш менен кароо керек. Мурдагы президенттин мураскору катары, мурдагы президенттин тушунда козголуп калган иштер болушу мүмкүн. Ошондуктан эгерде кылмыш иши чындап эле мыйзамдын негизинде козголсо, саясаты жок болсо коомчулукка ачык-айкын болушу абзел. Эгерде андайы жок болсо кыскартылышы керек.
Би-Би-Си: Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кеттим деп жарыялады эле. Ушунча электораты туруп буга эмне болуп кетти деп таң калгандар да болду. Сиз кандай ойдосуз?
А. Бекназаров: Мен Бабановду жана анын муунун саясатчы деп эсептебейм. Саясаттан кетеби же жокпу, алар бизнесмендер. Бизнестен кол үзүшпөйт. Саясаттан кетип бизнесине барат, акча топтоп кайра акча чогултуп саясатка келе берет. Кыргызстандын азабы, көйгөйү мына ушул маселеде турат.