Мектеп көйгөйүнө Орусия кол кабыш этеби?

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Соңку күндөрү Орусиядан Кыргызстанга мугалимдер келет деген маалымат талкууга жем таштады. Буга Орусиянын билим берүү министринин статc-катчысы Павел Зенькович: "убакыт тартыш, Кыргызстандагы кесиптештер маалымат берсе, жаңы окуу жылына мугалимдерди жөнөтөбүз" дегени себеп болду.

Бул Түркия тараптын Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ордуна башка мектептерди ачуу сунушу менен чыккан учурга туш келип, талкууну ого бетер кызыткандай болду. Би-Би-Си Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбековага кайрылып, Орусия тараптын мындай билдирүүсүнүн себептерин сурады.

Н. Джусупбекова: Бизге орусиялык кесиптештерден тажрыйба алмашалы деген сунуш келип түштү. Мисалы методика, тил үйрөтүү боюнча тажрыйба алмашуу жаатында. Анан Россия Федерациясы бир жылга ыктыярчы мугалимдерди жибербейлиби, келип Кыргызстанда иштеп, жөн эле сабак өтө бербей ар кандай усулканаларды, жолугушууларды уюштуруп методика боюнча кызматташсак болорун билдирди. Учурда жергиликтүү бийлик, педагогдор, билим берүүнүн жетекчилери жана эл менен талкуу болуп атат. Азыр эч кандай чечим чыга элек.

Эми Россия Федерациясы өзүнүн сунуштарын айтууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз болсо жер-жерлерде иштеп атабыз. Анткени ал жерде бир канча көйгөйлөрдү чечишибиз керек. Жол чыгымдары, айлык акысы, убактылуу болсо да турак-жай берүү маселелери дегендей.

Алар шаштырган жери жок. Быйыл болбосо, эмдиги жылы деле деп атат. Быйыл мисалы Тажикстан талап кылынган маалыматтарды бериптир. Мисалы, бизге мынча ыктыярчы мугалим керек дегендей. Жетишсиз болуп жаткан физик, математик, орус тилчи же башкасыбы, санын билдиришти.

Би-Би-Си: Кыргызстан орус тилдүү мугалимдерге муктажбы же орусиялык мугалимдергеби?

Н. Джусупбекова: Кыргызстанда окутуунун төрт тили бар. Кыргыз, орусча, өзбек жана тажик тилдери. Бишкек шаары, Чүй областында өз предметин орусча окута турган мугалимдер салыштырмалуу түрдө жетиштүү десек болот. Ал эми региондорду караганда кээде ушундай муктаждык бар. Орусиялык мугалимдердин бизге кереги жок деп айта албайм. Орусиялык мугалимдер бизге келип эле тажрыйба алмашып, ушундай алкакта иштеп берсе болот. Бирок бизге өзүбүздүн эле кыргызстандык мугалимдер такай керек. Алар бир жыл эле иштейт. Бул болгону убактылуу программа.

Би-Би-Си: Эгер сиздер Орусиянын ушул сунушун кабыл алсаңыздар, анда сиздер мугалимдерди кандай кылып бөлүштүрөсүздөр?

Н. Джусупбекова: Бүт жети областка маалыматты жөнөттүк. Ош областы өзүнчө, Нарын областы өзүнчө маалыматты тактап берди. Биз аябай түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мисалы, алар бул жерде өмүр бою калып силердин ордуңарды ээлебейт дегендей.

Би-Би-Си: Эгерде сиздер ошол макулдашууга келип, сунушту кабыл алсаңыздар, мугалимдерди кандай шарттар менен чакырасыздар? Маселен чыгымдарын кайсы тарап төлөйт?

Н. Джусупбекова: Жол кире, турак-жайын биз жакка коюп атат. Россия Федерациясынын билим берүү министринин статс-катчысы Павел Зеньковичке жок быйыл биз ойлонуштурабыз, талкуулайбыз деп жооп бердик. РФ алдыңкы методикасы бар, өзүнүн иштелмелери көп, башкаларды үйрөтө ала турган мугалимдерди жиберебиз деп жатат. Бул сунуштун биз көңүл бурган эң негизги жагы болду.

Би-Би-Си: Буга чейин Кыргызстандын, өзгөчө Бишкектин айрым мектептеринде Орусиянын адабияттарын, окуу куралдарын пайдаланып атыптыр деген чоң талкуу жүрдү эле.

Н. Джусупбекова: Жок, мындай абал кандайдыр бир учурда арга жоктон болсо керек. Балким, баягы совет учурунда баарыбыздыкы эле бир китеп эмес беле. Билим берүү министирлиги тарабынан өзүбүздүн авторлорду окутуп, экспертиза кылып иштеп жатабыз. Ошондуктан бизде азыр жаңы стандарттар, программалар иштелип чыгып, алар бекитилип бул абал таптакыр өзгөрдү. Өзүбүздүн авторлордун математикасы, өзүбүздүн эле авторлордун башка жакшынакай окуу китептери таралып жатат. Жаңы окуу китептери дароо төрт тилде басылып чыгып, таралып атат да. Кадимкидей авторлорубуз, эксперттерибиз чыга баштады.

Би-Би-Си: Бир эки жыл мурун эле орусиялык басылмадан чыккан, ошол өлкөнүн гимни кошо басылган китептерди Бишкек мектептеринде негизги окуу куралы катары окутуп жатат деген талаш-талкуулардан кабарыныз болсо керек?

Н. Джусупбекова: Алар альтернатива катары пайдаланылат. Мисалы, келгиле быйылкы эле авторлорду карайлы: Кыдыралиев, биздин өзүбүздүн эле Кыргызстандын авторлору математиканы жакшынакай жазып атышат. Же Бекбоевдин математикасы. Бирок ошол эле учурда мугалим альтернатива катары методиканы салыштырып, тапшырмаларды караш үчүн дагы бир кошумча булактарды пайдаланганга укуктары бар. Бул маселе азыр дээрлик чечилип эле калган.

Би-Би-Си: Эгерде Кыргызстанда орус тилдүү мугалимдерге муктаждык болсо, бул маселени чечүүнүн дагы кандай жолдорун көрүп турасыз?

Н. Джусупбекова: Мисалы өткөн окуу жылын карайлы, быйылкы окуу жылы боюнча октябрда жыйынтык чыгарабыз. Педагогикалык жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү кесиби боюнча бардыбы, ошондо баары такталат. Бирок жылдан жылга кесиби боюнча ишке орношуп жаткандардын саны өсүп жатат. Мурун бир учурда бул көрсөткүч кыйла төмөн болчу. Орус тилдүү мектептерде, дайыма эле, тилекке каршы , орус тилдүү мугалимдерге муктаждык бар. Учурда ар кайсы предметтерден орус тилинде сабак берчү 1181 мугалим керек. Өзгөчө алыскы региондордо муктаждык чоң.