А. Атамбаев: "Раим-миллиондор өч алууда"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев элге жарыялаган билдирүүсүндө соңку камоолорду коррупция менен күрөшүү эмес, "Раим-миллиондордун" өч алышы, "элпек достору Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатканы" деп атады.

Атамбаев "коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы кадыресе акыл-эске сыйбайт" деп белгилеп, Исаков С.Ж. менен Кулматов К.К. ушул жылдын төрт айында бюджеттин киреше бөлүгүн беш миллиард сомго жогорулашын камсыз кылганын баса көрсөткөн.

"Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскөй кардиналы аты белгилүү "Раим-миллиондун" бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу",-деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Экс-президент ошондой эле президенттин аппаратынын мурдакы бөлүм башчысы С.Ж. Исаков да, Бишкектин мэри болуп турган К.К. Кулматов да тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болгон эместигин, ЖЭБди реконструкциялоо чечимин президент катары анын өзү жана Ѳкмөт тарабынан кабыл алынган белгилеген.

Атамбаев ошондой эле КСДПнын активдүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алуу да негизсиз деп эсептейт.

"Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө, өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды. Буга далил болуп, мисалы, өткөн 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында, эч кандай куру кыйкырыгы жок эле бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган болсо, ал эми бул жылдын көрсөткүчтөрү азырынча алда канча төмөн",-деп билдирет.