Н. Садыков: ЖЭБдеги аварияга суунун аздыгы себеп болгон

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан шаардыктар жылуулукка эле эмес, айрым райондордо электр жарыгына да жетпей калды.

Өткөн аптанын соңунда Бишкек Жылуулук электр борборунда техникалык авариядан улам жылуулукка чектөө киргизилгени айтылган. Мындай абал кескин нааразылыктарды жаратып, мэрия менен өкмөттүн иши сынга кабылды.

Буга байланыштуу өкмөт башчы Сапар Исаков да атайын кайрылуу жолдоду:

"Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундарынын башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам.Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат.

Бишкек жылуулук борбору өз убагында модернизациялагандыгы үчүн бүгүнкү күндө тез аранын ичинде учурдагы абалды жөнгө салууга жетиштик. Эгерде Бишкек жылуулук борборунда реконструкцияларды жүргүзбөгөндө мындай суукта шаар ичиндеги бардык суу түтүктөрү толугу менен жарылып, иштен чыкмак. Шаарды жылуулук менен камсыздоо тутумун тез арада калыбына келтирүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштер жүрүп жатат. Сабырдуулугуңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем",- деди өкмөт башчы.

Жылуулук борборунун кызматкеринин айтымында, суук күчөгөндөн бери жылуулук борборунун ар кайсы бөлүгүндө от жагып, кээ бир түтүктөрдү жылытууга аргасыз болушууда.

Мекеменин жетекчилиги коомчулукка жылуулук борборунда жарылуу болду деген каңырыш кеп тарап кеткенин, иш жүзүндө эч кандай жарылуу болбогонун билдирди. Бирок ар кандай деңгээлдеги бузулуулар болгонун четке каккан жок.

1961-жылы ишке берилген бул борбор буга чейин бир нече жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мындан сырткары 386 миллион долларга бул борбордун бир бөлүгү модернизацияланган. Тиешелүү жетекчилердин берген маалыматына караганда, ал бөлүк негизинен электр энергиясын иштеп чыгууга багытталган. Ошондой эле ал сектор толук кандуу иштеп, учурда сыноодон өтүп жатканын кошумчалады.

Улуттук электр тармактарынын жетекчи орун басары Нурлан Садыковдун айтканына караганда, бузулуу ЖЭБдин жаңылана элек бөлүгүндө болгон. Анын эң негизги себеби керектүү өлчөмдөгү сууну насос соруп чыгара албай, суудан өксүп калгандан кийин бул башка тетиктерди иштен чыгарган.

"Авариянын негизги себеби - биринчиден 9-гидро агрегатта мүчүлүштүк келип чыккан. Кийин аны токтотуп иштен чыгардык. Анын өзүнүн талаптары бар. Биз ошого ылайык сууну берип баштаганда соргучтан чыккан суу менен келген суунун көрсөткүчү эки башка болуп калды. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда , идиште толтура суу болушу керек болсо, суу анын жарымына чейин эле экен. Бизге ал көрүнбөгөндөн кийин суу толтура деп ойлоп эле, иштете бериптирбиз. Бул бузулуунун негизги себеби болду. Кийин башка жабдуулар иштен чыгып баштады. Ошондон улам ушундай терс көрүнүш болуп калды. Негизи жалпысынан он сегиз буу казаны, тогуз түтүк агрегаты бар. Учурда алардын теңи иштеп жатат",- дейт Улуттук электр тармактарынын жетекчи орун басары Нурлан Садыков.

Турак жайлар эле эмес, социалдык жайларда, айталы ооруканаларда дагы жетиштүү жылуулук берилбей жатат.

"ЖЭБ аварияга учурагандан кийин суу тоңуп калып, оңдоп атабыз. Бейтаптардын баарын башка корпустарга котордук. Ал жер азыр бош турат. Жалпысынан токсон сегиз киши даарыланып аткан. Эртең менен дарылоосу аяктагандарды ооруканадан чыгарып, калган кырк кишини башка жакка котордук. Ар биринин абалын сурап кирип чыктык. Жылыткычка да уруксат бердик. Андан жыйынтык болбогон соң кошумча жууркан төшөк да тараттык",- дейт Улуттук госпиталдын согуш ардагерлери дарылана турган бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Талант Арстанкулов.

Жылуулук борбору кечээтен бери жылытуу системасы үчүн берилчү сууда өксүк жок экенин айтып, жакын арада үйлөр мурдагыдай жылый турганын убада кылууда. Бирок шаардыктар арасында буга ишенбей жатышат. Коомдук сайттардан бул жагдайга байланыштуу коомчулукта нааразылыктар курч экенин байкоого болот.

Өткөн аптанын ишемби күнү жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Бишкек Жылуулук электр борбору техникалык авария болгонун айтып, эртеси күнү түнү оңдолгонун маалымдады. Бирок тургундар үйлөрүнө жылуулук жетпей жатканын айтууда.