You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аялдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жана коопсуз шаарлар
Thomson Reuters Foundation кайрымдуулук уюму аялдар үчүн абдан кооптуу дүйнөлүк мегаполистердин тизмесин жарыялады. Тизмеде биринчи орунга Каир чыкты. Москва, Лондон, Париж жана Токио шаарлары аялдар үчүн дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардан болуп таанылды.
Рейтинг эксперттердин ой-пикирине негизделген. Шаарлардын коопсуздугун иликтеп жатканда жыныстык зомбулук деңгээли, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөр сыяктуу критерийлер каралды.
Ошондой эле дүйнөлүк мегаполистердеги айрым бир маданий салттардын өзгөчөлүгү, мисалы, эркине карабай күйөөгө берүү сыяктуу көрүнүштөр да эске алынды.
19 млн калк жашаган Египеттин баш калаасы аялдарга жыныстык басмырлоо жана зомбулук көрсөтүү, эркине койбой күчкө салып күйөөгө берүү көрүнүштөрү көп болгон үчүн рейтингдин башына чыкты.
Тизмедеги биринчи бешилтикке Пакистандын баш калаасы Карачи, Конгонун борбору Киншаса, Индиянын борбору Дели жана Перунун борбору Лима кирди.
Аялдар үчүн эң коопсуз шаар болуп Лондон таанылды. Улуу Британиянын борбору төрт критерийдин экөө боюнча: медициналык тейлөөнүн сапаты жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр боюнча биринчи орунду ээледи.
Москва жыныстык зомбулук жагынан алганда Токиодон кийинки коопсуз шаар болуп чыкты. Ошону менен катар аялдардын саламаттыгына жана жашоосуна зыяндуу диний-маданий салттар боюнча алганда эң коопсуз шаар болуп каралууда.
Thomson Reuters Foundation 19 мегаполисте аялдардын проблемасын жана теманы жакшы билген 20 экспертке кайрылган.