Жаңы президент жана кылчактаган саясат

Жээнбеков шайлоочулардын көбүнүн колдоосуна ээ болду

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээнбеков шайлоочулардын көбүнүн колдоосуна ээ болду
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жээнбековдун бийликке келиши менен ички саясаттагы күрөштүн мүнөзү өзгөрөрү каңкуланууда. Эми саясатта күрөш мурункудай бийлик-оппозиция форматында эле эмес, бийликтеги күчтөрдүн ич ара тиреши менен да коштолору күтүлүүдө.

Жээнбеков шайлоодо президент Атамбаевдин колдоосу жана сүрөөнү менен келгени айтылып, эми анын өлкө башчысы катары дайым артка кылчактап иш кылары күтүлүп жатат.

Жээнбеков Атамбаевдин саясатын улайт

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев дагы Атамбаев 1-декабрда кызматын тапшырганы менен саясаттан толук четтебейт деген пикирде:

«Саясий оюндан чыгып кетүүсү эч кандай күтүлбөйт. Мындан ары Сооронбай Жээнбековдун ар бир кадамы, сүйлөшүүлөрү боюнча тыгыз көз салып, байланышып турат. Менимче, Жээнбековдун өз алдынча болуп кетүүсүнө оңой жол бербейт», - деди серепчи.

Шайлоодо жеңүүчү чыккан Сооронбай Жээнбеков анын талапкерлиги КСДП партиясынын курултайы тарабынан 15-июлда бекиген күндөн тарта Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантарын айтып келген.

Алты жылдык президенттик мөөнөттө ал канча убакыт Атамбаевдин «таасири алдында» болот, аны айтуу кыйын.

«Эми Атамбаев алты жыл көмүскөдө туруп, бардык чечимдерди кабыл алат деген реалдуу эмес. Жээнбеков бир убакыттан кийин кызмат ордуна көнүп, ыйгарым укуктарын аңдап, саясий контексти эске ала баштайт. Анын тегерегинде дагы чечим кабыл алуучу көмүскө адамдар да пайда болот да. Ошолор да чече башташат, кайсы тарапка бийликти консолидация кылып бийликти кеңейтсе болот. Адам фактору деген түшүнүктү да эске алыш керек» - дейт саясат тануучу Эмир Кулов.

Анын пикиринде Жээнбековду бийликке алып келген, ошол эле КСДПнын өзөгүн түзүп жаткан учурдагы адамдар бийликтен четтетилиши мүмкүн. Себеби, Жээнбековдун тегерегине башка жаңы адамдар келбейт деген кепилдик жок.

Жээнбеков-Исаков тиреши мүмкүнбү?

2016-жылы декабрда референдумда кабыл алынган Баш мыйзамда бийик балансы сакталбаганы айтылып келет. Жаңы Конституция боюнча премьер-министрдин ыйгарым укуктары айрым жерлерде президенттикинен да кеңейтилген.

Жаңы Конституция боюнча премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы Конституция боюнча премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген

Бийлик бутактарына тиешелүү болгон жаңы Баш мыйзамдагы беш: 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери азыркы президенттин мөөнөтү бүткөндө, 2017-жылдын 1-декабрынан баштап иштей баштайт.

«Эми шайлана турган президент келсе, азыркы системадагы башкаруу формасында аябай көптөгөн кыйынчылыктарга туш болот. Президент да иштей албайт, премьер-министр да иштей албайт», -деген эле буга чейин президенттикке талапкерлердин бири Таалатбек Масадыков.

Мындан улам, түбү бир партиядан болсо да президент жана аткаруу бийлик ортосунда тиреш болушу мумкүнбү деген да ачык суроо турат.

«Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт»

Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков Жээнбековдун бийликке келиши менен ички саясатта, тышкы экономикалык саясатта деле олуттуу реформаларды күтүүгө болбойт дейт.

«Саясий талаада күчтөрдүн балансы өтө деле өзгөргөн жок, болгону рокировка - орун алмаштыруу болду. Атамбаевдин ордуна Жээнбеков келди. Экөөнү бир адамдай эле карасак болот. Радикалдуу реформаларга баруу үчүн өткөн алты жылдагы аракеттерди карап чыгып, жоопкерчиликти караш керек болчу. Жээнбеков ага бара турган болсо, ал Атамбаевдин кызыкчылыктарына тийип калат» - деди Кадырбеков.

Пикиринде Жээнбеков андай карама-каршылыкка барбайт.

Жээнбековдун оппозициясы ким болот?

Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев салган саясий чийинден өтө алыс кетпеси күтүлүүдө. Бул себептүү ал Атамбаевден оппозиция тарапты саясий мурастап калары айныксыз болуп турат.

Бул шайлоо өнөктүгү бийлик менен оппозициянын саясий эрегиши күчөп турган шартта өттү.

Эң оболу оппозициядагы «Ата Мекен» партиясынын лидери коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылга кесилди. Андан кийин ушул эле партиянын көрүнүктүү өкүлү, мурдакы баш прокурор Аида Салянова беш жылга соттолду. Бул партиянын башка мүчөлөрүнүн дагы башында бүтө элек сот иштери турат.

«Ата мекенчилер» бул шайлоодо Ѳмүрбек Бабановга жан тартып турушту. Эми, балким, алар шайлоодон кийин бийликке бир оппозицияга биригиши да ыктымал дешет.

Жээнбековдон Атамбаевден оппозицияны мурастайбы?

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээнбековдон Атамбаевден оппозицияны мурастайбы?

Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан», Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясы сыяктуу азыркы бийликке каршы маанайдагы башкы дагы ар кандай саясий күчтөр бар экенин айта кетүү керек.

«Ички саясаттагы эң эле негизги маселе бул - Атамбаедин өз оппоненттерине, оппозиция, сынчыларга болгон чабуулу. Жээнбековдун ушул кырдаалга, тенденцияга карата мамилеси кандай болот? Сындай койгон, каршы боло койгон кишилердин барын түрмөгө камоого далалаттанабы? Же тескерисинче компромиске, сабырдуулук жолго тушөбү, бул дагы чоң суроо», - дейт саясат талдоочуу Эмилбек Жороев.

Жээнбековдун шайланышы өлкөдөгү саясий эрегиштин себептерин жойбойт, кайра бул процессти тереңдетиши мүмкүн деп жатышат. Кырдаалдын курчушу же жеңилдеши жаңы шайланган президент канчалык ийкемдүү саясат жүргүзгөнүнө жараша болчудай.