Жабууланган пилдер: Түштүк Чыгыш Азияда жаныбарларды сууктан сакташууда
Түштүк Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө катуу суук жүрүп, мындай шартка көнбөгөн жаныбарларды сууктан аман алып калуу түйшүгү жаралды.

Сүрөттүн булагы, Save Elephant Foundation
Бирманын коругунда бул пилдин баласын жуурканга ороп, жабуулап салышкан.
"Бул аптада Кытайдан ызгардуу суук келди. Таиланд, Мьянма (Бирма) жана Камбоджада абанын температурасы кескин төмөндөп кетти. Мындай аба ырайы бул жерде өтө сейрек болот»,-дейт Пилдерди сактоо фондунун негиздөөчүсү Баан Лао.

Сүрөттүн булагы, Save Elephant Foundation
Түштүк Чыгыш Азиянын айрым өлкөлөрүндө катуу суук жүрүп, мындай шартка көнбөгөн жаныбарларды сууктан аман алып калуу түйшүгү жаралды.

Сүрөттүн булагы, Save Elephant Foundation
Бирманын коругунда бул пилдин баласын жуурканга ороп, жабуулап салышкан.

Сүрөттүн булагы, Save Elephant Foundation
Түн ичинде температура нөлгө чейин түшүп кетүүдө. Бул бой тартып калган пилдер үчүн деле суук болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Save Elephant Foundation
Коруктагы кызматкерлердин бири Би-би-сиге берген маегинде, түн ичинде от жагып коюп, жаныбарлар жылууланып калабы деп үмүт кылып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Save Elephant Foundation
Таиланддагы Чанг Май коругунда дагы пилдерге жабуу жабышты. Коруктагы абанын температура 8 градуска чейин төмөндөгөн.











