You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
2018-жылдагы суу астындагы эң мыкты сүрөттөр
1941-жылы Кызыл деңизде немис авиациясы тарабынан сууга чөктүрүлгөн британдык "Тистлегорм" (SS Thistlegorm) жүк ташуучу кемесинин ичинен тартылган сүрөт "Суу астындагы сүрөттөр" конкурсун жеңип алды.
Кемени тарткан немис фотосүрөтчүсү Тобиас Фридрих - сүрөттү Египеттеги Рас-Мохаммед улуттук паркы жайгашкан жээкте тарткан. Анда жүк тарткан кемедеги Norton 16H мото унааларды "балык-жоокерлер" курчап турат.
"Бул фотону тартуу идеясын көпкө ойлонуп жүрдүм. Бирок муну бир кадр менен тартуу мүмкүн эмес эле. Анткени кеменин ичинде жалпы кадрды тартып алууга орун жок эле. Мен сүрөттөрдүн сериясын тартып алып, панорамманы бириктирип чыктым",-деп түшүндүрөт Тобиас Фридрих.
"Суу астындагы сүрөттөр - 2018" конкурсуна 5000 эмгек келип түшкөн. Конкурстун шарты боюнча 11 номинация ыйгарылат
Грант Томас -суу астындагы эң мыкты сүрөттөрдү тарткан британдык сүрөтчү деп табылды. Эки Ак куунун сууга башын малып турган сүрөтүн ал шотландиялык Лох-Ломонд көлүндө тарткан.
"Ак куулар жемин издеп жүрүшкөн. Мага күтүүгө гана туура келди. Экөө катарлаш башын сууга малганды крамап калышым керек эле",-дейт Грант Томас.
.