Алиев менен Пашинян Абу-Дабиде жолугат: Орусиясыз тил табышууга мүмкүнбү?

Пашинян менен Алиев көп жолу жолуккан, бирок ал ортомчулар аркылуу же саммиттердин алкагында гана өтчү (сүрөт Казандагы БРИКС форумунан)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пашинян менен Алиев көп жолу жолуккан, бирок ал ортомчулар аркылуу же саммиттердин алкагында гана өтчү (сүрөт Казандагы БРИКС форумунан)

Бейшемби күнү Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян биринчи жолу эч кандай ортомчусуз, эл аралык саммиттерден тышкары жолугат.

Эксперттердин айтымында, Абу-Дабидеги жолугушуу эки өлкө өз ара келишимге келүүгө жасаган кезектеги аракети болушу мүмкүн. Бул ирет алар муну Орусиянын катышуусу жок жүргүзүүгө бел байлашты.

Би-Би-Си эки лидер эмнени талкуулай турганын жана алардын тынчтыкка канчалык жакын экенин талдап көрдү.

"Зангезур коридору"

Июнь айындагы жолугушууда Пашинян Эрдоганга өлкөлөр ортосундагы чек аралар кантип ачылышы керектиги тууралуу өз көз карашын билдирген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Июнь айындагы жолугушууда Пашинян Эрдоганга өлкөлөр ортосундагы чек аралар кантип ачылышы керектиги тууралуу өз көз карашын билдирген

Абу-Дабидеги жолугушууда эки өлкө ортосундагы байланышты ачуу, чек араны тактоо жана башка чечиле элек маселелер талкууланат,- деди тарыхчы Жирайр Липаритян.

Ал Азербайжан менен Түркиянын жарашуусу боюнча идеолог жана анын пикирин Армения өкмөтү эске алып келет.

"Менимче, күн тартибине бардык маселе коюлат. Бул ачык сүйлөшүү болот, ал бир гана маселе менен чектелбеген талкуудан да маанилүүрөөк",- деди Липаритян Би-Би-Сиге курган маегинде.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабах үчүн отуз жылдан ашык касташып келген. Бирок азыр бул маселе күн тартибинде жок. 2020–2023-жылдары Азербайжан бул аймакты толугу менен көзөмөлүнө алып, карабахтык армяндар Арменияны көздөй качкан. Ереван болсо бул аймакка болгон доосунан баш тарткан.

Ошентсе да, эки өлкөнүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө. Алардын бири Азербайжанды Нахичеван эксклавы менен байланыштырган жол маселеси. Армениялык саясат талдоочу Тигран Григоряндын баамында, дал ушул маселе Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болмокчу.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баку Армения аркылуу үзгүлтүксүз жол каттамын камсыздаган "Зангезур коридорун" талап кылып келет. Орусия бул процессте өзүн ортомчу катары көрүп, аймактагы байланыштардын ачылышынан пайда тапкысы келген. Бул сүйлөшүүлөргө Орусиянын вице-премьер министри Алексей Оверчук да активдүү катышкан. Москва бул жолду ФСБнын чек ара кызматы көзөмөлдөшүн каалаган.

Бирок Ереван мындай сценарий Армениянын эгемендүүлүгүнө каршы келерин белгилеп, өз аймагы аркылуу өтчү жүктөр милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүшү керек экенин айтып келет. Никол Пашинян бул долбоорго ФСБнын катышуусун каалаган эмес.

Анын ордуна Пашинян "Дүйнөнүн кесилиши" аттуу альтернативдүү долбоорду сунуштоодо. Бул демилге Армениянын Азербайжан жана Түркия менен чек арасын ачып, Мармар жана Каспий деңиздерин, ошондой эле Кара деңиз менен Перс булуңун кыска жол аркылуу туташтырууга мүмкүндүк берет.

Бакунун Кремль менен болгон мамилеси соңку бир жыл ичинде кескин начарлап кетти. Учурда Азербайжан тарап да байланыш жолдорун ачуу маселесине Орусиянын аралашуусун каалабай турганы байкалууда.

"Азербайжан Армения аркылуу негизги аймагын Нахичеван менен байланыштырууда Орусиянын ролун көрбөй турат. Бул эки тарапка тең байланыш маселесин жакшыртып, алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк түзөт"- деди Берлиндеги Карнеги борборунун Орусия жана Евразияны изилдөө борборунун илимий кызматкери Заур Шириев.

Жаңы ыкмага өтүү менен Армения мурда сунуштаган, жүктөрдү текшерүүдө эл аралык коопсуздук компаниясын тартуу сыяктуу компромисс жолдору кайрадан күн тартибине чыкты.

Регионалдык эксперт Олеся Вартанян жазгандай, учурда тараптар мындай механизмди ишке ашырууну Вашингтондун ортомчулугу менен америкалык компаниянын катышуусунда талкуулап жатат.

Ушул эле маалыматты Армениянын журналисти Татул Акопян да жарыялады. Ал Пашинян менен Алиевдин жолугушуусунун так датасын жана ордун биринчи болуп жазган. Бирок Ереван да, Баку да бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине жакын арада кол коюлат деген үмүтүн билдиргени Кошмо Штаттары бул процессте активдүү роль ойноп жатканынын дагы бир далили.

Атын атагысы келбеген армян дипломаты жазында Би-Би-Сиге Ереван АКШ бийлигине Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалдын аякташын Дональд Трамптын өзгөчө тынчтык орнотуу жөндөмүн көрсөтө турган мүмкүнчүлүк катары сунуштоого аракет кылганын айткан.

Түркия да эки өлкө ортосундагы чек аранын ачылышына кызыкдар. Июнда премьер-министр Никол Пашинян Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Стамбулга тарыхый сапар жасаган. Бул жолугушуудан кийин маалымдоо каражаттары Армения аркылуу өтүүчү жолдун компромисстик варианты талкууланып жатканын жазып чыгышкан.

"Анкара тынчтык келишимин жана жолдордун ачылышын каалайт. Бул келишим Түштүк Кавказ геосаясатында жаңы доор жаратат деп үмүт кылат",- дейт Бакудан көзкарандысыз изилдөөчү Шуджат Ахмедзаде.

Бирок ал Анкара Азербайжандын кызыкчылыгына каршы иш кылбай турганын баса белгилейт.

Эгер байланыштар Москванын катышуусу жок ачылса, бул Орусиянын Түштүк Кавказдагы таасирине чоң сокку болот,- деди Тигран Григорян.

Армениянын Конституциясы жана башка темалар

Орусия көптөн бери Азербайжан менен Арменияны элдештирүүгө аракет кылып келген. Эми алар өз алдынча макулдашууга өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия көптөн бери Азербайжан менен Арменияны элдештирүүгө аракет кылып келген. Эми алар өз алдынча макулдашууга өттү

Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишиминин тексти март айында эле макулдашылган, бирок азыркыга чейин кол коюла элек. Азербайжан президенти Ильхам Алиев келишимге кол коюудан мурун бир нече шарттарды коюуда.

Анын негизги талаптары төмөнкүлөр:

  • Армениянын Конституциясын өзгөртүү, анда Толуу Карабах тууралуу эскерилген башка бир документке шилтеме бар;
  • Карабах маселесин жөнгө салуу үчүн түзүлгөн ЕККУнун Минск тобунун толугу менен жоюлушу;
  • Евробиримдиктин байкоочуларын Армениянын чек арасынан чыгаруу.

Пашинян бул талаптардын баарына макул болууга даяр экенин кыйытып, тынчтык келишимине кол коюу менен бирге ЕККУнун Минск тобунан жана европалык байкоочулардан баш тартууну сунуштаган.

Бирок Армениянын Конституциясына байланышкан маселе андан татаалыраак. Аны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү зарыл. Анын 2026-жылдын жай айларына чейин өтүшү күмөн. Андан тышкары, референдумдун жыйынтыгы кандай болору белгисиз.

Эгерде Баку бул шарттан кайра кайтпай, Конституцияны өзгөртүүнү талап кыла берсе, анда тынчтык келишиминин кабыл алынышы жок дегенде бир жылга, же болбосо белгисиз мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн.

"Мен ишенем, бул маселе Конституцияны өзгөртүү менен эле эмес, кандайдыр бир орток келишим аркылуу да чечилиши мүмкүн. Конституцияны алмаштыруу жалгыз жол эмес, жана менимче, Бакуда бул канчалык татаал жараян экенин түшүнүшөт",- деди Жирайр Липаритян Би-Би-Сиге курган маегинде.

Армения альтернативдүү жолдорду сунуштап келет. Мисалы, тынчтык келишимине эки өлкөнүн ички мыйзамдарынан жогору турарын өзүнчө пункт менен киргизүү.

Пашинян ошондой эле келишимге кол коюлгандан кийин, Конституциялык сот бул документ Конституциянын преамбуласындагы, тагыраагы Карабах тууралуу эскертилген башка документке шилтеме жасалган жоболорго каршы келбейт деген чечим чыгарып, Азербайжандын аймактык дооматтар боюнча кооптонуусун жоюшу мүмкүн экенин айткан.

Бул сунуштар Ильхам Алиевди канааттандырабы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок Заур Шириевдин айтымында, эки лидердин эл аралык ортомчуларсыз жолугушуусунун өзү жылыш.

"Бул маселе боюнча жылыш сөзсүз түрдө кандайдыр бир чоң билдирүү жасалат же келишимге кол коюлат дегенди билдирбейт. Менимче, эки тарап өз позицияларын ачык айтып, бири-биринин ниетин жоромолдобой түз сүйлөшкөндүн өзү чоң жылыш", - деди Шириев Би-Би-Сиге.

Шуджат Ахмедзаде болсо Абу-Дабидеги жолугушууда тынчтык келишимине байланыштуу техникалык маселелер - мисалы, ага кол коюунун датасы жана орду талкууланышы мүмкүн экенин айтты.

Липаритяндын баамында, Абу-Дабидеги жолугушуу эң оболу Армения менен Азербайжандын лидерлери дүйнөдө белгисиздик күчөп, бир нече чоң жаңжал жүрүп жаткан шартта да түз байланышта экенин билдирген белги.

«Бүгүнкү күндөгү эл аралык мамилелердин эң мүнөздүү белгиси - алдын ала айтуу мүмкүн эместик болсо керек. Айрымдар мындай туруксуздук менен башаламандыкты креативдүүлүк деп эсептейт. Бирок биздин аймакта өтө узакка созулган башаламандык, жакшы эч нерсеге алып келген жок", — деди тарыхчы.