"Репрессиялык бийлик". Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын кайрылуусу
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдар жөнүндө курч талкууларды жараткан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуунун алдында турганда, "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова Кыргызстандагы эл аралык финансы уюмдарына кайрылып, эгер мыйзам кабыл алынса алардын ишине олуттуу коркунуч алып келерин эскертти.

Дүйшөмбүдө Төлөйкан Исмаилова Дүйнөлүк банктын, Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын, АБРдын Бишкектеги өкүлчүлүктөрүнө жарандык коомдун атынан кайрылуу катын тапшырды. Анда Кыргызстанда иштеген эл аралык финансы уюмдарынын ишине олуттуу тоскоолдук алып келе турган мыйзам кабыл алынганы жатканы айтылат. Ошондой эле адам укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, социалдык кызматтарды аткарууга тоскоол болору баса белгиленген.
"Биз ачыктыктан коркпойбуз, бийликтин өзүнө жаман болот. Анткени репрессиялык бийлик болуп дүйнөгө жаманатты болот. Биз Дүйнөлүк банк, Европа банкы, Азия банкы, силердин мандатыңар бузулуп атат деп айтып атабыз",-деди Төлөйкан Исмаилова.
Жарандык активисттин айтымында, эгер парламенттеги бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып калса, эл аралык финансы институттарынын мандаты өзгөрөт, алар ишин жыйыштырганга туура келет. Ал эми бейөкмөт уюмдардын мамлекеттик органдардын көзөмөлү менен текшерүүлөрүнөн кылы кыйшайбайт.
"Мамлекеттик эмес уюмдар корккон жок, керек болсо келип офиске жатып алышсын. Канча акча каякка кетип жатат, керек болсо үйрөтөбүз менеджментке. Мына биз азыр 13 отчетту беребиз. Эгемендүү аудитти өткөрөбүз. УКМК, Салык кызматы келсе, кайра үйрөтөбүз".

"Жарандык коомго коркунуч"
Азыркы убакта Жогорку Кеңеште каралып жаткан "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары демократиялык эркиндиктерди чектеген репрессиялык укурук деп аташууда.
“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда. Дүйнө коомчулугунун жана жарандык коомдун кескин каршы болгонуна карабастан, Россиянын "чет элдик агенттер" мыйзамдарына окшош долбоорду Жогорку Кеңеш кабыл алуу алдында турат”,- деп айтылат CIVICUS Monitor платформасынын отчётунда.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жөнүндө долбоордо мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынын каржылык жана чарбалык ишмердигин текшере тургандыгы каралган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчёт берүүгө милдеттендирилет.
Эгер коммерциялык эмес уюмдар мыйзам бузган учурда акчалай айып пул салуу жана 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу жазалоо жагы да каралган эле. Бир топ талаш-талкуудан кийин бул жазалоо чарасы долбоордон алынды деп айтылууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Бликендин президент Садыр Жапаровго жазган катында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун "жарандык коомго коркунуч" деп атаган.
"Сиздердин активдүү жарандык коом көптөн бери аймактагы эң күчтүү жана Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу мен сизге Кыргыз парламентинде каралып жаткан аталган мыйзам долбоору боюнча өз тынчсыздануумду билдирүү үчүн кат жазып жатам. Эгер ал кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга оор жарандык жана кылмыш жазалары каралат. Өлкөдөгү демократиянын күчтүү жана негизги аспектиси болгон активдүү жарандык коом коркунучка кептелет", - деп айтылат катта.

"Биздин ички ишибизге кийлигишпегиле"
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз кезегинде АКШнын мамкатчысына узун кат жазып жооп берген. Анын тексттин президенттин басма сөз катчысы расмий жарыялап элге жеткирген.
Садыр Жапаров жооп катында эгемен мамлекет сырттан каржылык колдоо алып жаткан ЖМКлар менен бейөкмөт уюмдарынын ишин көзөмөлгө алып жатканын белгилеп, АКШны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.
АКШнын мамкатчысынын Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу объективдүү маалыматы жок экенин белгилеп, чет элден каржылык колдоо алган айрым бейөкмөт уюмдар жана алардын өкүлдөрү эл ичинде жалган маалымат таратып, ошонун айынан соттошуулар болуп жатканын билдирген.
Ошол себептүү кыргыз мамлекети бейөкмөт уюмдарга акча каяктан, кандай жана кайсы максаттарга жумшаларын көзөмөлдөгөнү жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган мыйзамдын маанисине токтолгон.
"Албетте, чет мамлекеттер каржылаган же чет өлкөлөр катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишине канчалык деңгээлде мамлекеттик контроль болушу керек деген кыргыз мамлекетинин мыйзамдуу кызыкчылыктарынан келип чыккан көйгөй бар.
Сөз кыргыз мамлекети өзүнүн статусуна ылайык ушул өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдарга акча каражаттары кайдан келип жатканын, аларды ким жана кайсыл максаттарга жумшап жаткандыгын көзөмөлгө алууга умтулгандыгы жөнүндө жүрүп жатат".
Президент Кыргызстан карап жаткан мыйзамдын духу АКШда 1939-жылы кабыл алынган "Чет элдик агенттерди каттоо" мыйзамынын концепциясына үндөш экенин белгилеп, "эмне үчүн силерге болот, бизге болбойт" деп суроо койду.
Садыр Жапаров АКШнын тышкы саясатынын башчысын Кыргызстанга келип кырдаалды өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.
"Менин бир эле өтүнүчүм - биздин өлкөнүн ички ишине кийлигишпегиле". (КС)







