Талибандын лидерлери Кабул аэропортунда тарапкерлерин куттукташты

Забихула Мужахид (ортодо) медиаларга кайрылуу жасады

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Забихула Мужахид (ортодо) медиаларга кайрылуу жасады

Талибандын лидерлери Кабул аэропорттунда өз тарапкерлерин куттукташты

Тарик Газнивал, Талибандын пропагандалык сайтын иштетүүчү, вебсайтка куралдуу топтун лидерлери менен тартылган видеолорду чыгарды. Алардын биринде Забихула Мухажид толугу менен аскер кийим кийген куралчандардын тобуна кайрылуу жасып жатканын көрсө болот.

Ал алдындагыларга ыраазычылык билдирип, аларды “көз карандысыз” алып келгени үчүн куттуктап жатканы көрүнөт.

“Силердин курмандыгыңар менен сыймыктанабыз. Бул сиздин жана биздин жетекчилер тарткан кыйынчылыктардын арты менен келди. (Биздин лидерлердин) чынчылдыгы жана чыдамдуулугунун аркасында биз бүгүн көз карандысызбыз”, - дейт ал.

“Ошондуктан мен силерди жана ооган элин куттуктайм. Биз өлкөбүз мындан ары баскынга учурабашын тилейбиз. Биз тынчтыкты, жыргалчылыкты жана чыныгы исламды каалайбыз”.

Ошондой эле, ал талибдерге ооган эли менен “сылык” болуу керектигин айтты:

“Мен өз элиңер менен мамиле кылууда этият болушуңарды суранам. Элибиз көп азап чекти. Ооган эли этият жана аяр мамиле кылууга татыктуу. Ошондуктан, алар менен сылык болгула. Биз алардын кызматындабыз. Биз өзүбүздү аларга таңуулаган жокпуз”.

BBC Pashto кызматыны тарабынан которулду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы