АКШ Кабулдагы ракеталык соккусунан 10 кишинин, анын ичинде 6 баланын өлүшүн иликтейт
Кабул аэропортyна жакын жерде жанкечтиге каршы Американын дрондон сокку уруусунун натыйжасында бир нече жай тургун каза болгон. Бул билдирүүнү Пентагон азырынча талкуулабай турганын айтты.
Кабул аэропортунун жанындагы сокку уруудан бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү, анын ичинен алтоосу жаш балдар каза болгонун жакындары Би-Би-Сиге айтышты.
АКШ куралдуу күчтөрүнүн өкүлү билдиргендей, сокку транспортто бараткан “Ислам мамлекети тобунун” ооган бутагы менен байланышы бар деп эсептелген кишиге багытталган болчу. Ал АКШ күчтөрү жай тургундардын өлүмү боюнча маалыматтарды текшерип жана териштирип жатканын дагы кошумчалады.
Америкалык командирлердин айтымында, дрондон сокку ургандан кийин дагы “экинчи чоң жарылуулар” болгон. Бул ошол жерде жарылуучу заттардын бар экенинен кабар берет. Анын натыйжасында жакын арадагы адамдар жабыр тарткан болушу мүмкүн.
Каза болгон жаш балдардын эң жашы эки жаштагы Сумая, эң улуусу 12-жаштагы Фарзад болгонун туугандары Би-Би-Сиге айтып беришти.
“Бул туура эмес. Бул ырайымсыз кол салуу. Бул туура эмес маалыматка негизделип иштелди”, - деди курман болгондордун тууганы Рамин Юсуфи.
“Эмне үчүн алар биздин үй-бүлөбүздү өлтүрдү? Балдарыбызды? Алар ушунчалык күйүп кеткендиктен алардын денесин, жүзүн тааныбай калдык”.
Дагы бир тууганы Эмал Ахмади Би-Би-Сиге анын эки жаштагы кызы соккудан каза тапканын айтып берди.
Ахмадинин айтымында, ал жана анын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү АКШга эвакуациялоо боюнча арыз жазышып, бул боюнча телефондон чалуу күтүп жатышкан.
Жарылууда каза болгондордун арасында анын тууганы Ахмад Насир да болгон. Ал мурда АКШ күчтөрүндө котормочу болуп иштеген. Башка курман болгондор мурда эл аралык уюмдарда иштеп, АКШга кирүүгө уруксат берген визаларды алышкан болчу.
“АКШ ката кетирди, чоң ката кетирди”, - деп кошумчалады Ахмади.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирбинин айтымында, АКШ маалыматтарды “талашып-тартышууга чамасы жок”.
“Адашпагыла, Жер жүзүндө бир дагы аскердик күч жай тургундарга зыян келтирбөө боюнча АКШдай катуу иштебейт”, - деди ал.
“Биз буга аябай олуттуу маани беребиз. Биздин операцияларыбыздын натыйжасында күнөөсүз адамдар өмүрү менен кош айтышып калган болсо, биз аны ачык эле айтабыз”.
Ал Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортуна “Ислам мамлекети тобунун” афган бутагы “ИМ-К” (Ислам мамлекети, Корасан облусу) тарабынан “чыныгы, так даана жана чукул коркунуч жаралганы” боюнча маалыматтарды коргогондой болду.
Мурдараак АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук башкармалыгы өз билдирүүсүндө дрондон сокку ургандан кийин бир нече “олуттуу жана күчтүү жарылуулар” болгонун айткан.
Аталган жарылуулар ал жерде “адамдардын дагы өлүмүнө жеткирген көптөгөн жарылуучу заттардын болгонуна” ишарат кылат.
Акүйдөн кабарлашкандай, президент Жо Байденге дрондон кол салуу боюнча маалымат берилди.
“Кабул аэропортунда операциялар үзгүлтүксүз уланып жатканы боюнча президентке маалымат берилди. Ал ошол жердеги биздин күчтөрүбүздү коргоо үчүн керек болгондун баарын жасоого артыкчылык берүү үчүн командирлердин аракеттерин эки эселеп бекемдөө боюнча өзүнүн буйругун кайрадан тастыктады”, - деп билдирди Акүйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.
Дүйшөмбү күнкү окуядан бери бир да америкалык же ооган өмүрүнө коркунуч жаралбаганы кабарланды.
АКШ аэропортту чабуулдан коргоо үчүн ракетага каршы жана миномет системаларын орнотту. (EA)







