Талибан: Иштеген аялдар үйдө болушу керек

Паранжачан аялдардын арасында бет ачык турган ооган кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Талибандын өкүлү журналисттерге Ооганстанда иштеген аялдардын коопсуздугун камсыздоочу туура системалар орнотулганга чейин үйдө болушу керектигин айтты.

"Бул кыска мөөнөттүү процедура", - деди басма сөз катчысы Забихулла Мужахид.

2001-жылга чейин Ооганстанды башкарып турганда катаал ислам мыйзамдарынын карманган Талибан тогуз күн мурун өлкөнү толук көзөмөлгө алды.

БУУ талибдердин кыянаттыктары, айрыкча аялдарды чектөөлөрү тууралуу "ишенимдүү" билдирүүлөрү бар экенин баса белгиледи.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет шейшемби күнү аялдардын укуктары "негизги кызыл сызык" экенин айтты.

Ал ооган аялдарынын абалына кайрылып, чектөөлөр кыска мөөнөттүү болорун айтты.

"Биздин коопсуздук күчтөрүбүз аялдар менен иштегенди, кээ бирлери аялдар менен кантип сүйлөшүү керек экенин билишпейт", - деди Мужахид мырза. "Биз толук коопсуздукту камсыздаганга чейин... биз аялдардан үйдө калуусун суранабыз".

Аялдардын укуктары боюнча тынчсыздануусун билдирүү менен бирге, Бачелет айым балдардын аскерге алынып жатканын жана талибдер өлүм жазасын колдонгону тууралуу кабар алганын билдирди. Бул тууралуу ал Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин чукул жыйынында айтты. Жыйынтыгында кеңеш аялдардын жана кыздардын укуктары үчүн "чечкиндүү жоопкерчилик" аларын ырастаган резолюцияны колдоду.

Бирок резолюция көптөгөн укук коргоо уюмдары талап кылган нерсени, тактап айтканда, БУУнун Ооганстан боюнча атайын тергөөчүсүн дайындоо сунушун камтыган эмес.

Талибандын аялдар саясаты

Афганистандын түндүгүнөн эвакуацияланып жаткан кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бийликке кайтып келгенден кийин, талибдер аялдарга жана кыздарга укуктарды жана бир аз сөз эркиндигин убада кылып, бир аз алгылыктуу элес жаратууга аракет кылышкан.

Кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид: “Биз аялдарга карата зомбулук болбойт деп ишендиребиз”, - деген.

“Аялдарга карата эч кандай терс пикирге жол берилбейт, бирок ислам баалуулуктары биздин пайдубалыбыз”.

Ал ошондой эле аялдар коомдук жашоого “ислам мыйзамдарынын алкагында” катыша аларын айткан. Бул иш жүзүндө эмнени билдирери түшүнүксүз бойдон калган. Бирок Кабулга чейин багындырылган шаарларда эски тартиптер кайтып келгени, айрым аймактарда аялдар эркек туугандарынын коштоосу жок үйлөрүнөн чыкпашы керек деп айтылган.

Ооганстандын батышындагы Гератта Талибан согушкерлери университеттин дарбазасын кайтарышып, студент кыздар менен мугалимдердин кампуска кирүүсүнө тыюу салышкан.

Байкоочулардын айтымында, азыр талибдер эл аралык коомчулукту да, үрөйү учкан оогандарды да тынчтандыруу үчүн маалымат өнөктүгүн жүргүзүп жатышат.

Азырынча алардын кепилдиктери аялдар арасында түрдүү сезимдерди жаратууда. (ChS)