"Сирия тынчтыкты каалайт": Асадды кулаткан Абу Мухаммед Жулани Би-Би-Сиге интервью берди

Аль-Шараа

Сириянын де-факто лидери Ахмед аль-Шараа (Абу Мухаммед Аль Жулани) өлкө согуштан чарчаганын, өзүнүн коңшуларына да, Батышка да коркунуч келтирбей турганын айтты. Ал Дамаскта Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Сирияга каршы санкцияларды алып салууга чакырды.

Аль-Шараа эки жумага жетпеген убакыт мурун Башар Асаддын режимин кулатуу жөнүндө өтө тездик менен чечим кабыл алып, ийгиликке жетти. Ал козголоңчулардын альянсында үстөмдүк кылган "Хаят Тахрир аш-Шамдын" лидери жана буга чейин Абу Мохаммед аль-Жулани деген каймана ысымы менен белгилүү болгон.

Ал аталган уюмду террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу керектигин айтты. "Хаят Тахрир аш-Шамды" террордук уюмдардын тизмесине БУУ, АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Орусия жана башка көптөгөн өлкө киргизген. Бул топ 2016-жылы "Аль-Каидадан" өзүнчө бөлүнүп кеткен.

Ахмед аль-Шараа "Хаят Тахрир аш-Шам" террордук уюм эмес экенин айтты. Алар карапайым элге же калктуу конуштарга кол салышкан эмес, деди ал.

Чынында аталган топ өздөрүн Асад режиминин курмандыгы деп эсептейт. Ахмед аль-Шараа билдиргендей, жабыр тарткан кишилерге агрессорлордой мамиле жасоого болбойт.

Аль-Шараа Сирияны Ооганстанга окшогон өлкө болуп калбайт дейт. Анын билдиришинче, бул эки өлкө бири-биринен такыр айырмаланат, салттары башка. Ооганстан уруу-уруу болуп жашаган коомго негизделген. Сириянын болсо менталитети башкача. Тактап айтканда, Аль-Шараа аялдарга билим берүү керек деп ойлойт.

Жулани

"Биздин университеттер Идлибде сегиз жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат. Менимче, бул окуу жайларда окуган аялдардын үлүшү 60 пайыздан ашат", - деди ал.

Сирияда алкоголдук ичимдиктерге уруксат берилеби деген суроого ал төмөндөгүдөй жооп узатты:

"Көп нерсе тууралуу сүйлөөгө менин укугум жок, анткени бул юридикалык маселелер".

Аль-Шараа Сирияда жаңы конституцияны түзө турган укук аалымдарынан турган комитет түзүлөрүн айтууда.

"Алар баарын чечет. Ал эми бийлик башына келген ар бир башкаруучу же президент мыйзамга баш ийиши керек", - деди ал.

Аль-Шараа интервьюнун жүрүшүндө өзүн эркин алып отурду, анын тобу экстремисттик иштерин жасабайбы деп ойлогондорду баары жакшы болот деп ишендирүүгө аракет кылды.

Орус армиясы Сириядан техникаларын чыгарып жатабы?

Хмеймим базасынын 15-декабрда спутниктен тартылган сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Maxar Technologies

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хмеймим базасынын 15-декабрда спутниктен тартылган сүрөтү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сириядагы Хмеймим авиабазасында, ошондой эле орус флоту колдонгон Тартус аскер-деңиз базасынын аймагында активдүүлүк күчөдү. Муну спутниктен алынган жаңы сүрөттөр далилдеп турат.

Орусия Сириядагы аскердик базаларынан чыгып кетүүдө деген сөздөр өткөн ишембиде айтыла баштаган. Бирок Сириянын коопсуздук күчтөрүндөгү ишенимдүү булактардын айтымында, орус күчтөрүн кайра топтоо жана кайра жайгаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат.

Спутниктен алынган жаңы сүрөттөрдө Хмеймим жана Тартустагы базаларда орусиялык аскердик техниканын топтолуп жатканын көрүүгө болот. Транспорттук учактар Хмеймим базасынан техника алып чыгып жаткан болушу мүмкүн.

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) орусиялык аскерлердин санын кыскартуу же Сириядан толук чыгарып кетүү аракети жөнүндө айтып чыкты.

Аталган институттун айтымында, Москва Дамасктын жаңы бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан маалда аскердик техниканы сактык чарасы катары башка базаларга көчүрүп жаткан болушу мүмкүн.

15-декабрда Ил-76 аскердик-транспорттук учактын жанына ондогон аскердик унаа токтотулду

Сүрөттүн булагы, Maxar Technologies

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 15-декабрда Ил-76 аскердик-транспорттук учактын жанына ондогон аскердик унаа токтотулду

2011-жылы башталган жарандык согушта Башар Асаддын бийлигин сактап калуу үчүн Орусия ага жардам берип, чоң масштабдагы техникасын Сирияга киргизген.

Орустардын Сирияда эң маанилүү эки базасы бар. Бирөөсү 1970-жылдары СССР тарабынан түзүлгөн, андан кийин 2012-жылы Орусия тарабынан кеңейтилген жана модернизацияланган Тартус порту. Экинчиси 2015-жылдан бери иштеп жаткан Хмеймимдеги авиа база. Ал жерден орус учактары Асад режиминин каршылаштарына сокку уруп турган.

Бул эки база тең Орусия үчүн негизги стратегиялык объектке айланып, Москванын Жакынкы Чыгышка, Түндүк Африкага жана Жер Ортолук деңизге кирүүсүн жеңилдетип турган.

Эми болсо Асад режиминин кулашы Орусиянын Сириядагы армиясынын келечегин туңгуюкка алып барды. Азыр Москва Сириянын жаңы бийликтери менен сүйлөшүүгө аракет кылууда.

Дүйшөмбү күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "акыркы чечим кабыл алына электигин, учурда Сириядагы кырдаалды көзөмөлдөгөн күчтөр менен байланышта экенин" билдирди. (ErA)