Сүрөт баян: Аргентинанын футболчулары мекенине кайтып келишти

Аргентинанын өкмөтү шейшембини дем ​​алыш күн деп жарыялады - өлкө Аргентина курама командасынын дүйнө чемпионатындагы жеңишин майрамдап жатат.

Шейшемби күнү футболчулар борбор калаа Буэнос-Айресте парадга чыгышты. Улуттук курама команданын оюнчуларын тосуп алуу үчүн он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

“Дүйнө чемпиондору” деген жазуусу бар, үстү ачык эки кабаттуу автобус бактылуу күйөрмандарды аралап өттү.

Бирок бир аз убакыттан кийин автобустун жүрүмүн үзгүлтүккө учуратууга туура келди - өтө көп күйөрмандар (полициянын эсеби боюнча, төрт миллионго чейин) чогулгандан улам, парадды улантуу кооптуу болуп калды.

Лионель Месси жана анын командалаштары полициянын тик учагы менен эвакуацияланды.

Буэнос-Айрестин көчөлөрү эки күндөн бери күйөрмандарга толуп жатат. Шейшемби күнү түштөн кийин Катардан келген улуттук команданы тосуп алгандардын көбү парадды көрүү үчүн кайра үйлөрүнөн чыгышты.

Команда Катардан мекенине дүйшөмбү кечинде кайтты. Алтын кубокту кармаган капитан Лионель Месси учактан биринчи болуп чыкты. Жол боюна тизилип турган эбегейсиз көп адамдар оюнчуларды ташыган автобусту тосуп алышты.

Түн киргенде жеңишти майрамдоо үчүн көчөгө чыккан эл көбөйдү.

Көпчүлүк аргентиналыктарга азыр мындай майрам чындап керек экенин айтышты: өлкө экономикалык кыйынчылыктардан жапа чегип жатат.

Дрон тарткан видеодон элдин санын болжолдоого болот.

Буэнос-Айрестин көчөлөрүнө чыккандардын көбү 1986-жылы улуттук курама командасы менен жеңишке жеткен маркум Диего Марадонаны эскеришти.

Чемпионаттын жүрүшүндө көчөлөргө чоң экрандар орнотулган.

Экрандарда эмне болуп жатканын жакшыраак көрүү үчүн адамдар жол чырактарга жана мамычаларга да чыгышкан.

Бул видеодо Аргентина соңку гол киргизгенде көчөлөрдө эмне болгонун көрүүгө болот.

Аргентинанын капитаны Лионель Мессинин кичи мекени Росариодо атмосфера андан кем эмес кызуу болду. Граффитиде Месси "башка галактикадан келген адам" деп айтылат.

Матчты жаныбарлар да көрүштү.

Жеңилгенине карабай, Францияда курама команданын оюнчуларын да баатыр катары тосуп алышты.

Күйөрмандар Конкорд аянтында фейерверк атышты.

Франциялык футболчулар күйөрмандарына балкондон “салам” айтышты.