М. Ниязов: "Талибдерди эртеби-кечпи тааныш керек"
Акчолпон Койчиева, Би-Би-Си Кыргыз Кызматынын Лондондогу продюсери
Афганистанда Талибан кыймылы бийликке келгенине бир жыл толду. Талибдердин жетекчилиги астында өлкөдө экономикалык каатчылык күчөп, жашоо өзгөрдү. Соңку жылда он миңдеген афгандыктар өлкөдөн чыгып кетти, орто мектептердин эшиги кыздар үчүн жабылды, элди мурдагыдан да катуу жакырчылык басты. Бирок кырк жылдан ашык мезгилден бери биринчи жолу кан төгүүлөр мурдагыдай болбой токтоп, ээ-жаа бербей келаткан коррупциянын да оозу тартылды.
Би-Би-Си Афганистанда бийликке Талибан келгенден кийинки өзгөрүүлөр жөнүндө ой-пикирин сурап, бул өлкөдө мурда Кыргызстандын элчиси болуп иштеген генерал Мирослав Ниязовду маекке тартты.

Сүрөттүн булагы, knews
Би-Би-Си: Афганистан дегенде башынан эле Борбор Азия үчүн коопсуздук маселеси биринчи орунга чыгат. Талибдер келгени конфликт чек аранын ары жагынан бери жакка оойт дегендер болгон. Азыркы абалды кандай деп мүнөздөйсүз?
Мирослав Ниязов: Талибдер келгенден бери коопсуздук маселеси жакшы чечилип жатат. Мисалы, 2021-жылга чейин жыл сайын Афганистанда 2000дей терракт болсо, азыр биринчи жарым жылдыкта 200 эле терракт болду. Бул жакшы тарабы деп айтсам болот. Учурунда болбоду беле, Афганистандан басып кирген “Өзбекстан ислам кыймылы" , азыр дагы мындай көйгөйлөр бар. Бул “ИГИЛ” (Ислам мамлекети) жагынан алгандагы коркунуч, бул коркунуч мурда да болгон, азыр дагы бар. Бирок негизи террор, криминал жагынан азыр Афганистан жакшы эле тынчыды.
Би-Би-Си: Бийликке талибдер келгени Талибандын Борбор Азия менен болгон мамилеси өзгөрдүбү? Анын ичинде Кыргызстан менен кандай алака куруп жатат?
Мирослав Ниязов: Кыргызстан менен мамиле соода-сатык, алып сатуу жагынан өтө аз эле. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга караганда, биздин соода жүргүзүү эки миллионго жетпеген кымындай товар жүгүртүүбүз бар эле. Ошол эле учурда Өзбекстан, Казакстан менен 800 млн доллар. Түркмөнстан 600 млн доллар, Тажикстан 80 млн долларга соода жүргүзөт эле. Бизде товар айлануу жок десем болот.
Мына бүгүнкү күнү Афганистан менен биз байланыш түзүп, Баткен облусунан 1200 гектар жер алып берип, афгандыктар ал жерде дары чөп өстүрүп, иштетип жатышат. Бул дары чөптүн бир килосу 150 доллар, Европага кетсе 300 доллардан сатыла турган дары чөптөр.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Андан тышкары, биз “Афганистандын ишкер борборун” пландаштырып жатканбыз. Ошондой эле банк жана кымбат таштар бар эмеспи - изумруд, рубин деген, ошолорду иштетебиз деген ойлор бар эле. Кийин талибдер келгенден бери бул токтоп калды. Бирок жакын арада мага кабар келди. Афгандыктар өкмөткө кирип, буга чейин пландалган иштерди жандандырууга аракет кылып жатышат. Иши кылып, акырындап алар менен байланыш түзсөк, жаман болбойт.
Анткени, мен эскертип коеюн, Афганистан өтө бай мамлекет. Жеринин астында байлыктын баары жатат. Учурунда адистер “Литийдин Сауд Аравиясы” болот деп айтышкан. Себеби углеводороддор толгон токой, булар өзүлөрүнө гана эмес, сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Аллюминий, темир, газ деген.
Би-Би-Си: Жогоруда дары чөп тууралуу сөз кылып калбадыңызбы, талибдер өзүлөрү ислам баалуулуктарына, шариятка туура келбейт дегени менен, талибдердин дагы, деги эле дыйкандардын дагы кирешесинин негизги бөлүгү апийим өстүрүүдөн келип жаткандан кийин, апийим өстүрүү улантылып жатат. Бийликке талибдер келгени Кыргызстан аркылуу наркотрафик азайдыбы же көбөйдүбү?
Мирослав Ниязов: Мен айтып коёюн, апийим менен талибдер катуу күрөшүп жатат. Силер билгендей, Афганистан дүйнөдө биринчи орунда эле, 90% апийим Афганистандан чыккан мурун. Афганистан деген бул империя болгон.
Жакында булар чоң жыйын өткөрүштү. Өлкө боюнча бүт аймактардан чакырып, үч миңдей өкүлү келип катышып кетти. Ошондо дагы чечим апийимди өстүрүүгө тыюу салыш керек деген чечим кабыл алышты. Бирок, мына быйыл дагы опиумду жердин баарына айдап салышты кайрадан. Албетте, бул бир жылда бүтпөй турган иш. Бирок акырындык менен булар катуу талап кылып, катуу аракет кылса, мындан кийин Афганистан, мен ойлойм, апийимдин борбору болбой калат го деп.
Би-Би-Си: Сиз эксперттердин пикирине таянып, Афганистандын Сауд Аравия сыяктуу экономикалык өнүгүшүн күчөтүүгө потенциалы бар деп жатасыз. Бирок азыркы учурда, балким, санкциялардын айынанбы же табигый кырсыктардан уламбы, Афганистанда экономикалык каатчылык күчөп турат. Деги талибдер өлкөдөгү экономикалык абалды оңдоп кете алат деп ишенесизби?
Мирослав Ниязов: Талибдерден башка Афганистанда күч жок. Бул ачык эле сөз. Бир дагы күч жок. Эртеби-кечпи, талибдерди тааныш керек. Ошол үчүн булар өзүлөрү өткөргөн жыйынга чакыруу беришти.
“Мамлекетти мына биз кармап турабыз. Ошондуктан жаап салган активдерди ачкыла, биздин бийликти тааныгыла. Биз кадимкидей мамлекетти куруу жолуна чыктык”,-дешти.
Афганистандын бүгүнкү бюджети 500 эле млн доллар. Ошондуктан, булар өтө чоң зарылчылыкта. Ошол жабылган активдерди ачып, финансылык механизмдердин жолдорун ачып бербесе, бул мамлекет өтө кыйын акыбалда жашап жатат.

Би-Би-Си: Талибдер өлкөнү дүйнөдөгү эң коопсуз мамлекетке айлантабыз дешет. Эгерде аялдар коркпой, эркин жүрө албаса, ошол коомду коопсуз деп айтууга болобу?
Мирослав Ниязов: Айтылган жыйында бул маселе дагы көтөрүлдү. Бирок аны колдогон жок. Кыздарга алтынчы класстан кийин окууга тыюу салынды. Жалпы аялдарга бир топ тоскоолдук бар. Анысы чын. Бирок башка бир топ жерлерин жакшы кылып жатышат. Мурда Кабулда чет элдиктерден эч ким эркин басып жүрө алчу эмес. Аларды же уурдап, же өлтүрүп, же жарадар кылып турган учурлар болчу эле. Бүгүн булар криминалды дагы басышты. Шаар кадимкидей тынчып калды. (MD)












