Достордун арасында, бирок кепилдиксиз: Зеленскийди НАТО саммитинде кандай тосуп алышты?

Сүрөттүн булагы, Jakub Porzycki/NurPhoto via Getty Images
НАТОнун саммити расмий түрдө бир нече саат мурун катышуучу өлкөлөрдүн лидерлеринин салттуу кечки тамагы менен башталса дагы, шейшемби күнү кечке көшөгө артында сүйлөшүүлөр жүрдү. Чиновниктер, кеңешчилер жана дипломаттар альянстын коргонуу саясатынын келечеги, АКШнын ролу жана Украинанын перспективалары тууралуу кызуу талкууга түштү.
Киев делегациясы бул жолку жыйынга чоң деле үмүт менен келген жок. Европалык делегаттар Володимир Зеленскийди сыйлуу конок катары тосуп алышты, кечке жуук Гаагага Дональд Трамп учуп келди.
Жамааттык коргонуу системасынын өзөгү болгон Түндүк Атлантика келишиминин бешинчи беренесинин тагдыры боюнча анын түшүнүксүз билдирүүлөрү үч максатка жетүүгө үмүттөнгөн союздаштар арасында кайрадан тынчсызданууга себеп болду.
Альянстын биримдигин көрсөтүп, Украина маселеси боюнча Трамптын кыжырын келтирбөө жана жана аскердик чыгымдар боюнча бир аз ийкемдүүлүккө даяр экенин билдирүү.
Володимир достору менен Трампты күттү
Алгач НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте журналисттердин алдына Украина президенти Володимир Зеленский менен чогуу чыкты.
Зеленский кыска сүйлөп, Батыш өлкөлөрүнө Украинага көрсөтүп жаткан колдоосу жана каржылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Рютте Зеленскийге "Володимир" деп кайрылып, Европа менен Канададагы союздаштарынын Украинага 35 миллиард евродон ашык каражат бөлүү боюнча убадасын эске салды. Бул тизмеге АКШнын кирбей калганы дагы жөн жерден эмес.
"Бул былтыркы жылга караганда көп. Былтыр жыл ичинде 50 миллиард евродон ашуун каражат бөлүнгөн. Быйыл июлга чейин эле 35 миллиард каралып жатат. Андыктан быйыл жылдык сумма былтыркыдан көп болот деп ишенимдүү айтсак болот. Саммиттин жыйынтыктоочу декларациясынын чоо-жайын ачыктай албайм, бирок декларацияда Украинаны, анын ичинде каржылык колдоо боюнча маанилүү формулировкалар камтылат деп ишенсек болот", - деди Рютте.

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Рютте кошумчалагандай, союздаштардын негизги максаттарынын бири - "Владимир Путин бир чарчы чакырым жерин басып алууга батына албай тургандай Украинаны кубаттуу мамлекетке айландыруу".
НАТО менен мамиледе чоң секирикке объективдүү себептерден улам жетишүү кыйын болгондуктан, Киев конкреттүү нерселерге көңүл бура турганын Украин делегациясынын мүчөлөрү ачык эле айтып жатышты.
"Украинага абадан коргонуу системалары керек, Украинага курал керек, Украинага Орусияга каршы кошумча санкциялар, кошумча басым керек. Албетте, булар президенттин (Зеленскийдин) НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушууларынын негизги темалары", - деди Украина президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак журналисттерге.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Бул күнү Зеленский Евробиримдиктин төрагасы Антониу Кошта жана Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен да жолугушту.
НАТО саммитинин алкагында мындай жолугушуунун өзү эле Украина үчүн маанилүү болду. Акыркы мүнөттөргө чейин Володимир Зеленский Нидерландга келер-келбеси белгисиз болуп турган.
Батыш медиасынын маалыматына караганда, НАТО жетекчилиги күн тартибин көбүнчө коргонуу чыгымдарын көбөйтүү маселесине бурганга аракет кылган. Бул Дональд Трампты эң көп тынчсыздандырган маселе, ал Украинаны талкуулоого кызыкдар эмес. Бирок Зеленский баары бир келди жана Евробиримдиктин жетекчилиги ага ачык колдоо көрсөттү.
"Володимир, сен достордун арасындасың",- деп кайрылды ага Урсула фон дер Ляйен.
5-берене үчүн 5 пайыз
Европа лидерлери Гаага шаарында Володимир Зеленскийди тосуп жаткан учурда, Дональд Трамптын учагы Атлантика океанынын үстүндө эле.
Air Force One учагында президент менен кошо бараткан журналисттер андан НАТО уставындагы 5-берене тууралуу пикирин сурашты. Бул беренеге ылайык, альянстын бир мүчөсүнө кол салуу болсо, ал бардыгына жасалган кол салуу катары кабыл алынат.
"Мен адамдардын өмүрүн сактап калууну, коопсуздукту камсыздоону жактаган адаммын. 5-берене боюнча пикиримди ал жакка жеткенден кийин билдирем", — деди ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
НАТО саммити дүйнөгө, эң оболу Владимир Путинге — альянстын биримдигин көрсөтүшү керек эле.
Бирок мүчө өлкөлөр көптөн бери союздаштарына коргонуу чыгымдарын көбөйтүү боюнча басым жасап келген Трамптын позициясынан улам мактана албай турат.
Учурда НАТОго мүчө мамлекеттер коргонууга ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 2 пайызын коротушу керек. Өткөн жылы бул көрсөткүчкө 32 өлкөнүн ичинен 23ү жетти. Дональд Трамптын талабын эске алуу иретинде, альянс бул чекти 5 пайызга чейин көтөрүүгө даяр экени айтылууда.
Бул максатка эң жакын турган өлкө – Польша. Ал былтыр ички дүң продукциясынын 4,1 пайызын коргонууга жумшаган, быйыл болсо 4,7 пайызга жетүүнү көздөп жатат. Ал эми АКШ өзү ИДПнын 3,4 пайызын жумшайт.
Коңшу Украинага каршы согуш баштаган Орусия НАТОну "өтө активдүү милитаризацияга" айыптады.
"Коргонуу чыгымдарын көбөйтүү үчүн коркунучтуу душман - чыныгы желмогуз бар экенин көрсөтүү керек. НАТОнун бул кызматкерлеринин көз карашы боюнча, албетте, биздин өлкө желмогуздун ролуна эң ылайыктуу", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Күтүлүп жаткандай, 5 пайыз тууралуу маселе саммиттин жыйынтык билдирүүсүнө киргизилет жана бул Вашингтондун колдоосун сактап калуу үчүн европалыктар төлөөгө тийиш болгон баа болот.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Альянстын "эң үнөмдүү" мүчөсү Испания болууда. 2024-жылы бул өлкө коргонууга ички дүң продукциясынын (ИДП) болгону 1,28 пайызын короткон. Испаниянын премьери Педро Санчес өз өлкөсү үчүн өзгөчө шарттарды алууга аракет кылып жатат. Бул аракети үчүн ал Дональд Трамптын сынына кабылды.
Санческе берүүгө мүмкүн болгон жеңилдиктер башка мамлекеттер тарабынан да талап кылынышы мүмкүн. Бул маселе шаршембиде өтө турган лидерлердин негизги жыйынында талкууланышы ыктымал.
Европалык жана канадалык союздаштар
Формалдуу түрдө саммиттин негизги темасы Украина эмес, коргонуу чыгымдары болушу керек. Бирок шейшембиде альянстын жана мүчө-мамлекеттердин лидерлери Украинадагы согуш тууралуу коомчулукка да, көшөгө артында да көп сөз кылышты.
Рюттенин билдирүүлөрүнөн кийин Киев каржылык колдоо үчүн биринчи кезекте "европалык жана канадалык өнөктөштөрүнө" таянышы керек экенин ачык эле көрүнүп калды.
Бирок маселе АКШ башка өлкөлөргө караганда Украинага көбүрөп каражат жумшаганында. АКШ бийлиги Киевге снаряддар, миналар, танкка каршы, зениттик, тактикалык жана оперативдүү-тактикалык ракеталар, брондолгон согуштук техникалар менен жардам берип келет.
Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин жардам мурдагыдай көлөмдө уланат дегенге Киев да, Европа да ишене албай турган.
Европа техникалык жактан АКШ сыяктуу эле курал-жарак чыгарууга жөндөмдүү болгону менен, аны ошол көлөмдө жасай албайт.
Ак үй Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү буга чейин бир жолу токтоткон. Бул март айында Овал залында Трамп менен Зеленскийдин ортосундагы талаш-тартыштан кийин болгон. Жолугушуу пайдалуу кендер боюнча келишимдин бузулушу жана украин делегациясынын Вашингтондон шашылыш чыгып кетүүсү менен аяктаган.
Бир нече күндөн кийин Трамп Украинага жардам берүүнү уланта баштады. Бул убактылуу чектөө Киев үчүн кандай кесепеттерди алып келгени тууралуу расмий бийлик да, анын өнөктөштөрү да айткан жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Форумда НАТО өкүлдөрү жардамды токтотуу ыктымалдыгы тууралуу ачык айтышкан жок.
Журналисттер менен баарлашууда НАТОнун эки жогорку даражалуу расмий өкүлү Украинанын өнөктөштөрү абалдын өзгөрүп кетүүсүнө даярбы? Мындай учурда Киев өз алдынча (же европалык өнөктөштөрдүн жардамы менен) АКШдан курал сатып ала алабы? деген суроого түз жооп берген жок.
Ошол эле маалда алар колдоо дароо токтоп калат дегенге негиз жок экенин билдирди. Алардын айтымында, АКШ азырынча Киевге толук көлөмдө аскердик жардам көрсөтүүнү улантып жатат, анын ичинде чалгын маалыматтарын да бөлүшүүдө.
Саммит баштала электе Трамп Украина маселесин талкуулоого таптакыр даяр эместей көрүнгөн. Бирок шейшембиде күтүүсүздөн АКШ президенти Зеленский менен жолугары белгилүү болду. (VO)












