Мэрия: Токторбаевдин "Ош шаарынын борборун Жапалакка көчүрөбүз" дегени түз мааниде айтылган эмес

Сүрөттүн булагы, osh meria
Көкүм-Бий көчөсүнүн ачылыш аземинде мэр Жеңишбек Токторбаевдин "Ош шаарынын борборун Жапалакка көчүрөлү деп жатабыз" деген сөзү түз мааниде айтылган эмес. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ош шаардык мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, мэр келерки жылдан тарта Жапалак айыл аймагына өзгөчө көңүл буруу, базарлар менен соода борборлорунун куруу пландалып жатканын айткысы келген.
"Бул аракет шаардын борбордук бөлүгүндөгү транспорт жана адамдардын кыймылын азайтуу, ошондой эле шаардын чет жакасын өнүктүрүү максатын көздөйт. Ош шаарынын мэриясы жана башка мекеме-ишканалар мурдагыдай эле өз ордунда иштей берет, – деп айтылат билдирүүдө.
Мурдараак, 7-ноябрда аталган калаанын мэри Жеңишбек Токторбаев Көкүм-Бий көчөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, Ош шаарынын борборун Жапалак айылына көчүрүү пландалып жатканын айткан.
Бул көчө шаардын түштүк-батыш тарабындагы Жапалак айылына алып барат. Жаңы көчөнүн узундугу – 3.6 чакырым. Туурасы – 13 метр.
"Кудай кааласа, заманыбыз тынч, эли-журтубуз аман болсо, шаардын борборун Көкүм-Бий жакка көчүрөлү деп жатабыз. Өзүңөр жакшы билесиңер, чоң шаарларда унаа базарлары, чоң-чоң соода борборлору, базарлар шаардын сыртында болот. Ошондуктан шаардын борборун Жапалак айыл аймагына жылдырып, ушул жакка көңүл буралы деп чечтик. Эрте жаздан тарта соода борборлору, дүкөндөр курулат", – деген Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев.
Жапалак айылы Ош шаарынан 5-6 чакырым аралыкта жайгашкан. Бирок шаардын курамына кирет. Бул жерде "Жапалак" ири унаа базары бар.
Ушул тапта Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан Ош шаарынын мэриясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.
Быйыл октябрда Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын бири болгон Оштун 3025 жылдык мааракеси белгилеген. Мунун урматына Ош шаарынын борбордук аянтында 95 метрлик флагшток орнотулуп, туу көтөрүлгөн.









