Америка, Иран, Евробиримдик жана Орусиянын көзүн кызарткан Сюник

- Author, Григор Атанесян
- Role, Би-Би-Си, Сюник облусу
Соңку жылдары Армениянын түштүгүндөгү Сюник облусу Ереван менен Бакунун ортосундагы жаңжалдын жаңы зонасына айланган. Карабак армяндары дал ушул дарбаза аркылуу качышкан эле. Эми эки өлкөнүн лидерлери алардын ортосунда тынчтык орногонун ырасташууда, ал эми Сюникте "Трамптын каттамы" өтөт. Бул АКШнын, Орусиянын жана Евробиримдиктин кызыкчылыктары кесилишкен соода жолунун бир бөлүгү.
"Биз дал ошол Трамптын жолунда турабыз, бул ошондой эле дүйнөнүн кесилиши, жибек жолу, Зангезур коридору жана Сюник дарбазасы катары да белгилүү", - деп колун жайды журналист Марут Ванян.
Тегерегинде Армения менен Ирандын чек арасындагы советтик темир жолдун урандылары. Бул темир жол орус империясынын тушунда эле курула баштаган, кийинчерээк Баку – Ереван темир жол магистралынын бир бөлүгүнө айланган. Азыр бул бутактан рельстердин ондогон метри жана бир нече дат баскан вагондор гана калды.
Терезелери күүлүп түшкөн, ээн калган станциянын бет маңдайында Бакунун комиссары Степан Шаумяндын бюстунан постамент турат. Бюсттун алдында анын башынын сыныктары жатат. Ага караганда аялдын скульптурасы жакшыраак сакталган – же дыйкан аялбы, же жумушчубу белгисиз, анын бир колу гана жок.
Арык чырай, көз айнекчен, дайыма ойлуу жүргөн 42 жаштагы Марут абдан тамашакөй:
"Эмне үчүн армяндар аспиринди жактырбайт, билесиңерби? Себеби ал ооруну басаңдатат!"

Армениянын түштүгүнөн өткөн темир жол 1990-жылдардын башында Тоолуу Карабак үчүн кармаш башталганда талкаланган. Арадан 30 жыл өткөндөн кийин Азербайжан талаштуу аймактын үстүнөн көзөмөлдү кайрадан өзүнө кайтарганда, ошол замат эле тынчтык орноп калган эмес.
Президент Илхам Алиев Сюник аркылуу коридор өткөрүүнү талап кылган, аны Зангезур деп да атап коюшат – долбоордун баштапкы аталышы "Зангезур коридору" болчу. Бул коридор Азербайжанды Нахичевань эксклавы менен байланыштырышы керек эле.
Армениянын премьер-министри Никола Пашинян Армения аркылуу өткөн жүктөргө чек ара жана бажы көзөмөлүн талап кылган, бирок Баку эч кандай текшерүүсүз коридорду каалаган. Маал-маалы менен чек араларда тирешүүлөр орун алып, армяндардын көбү Сюникте да согуш болот деп күтүп калышкан.
Марут 2023-жылдын сентябрында Карабактан Арменияга качканда согуштук аракеттер орун алган бир жерден жаңжалдын чордонуна айланышы ыктымал башка аймакка өттүм деп ойлогон. Ошол кезде жеңгендер менен жеңилгендер орун алмашты – эгерде 1990-жылдары бүтүндөй азербайжан калкы Карабактан бастырып келаткан армян аскерлеринен качып кутулса, эми болсо азербайжан аскерлеринин операциясы Карабактан армяндарды сүрүп чыгарды.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2023-жылы карабак элинин жолунда биринчи токтомо жай дал ушул Сюник облусу болгон, бирок Марут ошол замат эле отурукташып кеткен эмес. Анын туугандары жумуш табууга оңой болот деп, Ереванда орун-очок алышкан, ал эми өзү болсо эки жыл качкын макамында жашап, алты даректи өзгөртүп, акыры Сюникке кайтып келген. Бул жерде жашоо арзаныраак, жашоого көз караштары, үрп-адаттары Карабактыкына жакыныраак, ал эми жергиликтүү калк карабак армяндар сүйлөгөн диалектиде баарлашат.
Бул мезгил аралыгында облус бир кыйла өзгөрдү. Байыркы Горис шаары Тоолуу Карабакка барчу каттамдагы негизги токтомо жай болгон, бирок буга чейин автоунаалар тынымсыз өтүп турган жол азыр тикенектүү зымдарга алып барат.
Бул жолдо Армениянын президенти, орус жана батыш журналисттери түнөгөн чоң мейманкана бош турат. Фойеде жана тепкичтерде жарык жок.
Марут бул мейманканада жашагандардын бири. Ал чоң арзандатуу менен өтө жупуну бөлмөдө жашап турууга уруксат алган. Жылытуу жок, аны бир конок үчүн күйгүзүшпөйт. Өзүнчө акча төлөп, электр жылыткычты алдыртса болот.

Эми Сюниктин келечеги АКШнын президенти Дональд Трампка байланыштуу болуп турат, себеби ал күтүүсүз жерден "Зангезур коридорунун" айланасындагы талашты чечип берди. Август айында Трамп Ак үйдө Армения менен Азербайжандын лидерлерин кабыл алганда тараптар орток пикирге келишкен.
99 жылдык мөөнөткө жолду башкаруу милдети америкалык компанияга өткөрүлүп берилет, ал эми жол "Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трамптын каттамы" (англисче аббревиатурасы – TRIPP) деп аталат. Макулдашууда темир жолдон тышкары газ түтүгүн, мунай түтүгүн жана оптикалык була кабелин тартып келүү каралган.
Ушул тапта Алиев да, Пашинян да "эки өлкөнүн ортосунда тынчтык орноду, мындан ары согуш болбойт" деп ырасташууда. Трамп да Арменияны Албания деп, ал эми Азербайжанды Камбожа деп чаташтырса да, жаңжал бүткөнү тууралуу такай айтып келет.

Чынында, тынчтык келишими түзүлө элек жана 2026-жылдын ортосуна чейин кол коюлары да күмөн. "Трамптын каттамы" кандай болоору да азырынча белгисиз. Алиев армян тараптан коридорго эч кандай текшерүү болбосун деп талап кылганды токтотобу – бул азырынча белгисиз. Бул Пашинян азырынча кабыл алууга даяр эмес жалгыз талап бойдон калууда.
Бирок Трамптын кийлигишүүсү эки өлкөнүн ортосундагы мамилени гана эмес, буга чейин Орусия үстөмдүк кылып келген постсоветтик мейкиндиктеги геосаясий кырдаалды да түп тамырынан бери өзгөртүшү ыктымал.
Сентябрдын этегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия Вашингтон үчүн узак мөөнөттүү кызыкчылыкты жаратат деп билдирди. Сентябрда Мамлекеттик департаменттин дагы бир жогорку даражалуу кызматкери Ереванга келип, АКШ бул каттамдын үстүнөн ишти баштоо үчүн 145 миллион доллар бөлөөрүн жарыялаган.
2020-жылдагы согуштун аягында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин Владимир Путин өзү орус тилинде түзсө, эми болсо кол коюла турган жаңы тынчтык келишиминин тексти Вашингтондо жактырылып, англис тилинде жазылган.
Мындан ары Америка президентинин ысымын алып жүрө турган жолдун ачылышында Москва жетектөөчү ролго умтулуп жаткан, эми болсо мында Орусия үчүн эч кандай роль каралган эмес. Кремль жолду ФСБнын чек ара аскерлери кайтарышы керек деп келген, бирок учурда Азербайжан да, Армения да мындай вариантты четке кагууда.

Москва күтүлгөндөй эле АКШнын Түштүк Кавказдагы активдешүүсүн тынчсыздануу менен кабыл алып, бул үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптады. Бирок Баку менен Еревандагы эксперттер "кастык маанайды" Батыштын айла-амалдары менен эмес, Орусиянын алардын чөлкөмүндөгү катаал саясаты жана Украинадагы согушу менен түшүндүрүшөт.
Сюникте Армениянын эң ири салык төлөөчүсү жайгашкан, ал да орусиялыктарга таандык. Зангезур жез-молибден комбинаты – тоолордо орун алган ири ачык карьер. Европа Биримдигине кирүүгө багыт алганын жарыялаганына карабастан 2022-жылы Никола Пашиняндын өкмөтү комбинатты америкалык жана британиялык санкцияларга кабылган орусиялык миллиардерге жакын компанияларга өткөрүп берүүнү жактырган.
Бирок Орусиянын таасиринен да Ирандын катышуусу кыйла күчтүү сезилет. Сюник – Ислам Республикасы үчүн өзөктүк соода хабы. Жолдордо Ирандын номурлары тагылган жүк ташуучу унаалар өтүп турат, ал эми облустун борбору Капанда телефондон бизнести талкуулап жаткан ирандык ишкерлерди көп көрүүгө болот. Эки өлкөнүн чек арасы Аракс дарыясын бойлой өтөт – дал ушул жерде "Трамптын каттамы" болот.
Вашингтондогу жолугушуудан кийин көп өтпөй эле Ирандын руханий лидеринин кеңешчиси Иран TRIPP долбоорун ишке ашырууга жол бербей турганын билдирип, аны "Дональд Трамптын жалданма аскерлери үчүн көрүстөнгө" айландырарын айтып коркуткан.
Ушул тапта Армения да, Азербайжан да Тегеранды бул долбоор анын кызыкчылыгына коркунуч келтирбейт деп ынандырууга аракет кылып жатышат. Баку менен Ереван Москвадан алыстап, түштүктөгү коңшусу менен жакшы мамилени сактап калууга умтулушууда.

"Трамптын каттамы" боюнча сүйлөшүүлөр жакында гана башталган болсо, ирандык компаниялар Аракс дарыясы аркылуу Армения да, Азербайжанга да жаңы көпүрөлөрдү куруп жатышат. Бул көпүрөлөрдүн бири иш жүзүндө Америка президентинин ысымын алып жүрө турган жолду кесип өтмөкчү.
АКШнын жакында эле Израилдин Иранга каршы согушуна катышуусун эске алганда, америкалык жана ирандык компаниялар Армениянын Сюник аймагында эриш-аркак иштешип кетет деген ыктымалдуулук күмөн жаратууда. Иран ошондой эле Арменияга жаратылыш газын жеткирип турат, ал жерден электр энергиясына айланып, кайра артка экспорттолот.
Чөлкөмдөгү дагы бир оюнчу Европа Биримдиги, келечекте бул жол Орусияны айланып өтүп, Европаны Борбордук Азия жана Кытай менен байланыштырган "Арадагы коридордун" бир бөлүгү боло алат. Сюникте Евробиримдиктин байкоочу миссиясы бар, ал Армения-Азербайжан чек арасындагы элдешүү процессинин сакталышына көз салып турат.
Жакында эле аймакта Франциянын консулдугу ачылды, ал карабак качкындары үчүн социалдык программаларды каржылайт, ал тургай баррикадалардын ар башка тарабындагы формалдуу турумуна карабастан Арменияга курал-жарак да сатат (Франция НАТОдо, ал эми Армения Орусия жетектеген ЖККУнун коргонуу блогунда).
"Армян бийлиги баары жакшы болорун, миллиарддаган инвестиция келерин, жолдор ачылып, Иран, Америка, Европа, Түркия, Азербайжан менен соода кыларыбызды ырастап жатат", - деп жылмайды Марут Ванян. Ал бул божомолдорго ишенүүгө ашыкпай турат.
Сюниктин тургундары акыркы беш жылдан бери жаңы согуш башталабы деген коркуу сезимдери менен жашап келишет. Марут болсо күн сайын YouTube'дан армян эксперттеринин билдирүүлөрүн көрүп турат, алардын көбү Азербайжан Арменияга кайрадан кол салат деп ишенишет. Мында алар Алиевдин 2021-жылдагы маегине, коридорду күч менен жок кылуу убадасына шилтеме жасашат.
Оппозициялык маанайдагы серепчилер жакында согуш болорун божомолдошсо, өкмөткө жан тарткан серепчилер тескерисинче, тынчтык орноп, чек аралар ачылат деп ырасташууда.
Алар "Карабак үчүн кармашты Армениянын кызыкчылыгынан жогору койду" деп Армениянын мурдагы бийлигин сындап келишет.
"Азыр баары тынч. Бирок эртең эмне болорун билбейбиз", - деп үшкүрөт Марут.

Бардык карабактык армяндар үйүнө кайткысы келет. Азербайжан аларды күтүп жатканын, бирок алар Азербайжан жарандыгын кабыл алышы керектигин айтууда. Ал эми армяндар буга даяр эмес. Качкындардын бир бөлүгү азыркыга чейин өч алгысы келет – Орусия же Батыш күтүүсүздөн Азербайжанга каршы Арменияны колдоп берет деген үмүт менен жашашат.
Марут бул жөн гана фантазия экенин түшүнгөнү менен, үйүн унутууга шашылбайт – Горис кичи мекенине жакын болгондуктан ушул жерде жашоону артык көрөт. (ZMa)












