Орток түрк-латын алфавитинин тарыхы, бүгүнү жана эртеңи

Таш балбалдар карт тарыхтын, жазуу-сызуунун бир бөлүгү. Токмоктогу таш балбалдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таш балбалдар карт тарыхтын, жазуу-сызуунун бир бөлүгү. Токмоктогу таш балбалдар

Түрк Академиясы жана Түрк Тил Уюмунун биргелешкен комиссиясынын 11-сентябрда Баку шаарында өткөн жыйынында түрк дүйнөсүнүн 34 тамгадан турган орток алфавити кабыл алынганы жарыяланды.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун 2023-жылкы Астана саммитинде Түркия президенти Эрдоган бирдиктүү алфавитти кабыл алуу боюнча сунуш киргизген. Түрк Академиясы жана Түрк Тил Уюму иштеп чыккан долбоорго ылайык, 1991-жылы окмуштуулар тарабынан сунушталган 34 тамгалуу бирдиктүү түрк алфавити, учурдагы баардык өлкөлөр тарабынан жактырылган. Мындан кийин ушул тамгалар бирдиктүү түрк ариби катары каралат.

Түрк элдеринин араб арибинен латын арибине өтүү тарыхы

Түрк элдери ичинен эң биринчи латын арибине өткөн азербайжандыктар болуп саналат. Азербайжандын окумуштуулар чөйрөсү тээ 1860-жылдары эле "араб арибине негизделген иран тамгасы азербайжан-түрк тыбышына жооп бере албайт" деген негизде пикир айта башташкан. 1920-жылы Советтик Орусияга баш ийдирилген Азербайжан 1922-жылы латын арибин араб ариби менен удаа эле колдоно баштаган.

Түркия араб арибинен латын арибине 1928-жылы өткөн. Түркияда тамгаларды латындаштыруу Осмон мезгилине барып такалат. XVIII кылымда Ибрахим Мүтефрика "Чет элдиктерге түркчө үйрөтүү" деген китепти жазып, алгачкы жолу латын тамгасы менен түркчө китеп даярдалган.

1850-60-жылдары Франция, Англияга барып билим алып келген жаштар Осмон өлкөсү латын арибине өтүшү зарыл деп коңгуроо кага башташкан эле. 1850-жылдары Берлинде элчиликте иштеп, Германияда билим алып кайтып келип, Осмон султан сарайында котормо борборунун директору болуп иштеген Мехмет Мүниф паша 1862-жылы Осмон арибин реформалоо тууралуу билдирүү жасаган.

Жаш түрктөр кыймылынын күч алышы, пантүркчүл пикирдин жайылышы менен айрым окумуштуулар, сабаттуулар араб арибине каршы болуп, аны реформалоо, латынга өтүү тууралуу пикирлерин билдире баштаган.

ХХ кылымдын башында Хусейин Йалчын, Абдуллах Жевдет, Желал Нури сыяктуу бир нече жазуучулар алфавитти реформалоо керек деген пикирлерин билдирип турушкан. Осмон армиясынын башкы кол башчысы, коргоо министри Энвер паша араб алфавитин жабыштырбай бөлөк бөлөк жазууну сунуштап, армия ичинде сыноодон өткөргөн. Биринчи Дүйнөлүк Согуштун башталышы менен бул пикир, аракеттер убактылуу токтогон.

1923-жылы Түркия Республикасы курулгандан кийин республиканын алгачкы Экономика Конгрессеинде алфавитти реформалоо кайрадан күн тартибине коюлган. Бул тема түрк коомчулугунда бир канча жыл талкууда турган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Араб алфавитинин латын алфавитине алмаштырылышына консерватор жана диний топтор каршы чыгышып, алар араб арибинин жоюлушу Түркияны ислам дүйнөсүнөн оолактат деген пикирди карманышкан. Айрымдары практикалык жактан жетишсиз деген жүйөө менен каршы чыгышкан.

Себеби ал убакта латын алфавитинин түрк фонетикасына ыңгайлаштырып колдоно турган тамгалар иштеле элек болчу. Ал эми латындашууну жактаган топ араб ариби түрк тыбышын чагылдырылышына жетишсиз, толук чагылдырып бере албайт деген негизди карманышкан. Мисалы арабчадагы бир эле ﻭ вав тамгасы түркчөдө в, у, о, ү, ө деген тамгалар үчүн, ﻯ йа ариби й, ы, и тамгалары үчүн колдонулган эле.

1926-жылы Баку түркология курултайында Советтик түрк республикаларынын араб арибинен латын арибине өтүү тууралуу чечими Түркиядагы реформачыларга колдоо болгон. Бул курултайга Түркиядан да Фуад Көпрүлү сыяктуу салмактуу окмуштуулар да чакырылган эле.

1928-жылы Ататүрктүн тапшырмасы менен тил комиссиясы түзүлүп, түрк тилине ыңгайлашкан латын ариби иштелип чыгып, расмий колдонууга берилген. Мында осмон-түркчөсүндө колдонулган 35 тамганын ордуна 29 гана латын-түрк тамгасы иштелип чыккан.

Арабчадагы эки к, эки т, эки с, эки х тамгалары бир гана тамга болуп кыскартылган. Осмон мезгилинде колдонулган ң тамгасы колдонуудан алынган. Мунун себебин тилди оңой үйрөнүүгө, айрыкча балдарга жеңил болсун деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле у, ү, о, ө, в тамгалары үчүн өзүнчө тамгалар киргизилген.

Бирдиктүү алфавиттин мааниси

Башка кайтып келсек, бирдиктүү түрк алфавити 1991-жылы 19-20-ноябрда Стамбул шаарындагы Мармара Университетинде орток түрк алфавити боюнча атайын илимий жыйын өткөрүлгөн. Бул жыйынга бүткүл түрк дүйнөсүнүн окмуштуулары катышкан. Жаңы гана эгемендүүлүгүн алып жаткан элдердин бул жыйынга катышып, орток латынга өтүү аракети мактоого татырлык.

Түркия 1989-1990-жылдары Советтер Союзунун ыдырап бара жатканын сезип, 1991-жылыдын апрель-май айларында Советтик түрк республикаларынан бирден түрколог-окмуштууларды Анкарага чакырып, орток түркчө сөздүк даярдаткан. Соңку жарым кылым аралагында орток латын арибине өтүү пикири ушул жерде башталса керек деп ойлойм. Мармара Университетиндеги жыйында орток түрк алфавити деп 34 тамга сунушталган. Буга чейин ушул эле жылы Бакуда орток алфавит үчүн курултай өткөзүлгөн эле.

Көрүнүп тургандай 1991-жылдагы орток арибинде w тамгасы болгон. Ал эми жаңы сунушта w тамгасы чыгарылып, анын ордуна ŭ тамгасы сунушталган. Бирок бул сунушка айрым түрк окмуштуулары макул эместигин билдиришти. Айрымдары ŭ тамгасынын кошулушуна каршы чыгышса, айрымдары w тамагсын чыгарбай эле бул тамганы да кошуп койуш керек эле деген пикирде.

Бул казакчадагы ұлы улуу деген мааниде. Ал эми улы бул уу, ууланган деген мааниде. Дал ушул эки башка сөздөрдү ажыратыш үчүн бул тамга кошулган. Эгер бул кошулбай ордуна й калса анда башкача окулуп калат.

Тамгасы өзбек жана казакчадагы сув, тау, бау, барув, келүв жана башка сөздөр үчүн suw, tow, baw, baruw, kelüw колдонулушу керектигин белгилешет. Жаңы сунушталган бирдиктүү алфавит кыргыз тыбышы үчүн эч тоскоолдук жок. Бир гана 1928-1941-жылдар арасындагы колдонгон жана кийин кыргыз окмуштуулары таарбынан Ж тыбышы үчүн Cc эмес, Jj тамгасын, Ы тыбышы үчүн Iı эмес, Yy тамгасын, Й тыбышы үчүн Yy эмес, Jj колдонуу сунуштары орток түрк алфавитине кирген жок.

Албетте бул калыптанып калган түрк, азербайжан, түркмөн элдери үчүн оңтойсуздукту жаратмак. Орток түрк арибинин кыргыздар үчүн бир пайдасы Əə тамгасынын кириши болду. Кез кезде талкууланып жана сунушталып келген түштүк диалектиндеги бул тыбыш кыргыз тамгасына кирбей калган болчу.

Орток түрк алфавити ар кандай басылмаларды, социалдык тармактардагы билдирүү, жаңылык, макалаларды окшош тыбыштарды бирдей тамга менен окуу мүмкүнчүлүгү жаралганы менен сөздөрдүн баарын түшүнүүгө болот дегенге жатпайт. Анткени азыркы интернет заманында ар кайсыл тилдеги текстерди котормого салып түшүнүп алса болот.

Ансыз да орток түрк алфавити менен жазылган кыргыз, казак сөзүн түрк, азербайжан түшүнбөйт. Же тескерисинче түрк жана азербайжан тилиндеги орток алфавитти кыргыз же казак түшүнбөйт. Орток түрк алфавити түрк дүйнөсүнүн интеграциясына алгылыктуу кадам болуп, мезгил мезгили менен ортого таштай салуучу орток түрк тилин түзүүнүн расмий башаты.

Советтик түрктөрдүн латындашуусу

Советтик тапшырма менен Орто Азия жана Кавказ түрк элдери араб арибинен алгач латын арибине өткөн. 1926-жылы Баку шаарында өткөн Түркология Курултайында латын арибине өтүү боюнча чоң талкуу болгон. Кыргыз АССРи атынан Касым Тыныстанов менен Данияр Базаркулов катышкан.

Бул курултайдан кийин ар бир өлкөдө латынга өтүү үчүн атайын комиссия иш алып барып, тамгаларды түзүп чыгышкан. Кыргыз латын арибин түзүүдө И. Арабаев, К. Тыныстановдор чоң роль ойношкон. Ошентип кыргыздар да башка советтик түрк элдери сыяктуу эле 1927-1940-жылдар аралыгында латын арибине өткөн. Айрым гана тамгалардан айырма болбосо Совет өкмөтүнүн буйругу менен 1941-жылы баардык совет элдери Орусия колдонгон кирилл тамгасына өтүшкөн.

1920-30-жылдары Совет өкмөтүнүн куугунтугу менен чет элге чыгып кетишкен түрк окумуштуулары, Экинчи Дүйнөлүк Согушта немистердин туткунуна түшүп калган түрк элдери, Германияда чыгарган: "Йаш Түркстан", "Миллий Түркстан", "Миллий Адабият", "Түркели" деген журналдарга орток латын ариби менен ар ким өз тилинде макала, чыгарма жазып турушкан. Бул журналдарга Алманбет Саттар, Азамат Алтай, Жакып Төрө уулу аттуу кыргыз азаматтары да макала жарыялап турушкан.

1951-1953-жылдары Германияда орто азиялык түрктөр чыгарган "Түркэли" журналынын 11 санына Чалкан наамы менен латын арибинде Азамат Алтайдын жазган макаласы.

Сүрөттүн булагы, Дастан Раззак уулунун жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1951-1953-жылдары Германияда орто азиялык түрктөр чыгарган "Түркэли" журналынын 11 санына Чалкан наамы менен латын арибинде Азамат Алтайдын жазган макаласы.

Эгемен түрк элдеринин алфавит алмашуусу

Азербайжан 1992-жылы латын арибине өткөн. 29 тамганы дээрлик түрк алфавитин кабыл алып, өздөрүнүн тыбышына ылайыктуу Хх, Ә ә жана Q q тамгаларын кошуп жалпы 32 тамганы бекитип, колдонуп келет. Түркмөнстан 1993-жылы 30 латын тамгасы менен кирилден латынга өткөн. Түркмөнстан да Азербайжан да ш-ş, ч-ç, й-y, ө-ö, ү-ü тамгаларында эски алфавит менен колдонуп, Түркия колдонгон алфавит менен да бирдей болгон.

Эки өлкөдө да 10 жыл аралыгында латын алфавитине калыптануу бүткөн жана кирил арибинен баш тартылган. Татарстан 1999-жылы латын арибине өткөнү менен 2004-жылы Орусия Федерациясынын Конситуциялык соту тарабынан токтотулган. 2013-жылы Татарстан парламенти татар тили жөнүндө мыйзам кабыл алып, криллица мамлекеттик алфавит катары иштей берет, бирок жарандар мамлекеттик органдарга кайрылганда татар жана араб алфавитин колдонууга жол ачып берген.

Өзбекстанда 1993-жылы түрк латын алфавитине негизделген өзбек латын ариби сунушталганы менен 1995-жылы кайрадан өзгөртүлгөн. Ага ылайык Ç-Ч, Ş-Ш, Ğ-га, Ö-Ө, Ñ-Ң, Ɉ-Ж тамгалары Ch, Sh, Gʻ, Oʻ, Ng, J болуп иштелип чыккан жана колдонууга берилген. Жалпысынан 29 тамганы кабыл алышкан.

1942-1945-жылдары Германияда ортоазиялыктар чыгарган "Миллий Түркстан" журналы

Сүрөттүн булагы, Дастан Раззак уулунун жеке архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1942-1945-жылдары Германияда ортоазиялыктар чыгарган "Миллий Түркстан" журналы

Өзбекстан латын тамгасын колдонууда Түркмөнстан менен Азербайжандай боло албады. Анткени өлкө ичинде латын менен кирил бирдей колдонулуп келет. Басылган китептер, ММКлар, афишалар эки арибди тең колдонуп келүүдө. Беш жылдык талкуудан кийин 2023-жылкы өзбек окмуштуулары ч, ш, г, ө, ң тамгаларына кайрадан эски абалына кайтуу боюнча сунуш берген.

Ал эми Казакстан 2017-жылы латын тамгасына өтүү боюнча президенттин жарлыгы чыгып, жаңы казак латын ариби сунушталган. Ал сунуш боюнча ч жана ш тамгаларына келгенде түркчөдөгү эмес англис тилиндеги вариант кабыл алынган.

Бирок 2021-жылкы жаңы сунуш менен бир тамгага бириктирилип, 42 тамгадан турган кирил-казак ариби, 31 казак-латын арибине ылайыкташтырылып иштелип чыккан. Казакстан 2025-жылы толук латын арибине өтүү боюнча максат койсо да бул план көпкө созулчудай болуп турат.

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча кээде гана коомдук сунуштар айтылганы менен мамлекеттик же парламенттик сунуштар боло элек. 2019-жылы Түркиянын Анкара универститетинде иштеген алгачкы кыргыз профессору Гүлзура Жумакунова Кыргызстандын латын арибине өтүүсү боюнча Кыргызстанда илимий кеңешме өткөргөн.

Коомчулукта кызуу талкууга түшкөн бул пикир ошол кездеги президент С. Жээнбеков тарабынан четке кагылган. Ага чейин да айрым бир окумуштуулар бул маселени көтөрүп келишкен. Эгер Казакстан 2025-жылы латынга өтүү жараянын баштаса, көз карандысыз түрк республикаларынан жалгыз Кыргызстан гана кирил алфвитинде калат. Латын арибине өтүүдө Кыргызстандын артта калганы тарыхый чындык.

Жалпы саясий жетекчилик тарабынан бул маселе боюнча сөз козголо элек. Бирок буга чейинки Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын кемчилик, өзгөчөлүк жана тажырыйбаларын эске алып, кыска аралыкта латынга өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ансыз да орто жана жаш муун латын арибин колдоно алат жана окуй алат.

Бул орток алфавит эгемен түрк өлкөлөрүнө гана таандык. Азыркы учурда Иран, Ооганстан, Пакистан, Кытайдагы түрк элдери араб арибин колдонушса, Орусия Федерациясы курамындагылар кирил алфавитинде калышты.

Дастан Разак уулу, (PhD тарых)