Түрк элдердин эл аралык тил форуму
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Бишкекте түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумунда түрк тилдеринин жалпылыктарын изилдөө, орток баарлашуу тилин жана орток алфавит түзүү сыяктуу маселелер талкууланды. Форум түрк тилдүү элдердин саясий ынтымагы жана маданий карым-катышы өр тарткан тарыхый учурга туш келди.

Бишкектеги бул жыйынды мааниси жагынан 1926-жылы Бакуда болгон түркологдордун биринчи курултайына салыштырышууда. Ал эми геосаясий жагынан алганда бул форум түрк элдеринин саясий жана маданий ынтымагы бекемделип жаткан мезгилде болуп жатканы менен дагы маанилүү.
Бул форумга түрк тилдүү өлкөлөрдүн тилчи окумуштуулары, эксперттери, расмий адамдар чогулду. Аны Кыргызстандын мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Түрксой эл аралык уюму уюштуруп өткөрдү. Ораторлордун сөзүндө азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн контекстинде жана жаңы геосаясий кырдаалда түрк элдеринин биригүү процессинде тил менен маданияттын ролу баса белгиленди.
"Түрк дүйнөсүндөгү баалуулук — бул орток маданияты, орток тили болуш керек. Себеби бири-бирибизди түшүнүү иретинде, бири-бирибизге зарылчылык иретинде, бизде болгон мүмкүнчүлүк иретинде бул нерсени өркүндөтүшүбүз керек. Бири-бирибиз менен жакындашуу процесси да орток маданият жана орток тил",- деди Би-Би-Сиге Султан Раев, Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы.
Тилчи илимпоздор, түрколог эксперттер түрк тилдүү өлкөлөрдү бириктирген бир орток баарлашуу тили, орток алфавит жөнүндө сөз кылышууда.

Гүлзура Жумакунова, Анкара университетинин профессору:
“Биз азыр кай жерге барсак дагы орус тили менен сүйлөп катнашып кетебиз го. Ошол сыяктуу бир тил болсо, биргелешүү үчүн, чогулуштарды өткөрүп, изилдөөлөрдү жасаш үчүн, китеп-журналдарды чыгарыш үчүн бир орток тил болуш керек. Ар ким өзүнүн тилин өнүктүрөт, бирок ортодо бир тил болгону дурус”.
Мурдагы союздун курамында болгон түрк тилдүү республикалар көп жыл бою орус тилинин ареалында жашады. СССР тарагандан кийин түрк тилдүү эгемен өлкөлөр чогулуп, саясий деңгээлде жыйын куруп, 1993-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин вице-премьерлеринин ортосунда латын арибине көчүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Андан кийин унификацияланган алфавиттин долбоору сунушталган.
Биринчи болуп Азербайжан, анын артынан Түркмөнстан, Өзбекстан өттү. Казакстан да латын арибине көчүүнү чечти. Бул процесс ар бир өлкөдө ар кандай этапта ишке ашып, өзүнчө бир кыйынчылыктар менен коштолду.

Казакстан менен Өзбекстан
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Казакстанда 2017-жылы Нурсултан Назарбаев 2025-жылга чейин казак тилин кирилл тамгасынан латынга өткөрүү жөнүндө жарлык чыгарган. Андан кийин Казакстандын өкмөтү бул мөөнөттү 2031-жылга жылдырганын кабарлаган.
"Казакстанга келгенде абал аябай чатак. Ачыгын айтыш керек, эки жолу Президенттин жарлыгы чыкты. Эки жолу тең калк кабыл албай койду. Азыр эми үчүнчүсүн киргизип атат",-деди Кадыралы Коңкобаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тил реформасын шашпай, кылдат жүргүзүү керек деп билдирген.
«Бул маселеге абдан олуттуу карашыбыз керек. Кылдат экспертиза керек. Тил саясаты сыяктуу маселеде шашкан болбойт, бул абдан сезимтал маселе»,— деген Токаев Qazaqstan телеканалына.
Өзбекстан латын арибине биринчилерден болуп өткөн, бирок бул процесс бир топ оор болду.
"Латынга өткөнүбүзгө отуз жыл болду. Бир топ эле кыйын болду. Азыр атасы окуган китепти баласы окуй албайт. Баласы окуган китепти атасы окуй албайт. Эң жаманы бизде кирилл тамгасындагы көп китептерди айрым адамдардын туура эмес иши менен макулатурага берип жиберишти. Анын сакташ керек эле. Бир программалык деңгээлде уюштуруп жакшы алып кетпесе, көп проблема чыгат",-деди Өзбекстандан келген жазуучу Нурали Кабул.

"Саясий чечим"
Эгер Казакстан дагы латын тамгасына көчсө, союздан чыккан түрк тилдүү республикалардын ичинен кирилл тамгасында жалгыз Кыргызстан калат. Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралган учурда бир катар депутаттар өкмөт өкүлдөрүн алфавит реформасын жүргүзүүгө, анын ичинде латын арибине өтүүнү тездетүүгө чакырышкан эле.
"Биз эркин мамлекетпиз. Биздин нукура сөздөрүбүз кириллицада туура эмес жазылат. Анан кантип жаштарды тарбиялайбыз. Биздин негизги максатыбыз ата-бабабыздан келген тилибизди качан латын алфавитине өткөндө гана сактап калабыз", — деген депутат Эмил Токтошев.
Ал эми мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев парламенттеги сөзүндө тил маселесинде саясий чечим зарыл экенин билдирген:
"Бүгүнкү күндө түрк тилдүү алты мамлекеттин ичинен биз гана кириллицада отурабыз. Эгер Жогорку Кеңеш, президентибиз баш болуп саясий чечим кабыл алса, биздин окумуштуулар латын графикасына өткөнгө даяр. Бир нече варианттар жасалууда".
Латын алфавитине өтүү боюнча талкуу өлкөдө байма-бай болуп келет. Ал эми Москва менен саясий алакасы бекем расмий бийлик "Кыргызстан үчүн азырынча эрте" деген жообу менен талкууга чекит койгон.
“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”, - деп баса белгилеген Садыр Жапаров.
Мурда баскан жол
Кыргызстандын латын арибин колдонуу боюнча тарыхый тажрыйбасы бар. 2028-жылдан 2040-жылга чейин латын алфавитин колдонуп, ата мекендик согуш башталар алдында кирилл тамгасына көчкөн. Ал эми Кыргызстанды латын тамгасына өткөргөн окумуштуу, биринчи билим берүү комиссары Касым Тыныстанов 1937-жылы кандуу репрессиялар убагында атылып кеткен.
"Касым латын тамгасына өтүүнү биринчи козгоп, элдин сабатсыздыгын тез жоюуда, маданияттын ылдам көтөрүлүшүндө, типографияда арип терүүдө араб тамгасынан латын тамгасы төрт эсе жеңилдик кылары жөнүндө мугалимдердин съездинде, Фрунзедеги окуу жайларында, республикалык түрдүү кеңешмелерде толгон докладдар жасап, "Латын тамгасын эмне үчүн алабыз?" атту көлөмдүү макаласын "Эркин Тоо" газетасынын 1925-жыл, 20-июнундагы 29-санына эң биринчи жазып чыгат",-дейт Фейсбукта тилчи окумуштуу Аттокур Жапанов.
Кирилл тамгасына көчкөндөн кийин Москвадан таңууланган эрежелер боюнча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн бурмалаган алфавит пайда болгон.
"938-жылы Москвада "Жаңы алфавит комитети" деген түзүлүп, токтом чыгарган. Анда ачыктан ачык жазылган: Орус тилинен кирген сөздөр орусча кандай айтылып, кандай жазылса, дал ошондой айтылып жазылат деп. Кыргыз тилине таптакыр жат болгон алты тыбыш киргизилген. Андан бери жазуу эрежелерин бир нече жолу оңдодук. Жазуу эрежелербизди бузуп алып, кайра эскисине өттүк", -дейт түрколог Кадыралы Коңкобаев.
"Кимден качып атабыз?"
Азыркы кирилл тамгасындагы алвафит кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн туура чагылдыра албайт дейт белгилүү түрколог:
"Бул жактан эч кандай саясат издебей, Кыргыз Республикасында дагы кыргыз тилинин табиятын так чагылдырган алфавит куруп, компетенттүү адистерге иштеттирип, өзүнүн тилинин табиятына туура келген жазуу эрежелерин ойлоп чыгыш керек. Ошону туура чагылдырган латын-кыргыз алфавитине өтөт деген үмүтүбүз бар".
Ошол эле убакта илимий коомчулукта дагы бир жаңсыл ой жок, караманча каршы болгондор да көп.
Филология илимдеринин доктору, профессор Кубан Мамбеталиев латын арибине көчүүгө чакыргандардын логикасын көрбөй жатканын айтып келатат:
"1926-жылы Бакуда түркологдордун съезди болуп, Касым Тыныстанов ошол жерге барып араб тамгасынан латын тамгасына өтүү боюнча доклад жасаган. Делегаттарга ошол долбоор таратылган. Ал долбоорду Түркиядан келген окумуштуу Мустафа Кемалга көрсөтүп, ал Түркияны биринчи болуп араб тамгасынан латын тамгасына өткөргөн. Мустафа Кемаль халифаттан качты да. Ал кезде Стамбулда халифаттын ордосу болгон. Ошол халифаттан качып, араб тамгадан качып, мамлекетти Европага жакындатайын деп туруп латын тамгасына өткөн да....А биз кимден качып атабыз? Кирилл тамгасы кыргызга ыңгайлуу болуп калды да. Андан качып, латын тамгасына өтүп, биз Евробиримдикке жакындайбызбы?".
Профессордун жүйөсүндө латын тамгаларын колдонууда ыңгайсыздыкка алып келе турган дагы жактары бар.
"Биз азыр кириллицада калышыбыз керек. Латын тамга бизге ыңгайсыз болуп атат. Латын тамгасында "ы" менен "и" тамгаларынын айырмасы анча деле эмес, бир чекит менен айырмаланат. Анда кандай болот? Сый деген сөздү эмне кылабыз? Билбегендер эмне кылат? Сый деген сий болуп, этиш болуп калып атпайбы. Башкасын айтпай эле коеюн".












