"Курайын десек жер жок". Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу аракети

Сүрөттүн булагы, Ош шаарынын мэриясы
- Author, Альмира Абидинова
- Role, Би-Би-Синин Оштогу кабарчысы
Министрлер кабинетинин алдында атайын комиссия түзүлүп, Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу боюнча долбоор иштелип жаткандыгы айтылды. Жумушчу топтун курамына музейдин жетекчилиги, Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, тарыхчылар, археологдор кирген. Алар буфердик аймакты кыскартуу боюнча атайын сунуш даярдап ЮНЕСКОго жибермекчи.
18-ноябрь Ош шаарынын мэриясы Фейсбуктагы баракчасына атайын түзүлгөн комиссия жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыдыруу учурундагы видеосун чыгарган.
Анда калаа жетекчиси Жеңишбек Токторбаев буфердик аймакты кыскартуу керектигин айткан.
"Курайлы десек жер жок. Бул жерге куралы десек буфердик аймак. Ошондуктан бул маселени чечпесек, анда отура беришибиз керек. Ош өспөшү керек. Ош бийик көтөрүлбөшү керек. Бардыгы эле жеке менчик (Сулайман-Тоонун айланасындагы жерлер). Асмандын башын айтып жатышат. Ошон үчүн, Кудай кааласа, ушул маселе чечилип калса, бул жактан баштап тээ автобекетке чейин укмуш жаңы шаар болуп калат. Жаңы Ош болуп калат", - деди Токторбаев.

Сүрөттүн булагы, Ош шаарынын мэриясы
Буфердик аймак деген эмне?
Ачык булактагы маалыматтарга ылайык, буфердик аймак - Сулайман-Тоону айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдөн коргоп турган атайын зона. Башкача айтканда, ал жерге коммерциялык обьектилерди, көп кабаттуу имараттарды курууга болбойт.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн булагы, Official
Бетон шаар болуп калышыбыз мүмкүн…
Ош шаарынын тургуну, жарандык активист Улан Канат уулу Сулайман-Тоону оптималдаштыруу керек деп эсептейт. Бирок ал тоонун айланасындагы жерлер башаламан курулуштардын очогу болуп калуу коркунучун да эске алуу керек дейт.

"Тырмакчанын ичиндеги оптималдаштыруу болуп калбашы керек. Себеби кандайдыр бир курулуш компаниялардын кызыкчылыгы менен болуп кетсе, анда беш, он жылда эле баарыбызга анын зыяны тийип калуусу мүмкүн. Буфердик аймак болгон үчүн көп курулушчулар шаардын ортосуна көп кабаттуу үйлөрдү тыгыз сала албай келишкен. Эгер ал нерсе (буфердик аймак) алынып кала турган болсо, шаардын ортосу башаламан болуп калуу коркунучу бар. Беш, он жылдан кийин жетекчилер алмашат. Министрликтеги, мэриядагы жетекчилер алмашат. Азыркы демилгелеген адамдардын ою жакшы болушу мүмкүн. Бирок келечекте кандай багытта өзгөрүүлөр болуп кетээри бүдөмүк. Эгер курулуш компаниялардын дымагы күчөп кете турган болсо, көп кабаттуу үйлөр бири-бирине жабыша курулуп, бетон шаары болуп калбайбызбы деген чочулоо бар".
Сулайман-Тоо комплекси мэриянын башкаруусуна өтсө….
Ош шаарынын буга чейинки мэрлери да Сулайман-Тоо музей комплексинин каралбай калгандыгын жүйө келтирип, бир нече ирет аны мэриянын башкаруусуна өткөрүп алуу аракетин кылып көрүшкөн. Бирок алардын аракети майнапсыз болуп келет. Комплекс Маданият, маалымат жана спорт министрлигине караштуу.
Жумушчу топ менен жолугушуу учурунда Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоо комплекси мэриянын башкаруусуна өтсө, тоону абаддаштыруу планы бар экенин да жашырган жок. Ал тоонун жака белин тазалап, көрүстөндөрдү рекультивация кылууну да көздөйт.
"Кудай буйруса Сулайман-Тоо комплекси мэриянын башкаруусуна өтүп калса, сонун кылып тамчылатып сугаруу кылмакпыз, жаңы бактарды отургузмакпыз, көрүстөндөрдүн баарын рекультивация кылып, сыртка алып чыгып, газондорду, гүлдөрдү өстүрүп, кооздоп коймокпуз да".
Деген менен ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык, тоонун жака белинде курулуш ишин жүргүзүүгө жана анын баштапкы көрүнүшүн өзгөртүүгө болбойт.
"Артык кылам деп тыртык кылып албайлы"
Ош шаарындагы эколог Абдижапар Аккулов буфердик аймак чындыгында өтө чоң аянтты ээлеп калганын, аны кыскартуу демилгесин колдоорун билдирди. Болгону калаа бийлиги тоону жашылдандырууда андагы экосистемага зыян келтирбей, ыгын таап иш алып барса дейт.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Буга чейинки айрым жетекчилер, атын атабай эле коеюн. Сулайман-Тоону көрктөндүрөбүз деп оюна келгенин жасап, зыян келтирген учурлар болгон. Азыркы учурда Сулайман-Тоодо гана кездешкен, жоголуп баратып кызыл китепке кирип калган айрым канаттуулардын түрлөрү, көпөлөктөр бар. Айрым көпөлөктөрдү башка жактан кезиктире албайсың. Көгүчкөндөр бар. Өсүмдүктөрдөн байчечекей, тоо пияздары бар. Эндемик дарактардын түрлөрү бар. Бадам, мисте, чие. Ошолорду сактап калуу менен абаддаштырсак", - дейт Аккулов.
Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Анын айланасы эки жол менен белгиленип корголуп турат. Биринчиси корук аймагы деп аталат. Ал тоонун айланасындагы Курманжан-Датка, Навои, Гапар Айтиев көчөлөрү менен курчалган 134,7 гектарды түзөт. Экинчиси буфердик аймак. Ал беш миң гектарга чукул аймакты өзүнө камтып, Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн бир четин, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бир бөлүгүн ээлеп турат.












