Товарларды легалдаштыруу: Ишкерлер үчүн жеңилдикпи же түйшүкпү?

Дордой

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда соода-сатык кылгандарга 2025-жылдын 1-апрелине чейин документтери жок товарларын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындай аракет көмүскө сооданы ачыкка чыгарып, бул багытты мыйзамдуу нукка салууга шарт түзөт деп күтүлүүдө. Бул ишкерлер үчүн жеңилдикпи же кошумча түйшүкпү? Соодагерлер эмне дейт?

"Соодагерлердин иши кыйла жеңилдеди"

Айзада бир нече жылдан бери "Дордой-Моторс" базарында дүңүнөн азык-түлүк сатып иштейт. Ал каттоого алынбаган товарларды мыйзамдаштыруу боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди:

"Бул жерге эки салык кызматкери келип, үйрөтүп жатат. Эсеп-фактурасы жок товарларды жазып, жалпы суммасын чыгарып берүү иши. Азыр легалдаштырып алсаңар, кийин көйгөй жаралбайт деп айтышууда",- деди Айзада.

Ошондой эле ал ЭТТК(электрондук товардык-транспорттук коштомо) колдонбой калгандан тартып соодагерлердин иши кыйла жеңилдегенин кошумчалады.

"Мурун аймактарга товар жөнөтө албай калганбыз. Азыр кыйла оңой болуп калды. Кол менен эле эсеп-фактура жазып берип коесуң. Товарларды легалдаштыруу маселесин башка соодагерлер деле жакшы кабыл алып жатат. Бизге кассалык аппарат аркылуу салык төлөп турсаңар болду деген гана талап коюлууда",- деп кошумчалады сатуучу.

Жол-жобосу кандай?

Дордой

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, бул бир жолу боло турган процедура жана ишкерлер үчүн жеңилдик берүүгө багытталган кадам.

"Мурда айрым ишкерлер товарларды дүңүнөн сатып алганда, аларга тиешелүү документтер берилбей калган учурлар көп кездешкен. Былтыр ушундай шартта иштеген соодагерлерге 10 пайыз өлчөмүндө айып пул салынып, нааразылык чыккан. Мындан улам, мамлекет быйыл 1-апрелге чейин документтери жок товарларды каттоодон өткөрүп, легалдаштырып алууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Ар бир ишкер товарды башка ишкерден сатып алганда, ага электрондук эсеп-фактура толтурулушу керек", - деди Кубанычбек Ысабеков.

Ысабеков легалдаштыруу талабы алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, мунай жана мунай азыктарына, дары-дармек жана зер буюмдарга тиешеси жок экенин айтты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындан тышкары, соттун чечими менен мыйзам бузуу боюнча териштирүүдө турган товарлар дагы бул категорияга кирбейт экен.

"Легалдаштыруу жол-жобосу абдан жөнөкөй. Электрондук эсеп-фактура системасына ишкерлер өз дарегинде кайсы товарлар бар экенин көрсөтүп коюшат. Ири бизнес ээлери бул процессти электрондук түрдө жүргүзүүгө милдеттүү. Ал эми базарларда, орто жана чакан ишкерлик менен алектенгендер кагаз түрүндө дагы толтурууга мүмкүнчүлүк алышат. Өзгөчө режимде иштеген "Дордой", "Кара-Суу" базарлары дагы кагаз түрүндө толтурса болот. Документке болгону товардын аталышы, көлөмү жана суммасы көрсөтүлөт",- деп түшүндүрдү ал.

Салык кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул соода-сатык тармагын иретке келтирүү максатында жүрүп жаткан аракет. Андан тышкары ишкерлердин мыйзамдуу иш алып баруусуна жол ачып, көмүскө экономикадагы товарларды ачыкка чыгарууга жардам болот.

Мындан улам, мамлекеттин кирешесин кеңейип, социалдык-экономикалык туруктуулукка оң таасирин тийгизет. Легалдаштыруу аркылуу ишкерлердин ишмердүүлүгү ачык-айкын болуп, салык төлөө системасы тартипке келтирилет.

Ошондой эле ал легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү 1-апрелге чейин гана бериле турганын эскертет. Эгер бул мөөнөттөн кечигип калса, катталбаган товарлар үчүн базар баасынын 5 пайыз өлчөмүндө айып пул салынат.

"1-апрелден кийин базардан дүңүнөн товар сатып алганда "документ берген жок" деген жүйө кабыл алынбайт. Анткени биз ишкерлер үчүн абдан жөнөкөй жана ыңгайлуу ыкманы киргизип жатабыз. Соода-сатык менен алектенгендер дагы бул жаңы жол-жобо алардын ишин жеңилдетерин белгилеп жатышат",- деди адис.

Ысабеков 1-апрелден тартып соода-сатык менен алектенген чакан жана орто ишкерлик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизүү каралып жатканын кошумчалады.

"Базарларда жана чакан дүкөндөрдө иштеген соодагерлерди массалык түрдө текшерүү планыбыз жок. Бирок бул жеңилдик товарларды легалдаштырбай койсо болот дегендикке жатпайт. Алар дагы сөзсүз ишке ашырышы керек",- деди Кубанычбек Ысабеков.

Ошондой эле буга чейин нааразычылыктарды жараткан ЭТТК 1-апрелден тартып расмий түрдө жоюла турганын кошумчалады.

Экономист Кеңешбек Алимбаевдин пикиринде, бул аракеттер мамлекеттин ачыктыкты камсыз кылуу саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.

Айтымында, ар бир ишкердин негизги милдеттеринин бири салык төлөө жана андан качпоо керек.

"Учурда көпчүлүк ишти ККМ (контролдук-кассалык машина) аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мен да ишкерликти колдойм, анткени ишкерлик өнүкмөйүн экономика алдыга жылбайт. Бирок ишкерлер да өз милдеттерин так аткаруусу керек. Легалдаштыруу бул анчалык деле татаал процесс эмес", – деди ал. (VO)