Z муунунун коомдук сайттарда баштаган акциялары узак мөөнөттүү өзгөрүүлөргө алып келе алабы?

Сүрөттүн булагы, Donwilson Odhiambo / Getty Images
- Author, Луис Барручо
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
- Author, Тесса Вонг
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
Жаштардын нааразылык акциялары Мароккодон Мадагаскарга чейин, Парагвайдан Перуга чейин өтүп жатат. Z мууну (13 жаштан 28 жашка чейинки курактагылар) өкмөттөрдүн ишине нааразылыгын билдирип, өзгөрүүлөрдү талап кылышууда.
Нааразылык акцияларынын катышуучулары жаш болгону менен катар, бул кыймылдар дагы бир жагы менен окшош болууда – нааразылык коомдук сайттарда башталып, ошол жактан шыктанышууда. Анткен менен эксперттер дал ушул өзгөчөлүк акциялардын өзүнөн өзү токтоп калышына себепчи болушу мүмкүн экенин эскертишет.
Мадагаскарда электр энергиясынын жана суунун тартыштыгынан улам башталган нааразылык акциялары өкмөттүн кулашына алып келди. Коррупцияга жана бийликтеги непотизмге каршы демонстрациялар Непалдын премьер-министринин кызматтан кетишине себепчи болду.

Сүрөттүн булагы, Klebher Vasquez / Anadolu via Getty Images
Перуда жаштар автобус жана такси айдоочулары менен бирге коррупциялык жаңжалдарга жана коопсуздуктун начарлашына нааразычылыгын билдирүү үчүн конгресстин имаратына көздөй агылышты. Индонезияда жумушчулар социалдык жөлөкпулдардын азайышына каршы чыгууда.
Ал эми Мароккодо акыркы жылдардагы өкмөткө каршы ири митингдер өтүп жатат, алардын катышуучулары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында өзгөрүүлөрдү талап кылып, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярдыктын алкагында стадиондорго миллиарддаган доллар сарпталганын сынга алышууда.
Бул нааразылык кыймылдардын баарында маалымат алмашуунун, тилектештикти көрсөтүүнүн, иш-аракеттерди координациялоонун жана өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашуунун платформасы катары коомдук сайттар негизги ролду ойноп жатат.
Германиянын Глобалдык жана регионалдык изилдөөлөр институтунун кызматкери Жанжира Сомбатпунсиринин айтымында, санариптик технологиялардын негизинде калыптанган жаштардын нааразылык акциялары 15 жылдан бери уланып келе жатат.

Сүрөттүн булагы, Abu Adem Muhammed / Anadolu via Getty Images
Бул толкунга 2010–2011-жылдардагы Араб жазы, 2011-жылы "Уолл Стритти басып ал" кыймылы, Испаниядагы үнөмдөөгө каршы кыймыл (Indignados) (2011–2012), ошондой эле Таиландда (2020–2021), Шри-Ланкада (2022) жана Бангладеште (2024) демократияны жактаган нааразылык акциялары кирет.

Сүрөттүн булагы, Akila Jayawardana / NurPhoto via Getty Images
"Коррупция абстрактуу көрүнүш болбой калды"
Эл аралык Тынчтык үчүн Карнеги фондунун улук илимий кызматкери Стивен Фельдстайн 2001-жылы Филиппиндеги "Элдик бийликтин" экинчи ыңкылабы маалында SMS билдирүүлөр ойногон негизги ролду баса белгилейт.
"Эл көп катышкан кыймылдар үчүн технологияларды колдонгон жаштар – бул жаңылык эмес", - дейт ал.
Бирок ушул тапта технологиялар өтө жогорку деңгээлде өнүккөнү негизги айырмачылык болуп саналат – мобилдик телефондорду, коомдук сайттарды, мессенжерлерди жана акыркы убакта жасалма интеллектти кеңири колдонгондуктан жаштар үчүн акцияларды уюштуруп, бириге калуу кыйла жеңил болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Prabin Ranabhat / AFP via Getty Images
"Z мууну ушул технологиялар менен чоңойгон – алар ушинтип баарлашат", - деди Фельдштейн мырза.
"Бул муун өзүн кантип уюштуруп жатканы – мунун табигый көрүнүшү болуп саналат".
Сүрөттөр жана посттор мурдагыга караганда көбүрөөк жана тезирээк жайылып, ачууну да, тилектештикти да күчөтүүдө.
Австралиянын улуттук университетинин социологу Афина Чаранн Престо мындай дейт:
"Коомдук сайттар жашоо образы тууралуу постту саясий далилге жана көп учурда иш-аракетке үндөөгө айландырды".
"Коррупция адатта отчеттордо же соттук териштирүүлөрдө айтылып жатканда абстракттуу түшүнүк сыяктуу сезилет, бирок адамдар аны өз түзмөктөрүнөн көргөндө, коррупция конкреттүү көрүнүшкө айланат".
"Эми хансарайлар, спорттук автоунаалар, кымбат баалуу буюмдар түрүндө элитанын артыкчылыктары менен күнүмдүк кыйынчылыктардын ортосундагы ажырым кастыкты жаратууда, себеби коррупция структуралык жана абстракттуу түшүнүккө айланып, көзгө илинип калды".

Сүрөттүн булагы, Instagram / sgtthb
Бул окуя ушул жылдын сентябрь айында Непалда орун алып, нааразылык акцияларына саясатчынын уулу люкс бренддин логотиби бар кутулардан жасалган жаңы жылдык балатынын жанында түшүп, инстаграмга жарыялаган сүрөтү себеп болгон. Ушундай эле окуялар Филиппинде да орун алды.
"Непалдагыдай эле мындай көрүнүш Филиппиндеги жаштарды да козгоду, себеби алар ансыз деле саясий элита өздөрүн эч нерседен чектебей жашай турганын билишчү", - дейт Престо айым.
Ал эми Филиппинде болсо саясатчылар суу ташкынына каршы күрөшкөн долбоорлордон акча уурдап жатканы нааразы маанайга от койгондой болду, себеби бул табигый кырсык барган сайын көбүрөөк адамдардын өмүрүн алууда".

Сүрөттүн булагы, Delphia Ip / NurPhoto via Getty Images
Коомдук сайттар ошондой эле чек аралар аркылуу нааразылык билдирүүнүн тактикасы менен бөлүшүп турууга мүмкүндүк берди.
#MilkTeaAlliance хэштеги – бул 2019-жылы Гонконгдогу нааразылык акцияларынан кийин пайда болгон, жалпы Азиядагы демократияны жактаган кыймыл. Бул кыймыл Мьянмадагы (мурунку Бирма), Таиланддагы жана башка өлкөлөрдөгү активисттер үчүн өз ара байланыш түзүүнүн чордонуна айланды.
Алсак, Таиланддагы демонстранттар гонконгдук митингчилердин "суудай бол" тактикасын өздөштүрүшкөн – алар митинг кайсы жерде, канчада өтөрүн ачык жарыялап, бирок телеграмдагы каналдар аркылуу акыркы мүнөттөрдө митинг өтчү жерди өзгөртүп турушту.
"Бул тактика жарандарга полициянын көзүнө илинип, камакка алынуудан оолак болууга жардам берди", - деп белгилейт Сомбатпунсири айым.
"Күч колдонуу отко май чачкандай болот"

Сүрөттүн булагы, Anusak Laowilas / NurPhoto via Getty Images
Сынчыл жана нааразы маанай интернетте күчөгөн сайын көптөгөн авторитардык режимдер бул көрүнүшкө цензура жана күч колдонуу менен жооп кайтарышууда. Бирок эксперттер мындай репрессиялар көбүнчө тескери натыйжа берип, андан да ири нааразылыктарды жаратаарын эскертишет, айрыкча бийлик колдонгон зомбулук чаралары түз эфирде көрсөтүлгөндө бул коомчулуктун кыжырын ого бетер кайнатат.
2024-жылы Бангладештеги кугуунтуктар мунун айкын мисалы. Бийликтеги "Авами лиг" партиясы бардык жерде интернетти өчүрүп, санариптик коопсуздук жөнүндө мыйзамга ылайык сынчыл маанайдагы адамдардын баарын камакка алып, активист студенттерге ок чыгарды. Бирок полиция атып өлтүргөн студент Абу Саеддин бир гана сүрөтү аны шейитке айландырып, демонстранттардын жаңы толкуну көчөлөргө агып чыкты.

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images
Шри-Ланкада, Индонезияда жана Непалда да окуялар ушундай нукта өнүктү: демонстранттардын өлтүрүлүшү коомчулуктун кыжырдануусун жаратып, демонстранттардын талаптары улам күчөп, айрым учурларда өкмөттү алмаштырууга алып келди.
Бирок коомдук сайттар нааразылык кыймылдарын күчтөндүргөнү менен, ошол эле маалда алар майда топторго бөлүнүп, күч органдарынын алдында аяр абалда калып жатышат.
Сомбатпунсири айымдын айтымында, нааразылык акцияларын уюштурууда структуранын жоктугу "ийкемдүүлүктү жана теңчилик сезимин" камсыз кылат, бирок ошол эле мындай топторго чагымчылар кошулса, зомбулук колдонулса же кыймылдын максаттары өзгөрсө, алар эч нерсе кыла алышпайт.

Сүрөттүн булагы, Anusak Laowilas / NurPhoto via Getty Images
Монархия өкүм сүргөн Таиландда онлайн дебаттар 2020-жылдагы демократияны жактаган кыймылды экиге бөлдү: #RepublicOfThailand сыяктуу хэштегдер жана коммунисттик символдор кошулган посттор ыктымалдуу союздаштарды алыстатты. Непалда жана Бангладеште көп жакшы координацияланбаган демонстрациялар айрым учурларда зомбулук менен аяктап жатат.
Ошол эле учурда, изилдөөлөр көрсөткөндөй, режимдер активисттерге каршы санариптик каражаттарды көбүрөөк колдоно башташты.
"Араб жазынан бери режимдер жасалма интеллектти колдонуу менен активисттердин артынан сая түшүп, цензураны күчөтүп, укуктарды бузган мыйзамдарды кабыл алып, активисттерди тобокелдикке барууга түртүп жатышат", - дейт Сомбатпунсири айым.

Сүрөттүн булагы, Patrick Baz / AFP via Getty Images
Эксперттер коомдук сайттар аркылуу уюштурулган нааразылык акцияларынын узак мөөнөттүү кесепеттерин да талкуулап жатышат.
Гарвард университетинин 2020-жылдагы изилдөөсү көрсөткөндөй, 1980-1990-жылдары зордук-зомбулуксуз өнөктүктөрдүн 65% ийгиликтүү болгон, бирок 2010-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде бул көрсөткүч 34 пайызга түшүп кеткен.
"Мындай кыймылдар өкмөттөрдүн же режимдердин өзгөрүшүнө алып келсе да, узак мөөнөттүү өзгөрүүлөр болот деген кепилдик жок", - дейт Сомбатпунсири айым.
"Нааразылык акциялары Сирияда, Мьянмада жана Йеменде болгондой эле жарандык согушка айланып кетиши мүмкүн: реформалар эски режимдер тургузуп кеткен пайдубалды жок кыла албаса, атаандашкан топтор бийлик үчүн күрөшө баштайт же автократтар кайтып келип, Египеттеги, Тунисте жана Сербияда болгондой эле таасирин күчөтө алышат".
Хештегдердин тышында

Сүрөттүн булагы, FITA / AFP via Getty Images
Фельдштейн мырза:
"Маңызын карай турган болсок, коомдук сайттар узак мөөнөттүү өзгөрүүлөр үчүн эмес.
Кыймылга колдоо көрсөтүү үчүн сиз алгоритмдерге, коомдун нааразылыгына жана хэштегдерге таянасыз.
Өзгөрүүлөр адамдардан бытыранды онлайн кыймылдан узак мөөнөттүү планды жана интернетте гана эмес, реалдуу дүйнөдө да байланыш түзө алган кыймылга өтүүнүн жолун табышын талап кылат".
Эксперттер ошондой эле "гибриддик стратегиялар" зарыл болгонун белгилешет.
Сомбатпунсири айым:
"Бул стратегиялар онлайн активдүүлүк менен иш таштоо жана митингдер сыяктуу нааразычылыктын салттуу формалары менен айкалышууга тийиш.
Жарандык коомдун, саясий партиялардын, институционалдык түзүмдөрдүн жана онлайн кыймылдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоочу кеңири альянстар да маанилүү". (ZMa)












