Трамп чындыгында канча согушту токтото алды?

Трамп
    • Author, Джейк Хортон, Ник Бик
    • Role, BBC Verify

Материалдын англисче түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Украинадагы согушту токтотууга аракет кылып жаткан Дональд Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнөн бери жетишкен тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ийгиликтерин баса белгиледи.

Ал дүйшөмбү күнү Ак үйдө Европа лидерлери менен жолуккан. Алар аны ок атышууну токтотууга үндөгөндө, Трамп жооп иретинде:

"Мен алты согушту токтоттум… бул келишимдердин баарын мен түздүм, атүгүл "элдешүү" деген сөздү колдонгон жокмун", — деди.

Эртеси күнү Трамп токтоттум деп эсептеген согуштардын саны жетиге чыкты.

Трамптын администрациясы ага Нобелдин тынчтык сыйлыгын эбак эле берүү керек болчу деп эсептеп, ал токтотту деген "согуштардын" тизмесин жарыялады.

Айрым согуштар болгону бир нече күн гана созулган, бирок алардын артында узактан берки чыңалуу бар эле. Ошол эле учурда айрым түзүлгөн келишимдердин канчага чейин сакталары дагы деле бүдөмүк бойдон калууда.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык платформасы аркылуу жазган билдирүүлөрүндө "элдешүү" деген сөздү бир нече жолу колдонгон.

BBC Verify — Би-Би-Синин фактыларды текшерүү бөлүмү Трамп атаган жаңжалдарды кылдат изилдеп чыгып, аларды токтотууда АКШ президентинин чыныгы ролу канчалык экенин аныктоого аракет кылды.

Израил менен Иран

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

12 күндүк жаңжал 13-июнда Израил Ирандагы объектилерге сокку ургандан кийин башталган.

Трамптын айтымында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жортуул баштала электе эле аны бул тууралуу кабардар кылган.

АКШ да Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урган. Көптөр бул аракетти жаңжалды токтотууга жакындаткан фактор катары баалаган.

23-июнда Трамп Truth Social платформсына:

"Иран расмий түрдө ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУну баштайт, 12 сааттан кийин Израил да ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУну баштайт, ал эми дүйнө 24 сааттан кийин 12 КҮНДҮК СОГУШТУН РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫГЫН кубануу менен тосуп алат", — деп жазган.

Согуштук аракеттер токтогондон кийин Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи анын өлкөсү жеңишке жеткенин жарыялап, ок атышууну токтотуу тууралуу эч кандай сөз кылган эмес.

Ошондон бери Израил жаңы коркунучтарга жооп иретинде Иранга кайрадан сокку уруусу мүмкүн экенин ачык билдирип келүүдө.

"Ирандын өзөктүк программасын көзөмөлдөө же туруктуу тынчтык орнотуу боюнча эч кандай келишим жок. Ошондуктан бул жерде биз чыныгы согуштун аякташын эмес, ок атышуунун токтогонун гана көрүп турабыз. Бирок мен Трампка баа берем, анткени Израил АКШнын жардамы менен Иранды алсыратканы стратегиялык мааниге ээ болду", — деди Brookings Institution аналитикалык борборунун илимий кызматкери Майкл О'Хэнлон.

12 күндүк жаңжал Ирандын да, Израилдин да объектилерине зыян келтирди (сүрөттө Израилдин Тегерандагы соккусунан ураган имараттын арасындагы ирандыктар. 2025-жыл, 16-август

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 12 күндүк жаңжал Ирандын да, Израилдин да объектилерине зыян келтирди (сүрөттө Израилдин Тегерандагы соккусунан ураган имараттын арасындагы ирандыктар. 2025-жыл, 16-август

Пакистан менен Индия

Бул эки өзөктүк держава ортосундагы чыңалуу ондогон жылдардан бери уланып келет. Бирок быйыл май айында Индия көзөмөлдөгөн Кашмир аймагындагы кол салуудан кийин аскердик аракеттер кайра башталган.

Төрт күндүк өз ара соккулардан соң Трамп Индия менен Пакистан "ТОЛУК ЖАНА ДАРОО ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУга" макул болгонун билдирди.

Анын айтымында, мындай жыйынтык "АКШнын ортомчулугу менен өткөн түнкү узак сүйлөшүүлөрдүн" натыйжасы болду.

Пакистан Трампка ыраазычылык билдирип, кийинчерээк аны "чечкиндүү дипломатиялык аракети" үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөттү.

Ал эми Индия АКШнын таасирин кыйла этият баалады. "Согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр Индия менен Пакистан арасындагы аскердик каналдар аркылуу түздөн-түз жүргүзүлгөн", — деди Индиянын тышкы иштер министри Викрам Мисри.

Руанда менен Конго Демократиялык Республикасы

Эки өлкө ортосундагы көп жылдык касташуу быйыл жыл башында M23 козголоңчул тобу Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы минералдарга бай аймактарды басып алгандан кийин куралдуу кармашка айланды.

Июнь айында Вашингтондо бул эки мамлекет көп жылдык жаңжалды токтотууга багытталган тынчтык келишимине кол койду. Трамптын айтымында, бул келишим алардын жана АКШнын ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүүгө да өбөлгө түзөт.

Келишимдин текстинде Руанда менен Конго мамлекети 2024-жылдын август айында макулдашылган "ок атышууну токтотуу режимин сакташы" керектиги айтылган.

М23 козголоңчулары Руанда менен байланышта деп эсептелет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, М23 козголоңчулары Руанда менен байланышта деп эсептелет

Келишим түзүлгөндөн кийин да тараптар бири-бирин ок атышуу режимин бузду деп айыпташты. Ошол эле учурда Улуу Британия менен АКШ Руанда менен байланышы бар деп эсептеген M23 козголоңчулары тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кетебиз деп опузалашты.

"Конго менен Руанаданын ортосундагы согуштук аракеттер уланууда, демек, элдешүү жараяны күчүнө кирген жок", — дейт Оксфорд университетинде сабак берген тарых профессору Маргарет Макмиллан.

Тайланд жана Камбоджа

26-июлда Трамп Truth Social'да мындай деп жазды:

"Азыр мен Тайланддын убактылуу премьер-министри менен сүйлөшүп жатам, андан ок атышууну токтотууну жана азыр жүрүп жаткан согушту токтотууну да өтүнөм".

Бир нече күнгө созулган чек арадагы кагылыштан кийин эки өлкө "дароо жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга" макул болушту.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү Малайзияда өттү, бирок президент Трамп эки өлкө урушка чекит койбосо, АКШ бийлиги Тайланд жана Камбоджа менен тарифтерди төмөндөтүү боюнча башка сүйлөшүүлөрдү токтоторун эскертти.

Тайланд да, Камбоджа да АКШга ири өлчөмдө товар экспорттойт. Эгер АКШ чектөөлөрдү киргизсе, эки өлкөнүн экономикасы олуттуу түрдө зыян тартат.

7-августта алардын ортосунда чек арадагы чыңалууну азайтууга багытталган макулдашууга жетишилди.

Армения жана Азербайжан

Эки өлкөнүн лидерлери Трамптын тынчтык келишимине жетүүгө кошкон салымы үчүн үчүн аны Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүү керек деп билдиришти.

8-августта Ак үйдө жарыяланган бул келишимдин алкагында Илхам Алиев менен Никол Пашинян АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда Вашингтондо өз ара тынч мамилелер тууралуу декларацияга кол коюшкан.

"Менимче, бул жогорку баага татыктуу. Сүйрү кабинеттеги кол коюу аземи, балким, тараптарды тынчтыкка түрткөн чыгар", — дейт О'Хэнлон.

Быйыл март айында эки өлкөнүн өкмөттөрү дээрлик 40 жылга созулган Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотууга даяр экенин билдиришкен.

Согуштук аракеттер 2023-жылдын сентябрь айында курчуп кеткен. Анда Азербайжан этникалык армяндар жашаган анклавды көзөмөлгө алган.

Август айында Трамп Азербайжандын президенти менен Армениянын премьер-министрин Ак үйдө кабыл алган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Египет менен Эфиопия

Бул жерде Трамп токтото тургандай "согуш" болгон эмес, бирок эки өлкө ортосунда Нил дарыясындагы плотина боюнча көптөн берки чыңалуу бар.

Быйыл жайында "Улуу Эфиопиянын кайра жаралуу плотинасынын" курулушу аяктаган. Египет болсо бул Нил дарыясынан алган суунун көлөмүнө таасир этерин билдирген.

29-июнда, 12 жылдык талаш-тартыштардан кийин, Египеттин тышкы иштер министри Эфиопия менен сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгенин айтты.

Трамп болсо: "Эгер мен Египеттин ордунда болсом, Нилден суу алууну кааламакмын", – деди.

Ал АКШ бул маселени тез арада чечип берерин убада кылды.

Египет Трамптын бул сөздөрүн кубаттады, бирок эфиопиялык аткаминерлер мындай билдирүү чыңалууну гана күчөтөт деп эсептешти.

Египет менен Эфиопиянын ортосундагы пикир келишпестикти жөнгө салуу боюнча расмий келишим түзүлгөн жок.

Сербия менен Косово

27-июнда Трамп бул эки өлкөнүн ортосундагы согуштун алдын алганын айтып:

"Сербия менен Косово жаңжалдашып кете жаздады, бул чоң согушка айланып кетиши мүмкүн эле. Мен аларга: "Эгер согушсаңар, АКШ менен соода болбойт" дедим. Алар болсо: "Анда, балким, мындай кадамга барбайбыз" деп жооп беришти", — деген.

Сербия менен Косовонун мамилеси узак жылдардан бери начар абалда. Бул 1990-жылдардагы Балкан согуштарынын мурасы. Акыркы жылдары эки тараптын ортосундагы чыңалуу кайрадан күчөгөн.

"Сербия менен Косово согушкан да, бири-бирин аткылаган да жок, демек, бул токтотулушу керек болгон согуш эмес", — дейт профессор Макмиллан.

Ак үй бизге Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндөгү дипломатиялык аракеттерди да эске салды: 2020-жылы Сүйрү кабинетте АКШ президентинин катышуусунда эки өлкө ортосунда экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча келишимдерге кол коюлган, бирок ал учурда да алар согуш абалында эмес эле.

Материалды даярдоого Питер Мваи, Шрути Менон жана Ив Вебстер көмөктөштү.