Андаш кени: Кутманованын жүйөөсүнүн салмагы канча?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалганын билдирди.

Динара Кутманованын өзү, анын уулу жана жакындары коррупцияга шектелип жатышат.

Кутманова өзүнүн дарегине мындай дооматтар чыгары менен коомдук сайттагы баракчасында Андаш алтын кени боюнча маселени козгоп чыкты. Мурдагы министр аталган кенди көз боёмочулук жолу менен мамлекеттен тартып алуу аракеттери болуп жатат деди.

Динара Кутманованын айтымына караганда, “Андаш Майнинг компани” мурда кол жууп калган лицензиясын быйыл туура эмес маалыматтардын негизинде кайтарып алганга жетишти.

Лицензия талашы

“2023-жылдын 10-мартында административдик арыздарды караган комиссия мөөнөтүнөн мурда жана тездетилген тартипте “Андаш Майнинг компани” ишканасынын лицензиясын кайра калыбына келтирүү арызын карап, канаттандырганын билип калдым. Бул арыз боюнча материалдарды талап кылып, лицензиялык иш боюнча документтерди изилдейин дедим. Материалдарды изилдегенден кийин бул ишкананын арызында чындыкка төп келбеген маалыматтар бар экенин таап чыктым. Бул арыз боюнча чыккан чечим негизсиз”,- дейт Кутманова. Ал бул тууралуу башкы прокурорго жазган катын Facebook баракчасына жарыялады.

“Андаш Майнинг компани” ишканасынын лицензиясы 2017-жылы токтотулган. Андаш кенин австралиялык “Кентор Голд” компаниясы иштетип, бирок ал жергиликүү тургундардын каршылыгына кабылып, маселе Жогорку Сотко чейин жеткен.

“Андаш бул – алтындын, жездин кени. 2007-жылдан бери эле бул кенди иштетүүгө лицензия беришип, иштетип башташкан. Бул кенди иштетүүгө элдин каршы болгондугу кен айылдан 1,5 километр эле аралыкта. Эл каршы боло бергенинен улам 2011-2012-жылдары лицензиясы жокко чыккан. Биздин айылдын жайыты ошол Андаш кени жайгашкан тоодо болгондугу үчүн да буга каршылык күч”, -деди Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну Алмүрөк Жумагулов.

Жогорку Кеңеш 2011-жылдын июнь айында экологияга зыян келет деген жүйөө менен Андашты жаап, австралиялык “Кентер Голд” компаниясы каржылаган “Андаш майнинг” ишканасынын лицензиясын жокко чыгаруу токтомун кабыл алган. Бирок бул токтом көпкө аткарылбай, компаниянын тагдыры ары же бери болбой, акыры ага Жогорку Сот 2017-жылы чекит койгон эле.

Би-Би-Си маселени тактап алуу үчүн тоо кендеринин лицензицияларын тескей турган мамлекеттик мекемелерге бир канча ирет кайрылганы менен азырынча жооп берише элек.

Андаш эмне кен?

Андаш жез кени Талас районунда. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталында деңиз деңгээлинен 2 миң 600 метр бийиктикте жайгашкан.

Кен 1956-жылы табылып, 1982–1985-жылдары издөө, ал эми 1986–1988-жылдары баа берүү жумуштары жүргүзүлгөн. Андаш кениндеги негизги эки компонент бул: жез жана алтын. Жездин рудадагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы тоннасына 1,83 грамм делет. Кенде болжолдуу түрдө жездин 29 миң 953 тонна, ал эми алтындын 15 тоннадай запасы бар экени айтылат.

Андаш кени алтын, жез эле эмес, минералдарга да бай. Мисалы, кенде халькопирит, малахит, пирит, халькозин, галенит жана башка минералдар бар.

“Андаш кени жергиликтүү элдин каршылыгынан иштетилбей калган. Азыр эми бул кенди иштетүүгө лицензия берилгени тууралуу ачакей маалыматтар чыгып атат. Кандай гана кен болбосун аны иштетүү үчүн атайын долбоор жазылат. Андан кийин ал долбоор тиешелүү мамлекеттик мекемелерден экспертизадан өтөт. Мисалы, экология боюнча милдеттүү экспертизадан өтүп жатканда профилдик министрликтин алдындагы комиссия чечим чыгарып, ал чечимин негиздеп бериши керек. Мындан башка, өнөр жай коопсуздугу деп өзүнчө бир экспертизадан өтүшү керек, кендерди коргоо боюнча дагы бир экспертиза бар. Андан тышкары, кен кайсы жерде жайгашпасын жергиликтүү бийликтен жашыл китеп алышы керек. Лицензия алып эле, аны иштеткенге киришип кетет деген болбойт”,- деди Тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Камчыбек Дүйшөбаев.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча “Андаш майнинг Компани” ЖЧКУ катары былтыр ноябрда кайра каттоодон өткөн, директору - Харченко Владимир Сергеевич. Ишкана быйыл салыктык төлөмдөрдү төлөгөнү да белгилүү болду.

Кутманова эмнеге айыпталып жатат?

Динара Кутманова президент Садыр Жапаровду убагында "Кумтөр" маселесинде катуу колдоп, кийин ал бийликке келгенде жалгыз айым министр болуп иштеп келди.

""Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коёбуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур",- деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот",- деди президент Садыр Жапаров бул туурасында бүгүн улуттук “Кабар” агенттигине берген маегинде.

Соңку жылдары “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого 969 миллион сомдон ашуун акча бөлүнгөн, анын 789 миллиондон ашыгы Жаратылышты өнүктүрүү фонду аркылуу 110 долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке адамдарга жана ишканаларга берилген.

УКМК фонддун акчасы туура эмес коротулгандыгы тууралуу кылмыш ишин козгоду. Шектүү сегиз адам аныкталып, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды, башка шектүүлөр боюнча да иш жүрүүдө.

"Жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда", - деди УКМК.

Айып тагылып, үй камагына алынгандар арасында Кутманованын эжеси жана Жаратылышты өнүктүрүү фондунун адиси, ал эми тергөө абагына камалгандар министрликте мурда иштеген бир катар жетекчи кызматкерлер, фонддун башчысы, бир ишкер жана Кутманованын үй кызматчысы бар экени маалым болду.