You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Аль-Жазиранын” журналистин атып кетишти
Израил армиясынын Батыш жээктеги рейди учурунда “Аль-Жазира” компаниясынын журналистин атып кетишти.
Аль-Жазиранын билдирүүсүнө караганда, Ширин Абу Акле Израил аскеринин огунан каза тапты.
Израил өз кезегинде бир эле убакта палестин согушкерлери дагы ок атышканын билдирип, чогуу иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды, дейт Иерусалимдеги Би-Би-Си кабарчысы Тим Френкс.
Ширин Абу Акле абдан таанымал жана көрүүчүлөрү да, кесиптештери абдан сыйлап сыймыктанган журналист эле.
Ал түндүктөгү оккупацияланган аймак Джаниндеги Израилдин таңкы аскердик рейди жөнүндө кабар алганы кеткенин билдирген. Кабарчы кийип жүргөн бронжилетте “Пресса” деген даана жазуу бар болчу.
Аль-Жазира Израил күчтөрү аны атайын бутага алышканын билдирүүдө. Компания караштуу болгон Катар бул ок атууну “мамлекеттик терроризм” деп атады.
Израиль бийликтери журналистти палестин тараптан атылган октон өлтүрүлгөн болушу мүмкүн, анткени согушкерлер дагы ошол убакта ок жаадырып аткан деп жатат.
Израиль армиясы жакында эле өлкөнүн ичинде болгон чабуулдан кийин Джанинде рейддерди баштаган болчу.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш “Аль-Жазиранын” журналисти, палестин-америкалык журналистиканын ардагери Ширин Абу Акленин өлүмү аны катуу ойго салганын билдирди.
АКШ дагы 51 жаштагы журналисттин өлүмүн айыптап, маркум Ширин Абу Акленин журналистикадагы өзгөчө ордун белгиледи.
Абу Акленин продюсери дагы жараат алып, ал израиль аскерлери "атайылап" ок ачканын айтып жатат.
Ал эми Израилдин премьер-министри журналистке палестиндик согушчандардын огу тийиши мүмкүн экендигин айтууда. (KCh EK)