Эл аралык сот Израилдин Газадагы аракеттери боюнча териштирүү жүргүзөт

Гаагадагы эл аралык сот (ICC) Палестин автоном аймагында аскер кылмышы катталган болушу мүмкүн деген билдирүүлөр боюнча расмий иликтөө башталганын жарыялады.

Иликтөө 2014-жылдын июнунан берки Батыш жээкте, Газа тилкесинде, Чыгыш Иерусалимде болгон окуяларга тиешелүү. Февралда сот анын юрисдикциясы Палестина аймагында дагы колдонулат деген чечим чыгарган. Муну Израил сынга алып, ошол эле маалда палестиналык өкүлдөр кубаттаган эле.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Гаагадагы эл аралык соттун чечимин антисемитизмдин апофеозу жана эки жүздүүлүк деп атаган.

"Сот биздин эр жүрөк, моралдык жактан таза, жер жүзүндөгү эң ырайымсыз террорчулар менен согушуп жаткан жоокерлерди - мына ушулар аскер кылмышкерлери деп чыкты. Фашисттердин жөөт элине каршы жасаган үрөй учурган нерселеринин кайталанышына жол бербөө үчүн түзүлгөн соттун өзү эми жөөт мамлекетине каршы чыкты",-дейт Нетаньяху.

"Палестина элине каршы израилдик баскынчылардын лидерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан, системалуу жана кеңири жайылган кылмыштарды иликтөө керек жана анын актуалдуулугу териштирүү тез арада жүргүзүлүшү зарыл экенин көрсөтөт",-деди Палестин автономиясынын тышкы иштер министри Риад Малик.

Газаны көзөмөлдөгөн "Хамас" тобу дагы соттун чечимин кубаттап, "акыйкатка жетүү үчүн жасалган кадам" деп баалады.

Соттун иликтөөсүндө израилдик армиянын Газадагы аскер операциялары жана Батыш жээктеги жөөт конуштарынын курулушу каралышы мүмкүн. Израилдик тынч конуштарга кол салган палестиналык жоочулардын кылмыш жоопкерчилиги дагы каралышы ыктымал экени эскертилди.

2014-жылы Газадагы палестиналык жоочуларга каршы Израил армиясы өткөргөн ири операцияда эки миңден ашуун палестиналык каза таап, Израил тараптан аскерлер жана жайкын тургундар кошулуп 70 киши өлгөн.