БУУ: Израилдин Батыш жээкти аннекциялаганы расалык бөлүнүүгө алып барат

Бириккен Улуттар Уюмунун элүүгө чукул адам укуктары боюнча эксперттери Израилдин Батыш жээктин айрым аймактарын басып алганы "21-кылымдагы апартеид түзүлүшүнө" алып барат деп сындады.

Эксперттер бул кадам эл аралык мыйзамдарга каршы келет жана "Палестиналык Бантустанга" алып барат деп эскертти. Бантустан Түштүк Арифкадагы бийликте актар отурганда жалаң каралар жашаган аймак эле.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху июлдун башынан тарта Батыш жээкте эл аралык уюмдар мыйзамсыз курулган деп аташкан жөөт конуштарын Израилге кошуп алуу жараяны башталат деп жар салды.

Бул кадам Дональд Трамп түзгөн Израиль-Палестина тынчтык келишимине шайкеш келет. АКШнын президентинин сунушуна ылайык, Палестина Батыш жээктин 70 пайызын, Газанын бүт аймагын ээлеп, Иерусалимдин чыгыш тарабында баш калаасы жайгашкан көз карандысыз мамлекет болот.

Палестиналыктар болсо Батыш Жээк, Газа жана Иерусалимдин чыгыш тарабын толугу менен ээлеп калууну каалайт. Палестинанын лидерлери Трамптын сунушун кескин четке кагып, АКШнын лидери иштеп чыккан келишим Израилди бир тараптуу колдоп, палестиналыктардын тарыхый укугун тебелейт деп билдиришкен.

Израил 1967-жылы болгон согуштан кийин Батыш жээк менен Иерусалимдин чыгыш тарабын басып алган. 2005-жылы болгон кагылышуулардан кийин Израил Газадан аскерлерин чыгарып, жөөт конуштарын талкалап кеткен. Ага карабастан БУУ Израил дагы деле Газаны басып турганын айтууда.

Батыш жээк жана Иерусалимдин чыгышындагы 140 конушунда 600 миң жөөт жашайт. Эл аралык коомчулук жөөт конуштары эл аралык мыйзамдарга каршы келерин белгилеп келет. Бирок Израил менен Трамп администрациясы дооматтарды четке кагууда.

БУУнун эксперттеринин кайрылуусу

"Оккупацияланган территорияларды аннекциялоо Бириккен Улуттар Уюмунун уставына жана Женева конвенциясына каршы келет. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жана Башкы Ассамблеянын согуш же агрессия аркылуу территорияны басып алуу эрежесин бузат",-деп айтылат БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 47 эксперти кол койгон билдирүүдө.

Андан тышкары БУУ Израилдин конуштары Палестина элинин укуктарын тебелеп жатканын, территория аннекциялангандан кийин "бул көрүшүн күчөйт" деп кошумчалады.

"Израил Жер ортолук деңиз менен Иордан дарыясынын ортосундагы территорияны ар дайым көзөмөлдөп турабыз деген убада кылышты. Демек, территория аннекциялангандан кийин эмитен эле орногон адилетсиз реалдуулук ачык көрүнүп калат: эки эл бир аймакта, бир мамлекет алдында жашап, бирок укуктары кескин айырмаланган болот. Башкача айтканда 21-кылымдагы апартеид түзүлүшү орнойт".

Эл аралык мыйзамдар боюнча эксперттер Израил 1980-жылы Иерусалимдин чыгышын, 1981-жылы Сириянын Голан дөңсөлөрүн басып алганда БУУнун Коопуздук кеңеши бул кадамды кескин сындаганын эскертти.

Азырынча Израилдин өкмөтү эч кайрылуу жасай элек. Бирок Израилдин дипломаты жергиликтүү гезитке маек куруп, "билдирүү көйгөйдү чечүүдө же конструктивдүү диолог курууга эч өбөлгө түзбөйт" деп айткан.

Буга чейин Израил бул территория өлкөнү коргоп калууга стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, Батыш жээктин аймагын ээлеп алууга тарыхый жана диний укугу бар экенин билдирген. Ошондой эле Израил бул аймактарды басып алуу Палестиналыктар менен тынчтык келишимине эч тоскоолдук жаратпайт деген пикирде. Себеби азыр болобу же келечектеби тынчтык келишиминде сөзсүз бул аймактар Израилдин территориясына кирүүнү талап кылышат.

Палестинанын Боштондук уюмунун баш катчысы Саеб Эрекат БУУнун эксперттери тараткан билдирүүнү ырастап, "эл аралык коомчулук мыйзамсыз колониализмди токтотуу жоопкерчилигин унутпашы керек" деп кошумчалады.

Талдоочулардын айтымында, Израилдин премьер-министри Нетаньяху эл аралык коомчулук тараптан кысымга алынганына карабастан, АКШдагы президенттик шайлоого чейин бул территорияны аннекциялоону көздөп турат. Себеби президент Трамптын атаандашы Байден, ноябрдагы шайлоодо жеңишке жетсе, АКШнын Израил-Палестинага карата саясатын кескин өзгөртүү зарыл экенин жар салган.