You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ: Израилдин жөөт конуштары мыйзамдуу
АКШ Израил-Палестина маселесиндеги саясатын өзгөртүп, Батыш жээк аймагында курулган жөөт конуштары эл аралык мыйзамдарды бузбайт деп билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Батыш жээктин макамын Израил менен Палестина сүйлөшүү аркылуу чечиши керек экенин маалымдады.
"Бардык тараптын жүйөөсүн карап чыккандан кийин, АКШ "Батыш жээктеги Израилдин жөөт конуштары эл аралык мыйзамдарды бузбайт" деген тыянак чыгарды. Израилдин конуштарын мыйзамсыз деп атоо саясаты иштеген жок, бул саясат тынчтыкка жакындаткан жок",-деди Помпео.
Израил мурдагы президент Барак Обама кабыл алган саясатты өзгөрткөн президент Трамптын чечимин колдоду. Премьер-министр Нетаньяху АКШ бул кадамы менен "тарыхый катаны" оңдоп жатканын кошумчалады.
Басымдуу бөлүгүн палестиналыктар түзгөн Батыш жээк 1967-жылы алты күнгө созулган согуш учурунда Израиль тарабынан жарым-жартылай оккупацияланган. Палестиналыктар Батыш жээк болочоктогу көз карандысыз Палестина мамлекетине таандык болушу керек деп айтышууда.
Израиль менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан палестиналык комиссиянын өкүлү Саеб Эрикат АКШнын кадамы "туруктуулукка, коопсуздукка жана тынчтыкка коркунуч жаратат" деп эскертти. Ошондой эле Эрикат мырза Вашингтон эл аралык мыйзамды "өз билгендик мыйзамдарына өзгөртүүгө" жол ачты деп белгиледи.
Батыш жээк жана Иерусалимдин чыгышындагы жүз кыркка чукул жөөт конуштарында 600 миңге чукул киши жашайт. Эл аралык мыйзам боюнча бул конуштар мыйзамсыз деп табылган, бирок Израил аны четке кагып келет.
Израиль 1967-жылы Чыгыш Иерусалим, Батыш жээк, Газа жана Голан дөңсөөлөрүн оккупациялап алган. 1980-жылы Израиль Чыгыш Иерусалимди, 1981-жылы Голан дөңсөөлөрүн аннексия кылган. Бирок дүйнөнүн көп өлкөлөрү азыркыга чейин бул жерлерди Израилдин аймагы катары тааныбайт. (AT)