“Голостогу” кыргызстандык Александр Волкодавтын жеңиши

32 жаштагы кыргызстандык аткаруучу Александр Волкодав КМШ аймагындагы эң популярдуу “Голос” ырчылар сынагында жеңүүчү болду.

Волкодав

Сүрөттүн булагы, Golos

Россиянын Биринчи каналындагы шоунун бул жолу онунчу сезону өттү. Финалга Казакстандан Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев, Норилскиден Элина Пан жана кыргызстандык аткаруучу чыккан.

Жыйынтыктоочу бөлүк – сынактын финалдык концертинде Волкодав устаты Пелагея менен Arcade ырын аткарышты. Андан кийин кыргызстандык орус ырчыларынын репертуарындагы “Казачья” , “Луч солнца золотого” жана башка чыгармаларды аткарды.

Волкодав бул шоуга соңку үч айдан бери катышып келди, сынактын алгачкы тепкичинде “Supergirl” ыры менен жюриге жаккан.

Берүүнүн жүрүшүндө ал дайым кыргызстандык экенин баса белгилеп, ал эми мекендештери аны аралыктан болушунча колдоп келди. Кечээ сынактын соңку жыйынтыгы түз эфирде чыгарылды.

 Эми Волкодав Universal Music Russia менен контракт түзүп, Россияда гастролдук турларга чыга алат. Мындан тышкары акчалай сыйлыктарга да ээ болот.

2016-жылы “Голосто” дагы бир кыргызстандык ырчы жеңүүчү болгон эле. Анда Кайрат Примбердиев чыгып, үчүнчү орунду алган. (EK)

Кайрат Примбердиев

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кайрат Примбердиев, аткаруучу