Кара-Суу базары кайрадан талашка түштү

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Кара-Суу базары

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Туратали базары" деген ат менен белгилүү Кара-Суу базары

Жыйырма жылга жакын убакыттан бери чырдан башы чыкпаган Кара-Суу базары кайрадан талашка түштү.

Бир аптадан бери кызыл китептерин колуна кармаган ондогон соодагерлер Кара-Суудан борборго келип, президентке жолугуу үчүн Өкмөт үйүнүн эшигин каккылап жаткан чак. Алар “мыйзамдуу сатып алган жерибизди Мамлекеттик мүлк фонду талашууда” деген дооматтарды айтышууда.

Соодагерлердин өкүлү, жарандык активист Калича Умуралиева соттор жерди берүү боюнча мурдагы токтомдордун баарын жокко чыгарып салганын Би-Би-Сиге билдирди.

“2022-жылы Мүлк фонду 13 токтомду жокко чыгарып салган. Сот бүтө элек, ага карабай фонд 5,22 га жерге кызыл китеп алып, ал жерди жеке жактарга берүү үчүн Нурбек Эргешов аттуу адамга тиешелүү ЖЧК менен келишим түзгөн”, - деди Умуралиева.

Кара-Суу базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдында

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Суу базарынын соодагерлери өкмөт үйүнүн алдында

Жарандык активист жалпысынан үч жүзгө жакын адам кызыл китеби болгонуна карабай мүлктөрүнөн ажырап жатканын кошумчалады. Мүлк фондуна таянып ишкерлер менен жер талашып жаткан Нурбек Эргешов ушул тапта базардын жетекчиси.

“Кара-Суу” базарынын айланасындагы чуулуу маселе кышында Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Балбак Түлөбаев базардагы беш гектар жерди мамлекет алып, жеке фирмага берип койгонун айтып чыккан:

“Ошол фирманын ээси ким? Эмне үчүн мамлекет алгандан кийин өзү иштетпейт? Бир кишинин энесине каттатып, ал иштетип атат. Анысы аз келгенсип жанындагы жети гектарды элдерден алып, какшатып, колундагы кызыл китептерин да урган жок. […] Ошол жерде бир фамилия бар экен, аны бул жерден айтпай эле коёюн… Бишкектеги үлкөн адамдардын атын айтып жатыптыр. Мындай башаламандык болбойт, биз буга жол бербейбиз".

Бийлик алмашкан сайын базарда мүлк талаш башталат

Кара-Суу базары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын Кара-Суу базарында мүлк талаш башталат. Соодагерлер менен базар жетекчисинин кезектеги талашы Нурбек Эргешов кызматка келген 2022-жылдан баштап курчуган. Жаңы жетекчи базарды иретке келтирүү максатын айтып, айрым соодагерлер менен болгон ижара келшимдерди токтоткон. Ошондой эле базардын ортосундагы унаа токтоочу жайдын ордуна соода борборун куруу үчүн апасы менен аялынан атына жеке фирма ачып, мамлекет менен 49 жылга келишим түзгөн.

“Негизи базардын жалпы аянты 12 гектар болгон. Бирок биз келгенде үч гектар гана жери калыптыр. Айыл өкмөт жерди басып алып эле өзү ижарага бере берген экен. Биз анын баарын кайра кайтарып алгандан кийин базардын аянты 5,22 гектар болду. Биз соода борбор куралы деп жаткан жер ошонун ичинде. Андан сырткары базардын ич жагына карай жети гектар жерибиз болгон. Аны Мамлекеттик мүлк фонду жакында эле өткөрүп алган. Бул жерлер 2000-2001-жылдары мамлекеттик акты менен сатылып кеткен. Ошол 2000-жылдары буларга берилген мамлекеттик актылар туура эмес чыккан. Ал убакта заман башка болчу, ошол учурдагы акимге автомат такап, мамлекеттик акты чыгартып алышкан”, - деди деди Нурбек Эргешов.

Кара-Суу базары

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Суу базары

Базар жетекчисинин айтымында, унаа токтогон жай мурда эле мамлекеттин кармагында болуп келген. Алар бул жайдан киреше аз түшөт деп, ордуна соода борбор курууну чечишкен.

Талаштын бары ушул жерде башталган. Соода борбордун пайдубалы үчүн казылган жердин тегерек четиндеги даарыканалар менен соода түйүндөрдүн ээлери курулуш иштерине каршы болушкан. Базардын жетекчиси Нурбек Эргешов соодагерлер жерди убагында мыйзамсыз алган деген негиз менен сотко кайрылган. Сот Эргешовдун пайдасына чечим чыгарган.

“Биз базардын начар абалда экенин айтып, аны оңдоо үчүн долбоорлорду көрсөттүк. Соода борбор курулганда биринчи кабаттан орун берели, силер биз менен тынчтык келишимин түзүп, мамлекеттик актыңарды өткөрүп бергиле дедик башында. Макул болушту да, кайра биздин жерди талашып жатат деп ызы-чуу салып башташты. Анан биз бир гектардан жерди басып отургандарды сотко бердик. Ошонун негизинде алардын жерди алганы боюнча мыйзамсыз токтомдору жокко чыкты. Жокко чыккан токтомдор менен айрым соодагерлердин анча мынча жерлери да мамлекетке өтүп кетет экен”, - деди Би-Би-Сиге Нурбек Эргешов.

Ишкерлердин айтканы башка

Базарда көп жылдан бери эмгектенип келген ишкерлер менен соодагерлер Нурбек Эргешов базарды жакшыртам деп менчикке болгон укугубузду тебелеп жатат деген пикирде:

“22 жыл өткөндөн кийин 2022-жылы Мүлк фонду биз эми билдик, бул жерлер бизге карайт экен деп жерибизди талашып жатат. Бардык документтерибиз жайында экенине карабай мурдагы токтомдорду жокко чыгарып салышты. Мунун артында ким турганын билбей жатабыз. Беш жүзгө жакын адам жабыркап жатабыз. Мүлк фонду биздин жердин тартып алууга акысы жок, анткени базар аларга карабайт. “Турдалы” базары толугу менен “Кыргыз соода биримдигине таандык. Мүлк фонду азыр жасалма документтердин негизинде эле 5,22 гектар жерди бизге карайт деп жатат”, – деди Гүлмайрам Арзибаева

Кара-Суу базары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Базардагы талаштын башында турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду азырынча бул окуялар боюнча маалымат бербей жатат. Мекеменин басма сөз кызматы, муну соттук иштердин жүрүп жаткандыгы менен байланыштырды.

Кара-Суу базарынын таржымалы

  • Kapa-Cyy райондук аткаруу комитетинин 1984-жылдын 30-декабрындагы № 482 чечими менен "Киров" колхозунун 12 гектар сугат жери борбордук базар куруу үчүн бөлүнүп берилген.
  • 1985-жылы Кыргыз ССРнин Соода министрлигинин алдындагы “Кара-Суу базары” өз алдынча колхоздук чарбалык эсеп менен ишин баштаган.
  • 1987-жылы 5-майда Кыргыз ССР министрлер Советинин токтому менен базар Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигине өткөрүлгөн.
  • Союз ажырагандан кийин базарга көз арткандар көбөйүп, министрлер совети базарды мамлекетке кайтарып алууга аракет кылган.
  • 1995-жылы ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов “Кара-Суу базары” Ош облустук керек-жарак коомунуку деп токтом чыгарган.
  • 1996-жылы Ош облустук администрациясы да базар Ош облустук керек-жарак коомунуку деп тааныган.
  • 1999-жылы базар “Кара-Суу базары” жоопкерчилиги чектелген коом болуп Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Анда уюштуруучусу катары Ош облустук керек-жарак коому көрсөтүлгөн.
  • 2000-жылдын 16-октябрында Ош облустук керек-жарак коому “Кара-Суу базарын” 5 милн сомго “Кыргыз соода биримдиги” сатып алган. Бул ишкана Баяман Эркинбаевге тиешелүү болгон.
  • 2005-жылкы төңкөрүшкө чейин “Кара-Суу базарына” Баяман Эркинбаевге караштуу “Кыргыз соода биримдиги” ишканасы ээлик кылып келген.
  • 2000-жылдын 21-сентябрында Ош облустук керек-жарак коому базардын 1,84 гектар жерин Жолбор Осмонов атуу жаранга саткан. Бирок андагы сатып-алуу келишими жасалма болгону айтылып келет.
  • 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин “Кара-Суу базарын” элдин колуна өткөрүү талаптары айтыла башатаган. Бул кыймылдын башында турган Абдалим Жунусов көп өтпөй “Кара-Суу” базарына жетекчи болуп дайындалган.
  • 2005-жылдын 28-июлунда Жолбор Осмонов мурда сатып алган базардагы үлүшү “Кыргыз соода биримдиги” ишканасына катталып калганын айтып, сотко кайрылган. Ал базарды мамлекетке өткөрүүнү суранган.
  • 2005-жылдын 5-сентябрына караган түнү Абдалим Жунусовдун үйүнө куралчан адамдар кирип, өзүн жана анын айдоочусун атып кетишкен.
  • 2005-жылдын 14-сентябрында Кара-Суу райондук соту Жолборс Осмоновдун арызын канааттандырып, "Кара-Суу” базары менен Кыргыз соода биримдигинин” ортосундагы сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарган.
  • 2005-жылдын 21-сентябрында “Кыргыз соода биримдигинин” ээси , Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты Баяман Эркинбаевди атып кетишкен.
  • 2006-жылы “Кара-Суу базары” Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы мамлекеттик базар болуп түзүлгөн.
  • 2007-жылдын 19-январына караган түнү базардын жетекчиси Рысбек Жоошбековду үйүнө кирип баратканда атып кетишкен.
  • 2007-жылы 2-февралда “Кара-Суу базарынын” жетекчи кызматына Манас Үсөнов дайындылган.
  • 2007-жылдын 2-мартында Жогорку Сот “Кара-Суу базарын” “Кыргыз соода биримдигине” өткөрүү боюнча чечим чыгарган. Кайра эле Жогорку Сот бул чечимди үч айдан кийин жокко чыгарган.
  • 2008-жылы Манас Үсөнов базарды өзүнө кайтарып алуу боюнча сотко кайрылган. Көп өтпөй “Кара-Суу базары” “Туратали базары” мамлекеттик ишканасы болуп түзүлүп, аны кайра Манас Үсөнов жетектеп калган.
  • 2018-жылы "Кыргыз соода биримдиги"мурдагы токтомдорду жаңыдан ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароого үчүн сотко кайрылган. Жогорку Сот ошол кезге чейин “Туратали базарынын” мамлекетке өткөндүгү тууралуу токтомдорунун баарын жокко чыгарган.
  • 2018-жылы Манас Үсөнов Жогорку Соттун чечимине каршы болуп сотко кайрылат, бирок анын арызы канаттандырылган эмес.
  • 2020-жылдагы октябрь окуяларында “Туратали базарынын” жетекчилиги отурган имаратты Гүлжигит Айдаров аттуу адам басып алган.
  • Манас Үсөнов “Туратали базарын” 2008-жылдан 2021-жылдын 16-декабрына чейин жетектеп келген. Ал кызматтан алынган соң ордуна Тынчтыкбек Батыркулов дайындалган.
  • 2022-жылдын башында кайра “Туратали базарынын” жетекчиси болуп Нурбек Эргешов бекиген.