"Кыстаган турмуш жеңет": Креативдүү индустриянын Кыргызстандагы чабыты

Сүрөттүн булагы, Getty Images
21-апрель - дүйнөдө креативдүүлүк жана инновациялык ишмердик күнү. Ушул күндүн алдында Бишкекте креативдүү экономикага арналган жыйын болуп өттү. Биз Креативдүү индустрия ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаеваны маекке тартып, кеп башында креативдүү экономика түшүнүгүн чечмелеп берүүнү өтүндүк.

Н. Кубакаева: Негизи креативдүү экономикага дүйнө жүзү боюнча так аныктама берилген эмес. Ар бир мамлекет өзүнө ылайыкташтырып, өзүнчө чечип алат. Бул терминдин автору Джон Хоукинс өзү идеядан акча табуу деп түшүндүрөт. Адам баласы төрөлгөндө эле өзүнчө бир артыкчылыгы, чыгармачылык башаты менен төрөлөт. Ошол чыгармачылыктын негизинде ал бир креативдүү оюн өнүмгө айландырып, аны сата билсе, бул креативдүү экономика. А эгерде ал идея бойдон гана калып калса, анда ал креативдүү экономика болбойт.
Би-Би-Си: Ошол креативдүү, инновациялуу ойлордун экономикасы Кыргызстанга канчалык деңгээлде тиешелүү?
Н. Кубакаева: Бул Кыргызстанга өөн көрүнүш эмес, бактыга жараша. Кыргызстанда биздин жаштар, жарандар, адам капиталы баары чыгармачыл келишет. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деп коет эмеспи. Бир көйгөй жаралганда ошондо инновация жаралат. Биздин мамлекетте экономикалык жактан көп шарттар түзүлгөн эмес. Ошол эле убакта дүйнөдөн алыстабай, ошол жактагы артыкчылык тенденцияларды эске алып өнүгүү үчүн бизде жетиштүү стартаптар бар. Алардын баасы бир миллион долларга чейин барат.
Мисалы, биздин ассоциациянын мүчөсү, IT продукт компаниялардын топтому Codify деген, жетекчиси Динара Руслан, быйыл өзүнүн өнүмүн Өзбекстанга чейин алып чыкты. Алардын өкүлчүлүгү Өзбекстанда пайда болду. Анын компаниясы азыр Сингапурда акселерациядан өтүп жатат. Демек, бул дагы өзүнчө көрсөткүч, Кыргызстанда туулуп өсүп, таалим-тарбия алып, албетте, чет өлкөгө барып билим алып келген жаштар ушундай стартаптарды негиздеп, алар дагы акча табуунун жолун билип жатышат. Өзүнө эле акча таппай, башка адамдарга да жумушчу орундарды түзүп атат.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Андан сырткары, бул азыркы дүйнөдө IT тармагындагы кесиптердин өнүгүшүнө жакшы өбөлгө. Мисалы, Codify деген өнүмүбүз карантин учурунда ойлонуп табылган. Ал мугалимдерге ылайыкташтырылган. Окуучулар сабакка келбесе дагы, ошону онлайн түрдө кантип башкарса болот, үй тапшырмаларын кантип текшерсе болот деген сыяктуу системаны ойлоп табышты. Кыстаган турмуш алардын чыгармачылык оюна түрткү болду.
Ошондой эле бизде креативдүү индустриянын тармагында иштеген студиялар бар. Мисалы, “1-1” деген студия биздин ассоциациянын мүчөсү. Алар дагы Алматыга чейин чыгып жатышат. Алардын максаты Кыргызстанда кызыктуу тасмаларды тартып, дүйнөгө таанытуу. Негизи кино тармагы да абдан чоң потенциалга ээ. Себеби ошол кинону көрүп жаткан чет элдик жаран Кыргызстандын кооздугун, элин тасма аркылуу көрүп, кызыгуусу жаралышы мүмкүн.
Колумбияда креатив экономиканы алар сары-кызгылтым экономика деп аташат. Себеби бул түс чыгармачылыктын түсү экен. Алар дагы кино тартуу аркылуу, чыгармачылык аркылуу экономиканы өнүктүрөбүз деген максатта ушундай атап алышкан.

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Кыргызстандын өкмөтүнүн саясатында креативдүү экономикага канчалык көңүл бурулган, ошондой стартаптарга колдоо, жеңилдик каралганбы?
Н. Кубакаева: Өкмөт такыр эле караган жок деп айта албайбыз.Президент Садыр Жапаров биринчи расмий сапарында креативдүү экономика артыкчылыктуу тармак болот деп айткан. Бул сөз боюнча эле калбастан, 2026-жылга карата өнүктүрүү программасында каралган. Жаңы жумушчу орундарды түзүү пайдалуу болот деп креативдүү экономиканын зарылчылыгы жөнүндө жазылган. Азыркы учурда Экономика жана коммерция министрлигинде креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы каралып жатат. Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө мыйзам долбоору да каралууда.
21-апрелде дүйнөдө эл аралык креативдүүлүк жана инновация күнү белгиленет. БУУнун чечими менен 2012-жылдан бери майрамдалууда. Биздин ассоциация дагы ошону бир салт кылып алсакпы деп атабыз. Апрель айында сөзсүз креативдүүлүк жана инновация жумалыгын өткөрүп, ошонун алкагында өкмөт менен, жеке менчик сектор, креативдүү индустриянын өкүлдөрү менен ар кандай иш чараларды өткөрөлү деп атабыз.
Буга эмнеге токтолуп атам, анткени ушул күнгө карата өкмөттө дагы концепция кабыл алынып калса, же мыйзам долбоору жөнүндө бир жакшы жарлык же жаңылык чыкса, калктын прогрессивдүү өнүгүп жаткан бөлүгү үчүн бул шарапат, жакшы маалымат болмок. Аларды шыктандырган мааниге ээ болот.
Би-Би-Си: Азыр Украинада согуш болуп, Россия эл аралык санкциялардын кысымында турганда, IT адистер ал жактан башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да келип жатышпайбы. Креативдүү экономика маселеси ушул контекстте дагы бир топ маанилүү болуп жатпайбы.
Н. Кубакаева: Мен жогоруда айтып кеткен мыйзамдар, концепция ушул үчүн керек. Негизи жеке менчик сектор өз алдынча өнүгүп келатат. Экономикага өбөлгө болуп, өзүнүн салымын кошууда. Ошол эле учурда биз бүгүнкү күндү гана ойлобой, келечекти дагы ойлосок, ушул тенденцияны кармап калышыбыз керек. Россия, Украинабы, башка мамлекеттен болсо дагы, бизге келип жаткан көчмөндөр билимдүү, өзүнүн мыкты өндүмдөрүн, жөндөмдөрүн дүйнөгө сунуш кылган адистер. Алар Кыргызстанга келип, биздин экономиканын өнүгүшүнө дагы чоң салым кошуп жатат. Алар бул жерге келип иштесе, Креативдүү индустриялар паркы сыяктуу атайын режим пайда болсо, алар бул жакта калып, иштеп, жашоосун уланта берет. Кыргызстанда төрт жыл мезгили бар, аба ырайы, адамдары, биздин коомчулук жакшы, ошондой эле башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркиндик бар. Чыгармачыл адамдар үчүн бул эң маанилүү шарт.
Би-Би-Си: Креативдүү экономиканын ишкерлери бир жерге катталып, салык төлөгөнү жалпы тартипте эле болуп атабы азыр?
Н. Кубакаева: Орчундуу суроону көтөрүп жатасыз. Бүгүнкү тегерек столдо дагы ушул маселени карадык. Мисалы, креативдүү индустрияга кайсы кесиптин өкүлдөрү кирет? Алар азыркы учурда канча акча таап иштеп атышат жана кимге иштеп атышат? Бул дагы чоң суроо.
Алардан салык түшүп жатабы, эгер түшүп жатса, анда алар креативдүү индустриянын өкүлү катары төлөп атабы же башка экономиканын түрү болуп жатабы? Мына ушуларды аныктоо үчүн Креативдүү индустриялар паркы менен креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясынын мааниси зор. Ушул документтер кабыл алынса, бизде бир система пайда болот креативдүү экономиканын ишкерлерин иргөө үчүн. Биринчиден, Кыргызстанда жашагандар үчүн, экинчиден сырттан келген адистер үчүн. (КС)








