Судандык айым өзү жакшы көргөн эркекти өөп койгону үчүн абакка кесилди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Зейнаб Мухаммед Салих
- Role, Хартум шаары, Судан
Никелешпей туруп мамилеге барды деген доого кабылган бир судандык айым эркек кишини өөп койгондугун мойнуна алган соң, аны таш бараңга алып, өлүм жазасына тартуу тууралуу чыгарылган мурдагы өкүм эми жумшартылып, эми ал келин алты айлык абактык мөөнөткө кесилди.
Судан мамлекетинин соту оболу бул 20 жаштагы келинди таш бараңга алып, өлүм жазасына тартуу тууралуу эң оор өкүм чыгарган, бирок бул сот өкүмү эл аралык коомчулуктун терең айыптоосуна кабылган.
Айың кептерден кийин бул келиндин бөлөсү анын сүйлөшүп жүргөн жигитин “намыс үчүн” өлтүрүп салган жана келиндин өзү да полиция тарабынан камакка алынган.
Адилеттик жана тынчтыкты изилдөө боюнча Африка борбору (АТИАБ / ACJPS) уюму бул айымга карата баштапкы чыгарылган өлүм жазасын "эл аралык укуктун одоно бузулушу" катары кескин мүнөздөдү.
Карапайым жана такыба мусулман болгон дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан бул келин мурдагы күйөөсү менен ажырашып, 2020-жылы төркүнүнө кайтып келген. Келинди өз ата-энеси жакшы кабыл алышканы маалымдалган.
Бир жылдан кийин аны мурдагы күйөөсү “көзүмө чөп салды” деп айыптап чыккан.
Ошентип, бул жаш айым чоочун эркек менен никесиз ымалага барды деген доого кабылган.
Судандын түштүгүндөгү Ак Нил (ан-Нил ал-Абйад) дубанына караштуу Кости шаарынын соту ойноштук тууралуу алиги доону 2022-жылы (б.а. мындан бир нече ай мурда) колдоого алып, оболу келинди таш бараңга алуу жолу менен өлүм жазасына тартуу жөнүндө катаал өкүм чыгарган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми эл аралык коомчулуктун нааразылыгы жана бул ырайымсыз өкүмдү айыптоосу күчөгөн маалда, Кости шаарындагы сот чуулгандуу ишти кайра карап чыгууга аргасыз болду.
Акыр-аягында, сот отурумунун төрагасы "ойноштукка баруу" деген доонун өзүн кайра жумшартып, "жарамсыз жорукка баруу" деген доого өзгөрттү.
Ал эми мындай жумшартылган айып менен күнөөлүү деп табылчу киши өлүм жазасынын ордуна кайсы бир мөөнөткө абактык жазага кабылышы күтүлөт.
Доого кабылган айым болсо сот отурумунда чын эле чоочун делген (никесиз) эркек менен жолугушууга баргандыгын мойнуна алды жана ал киши менен өбүшкөнү да болгон окуя экендигин тастыктап айтты.
Бул келиндин жактоочусу (адвокаты) Интисар Абдулла айымдын айтуусуна караганда, мындай моюнга алуудан кийин сотто "аны айыптуу деп табуудан башка арга деле калбай калды".
Би-Би-Си үчүн курган маегинде бул жактоочу: "Маселенин жөнү мындайча: бул айым сотто алиги эркек менен чын эле чогуу болгондугун өз мойнуна алып сүйлөп койбодубу. Ал – өтө жаш келин. Бул сот ишинин канчалык татаал өңүттөрү бар экенин ал эч билбейт эмеспи", – деп билдирди.
Судандык укук коргоочулар келинди толук актап, боштондукка чыгарууну талап кылышууда.
Доого кабылган келин буга чейин убактылуу абакта да болуп, андан соң күрөөгө бошотулуп, бир аз убакыт эркин жүргөн болчу, бирок эми өзүнүн жаза мөөнөтүн баштоо үчүн абакка жөнөтүлдү.

Судан мамлекетиндеги сот бийлиги кээ бир кылмыштуу делген аракеттер үчүн азыркы тапта деле өлүм жазасын чыгарып келет.
Бул жазыктардын уурулук жана ойноштук айыптары да камтылган айрымдарын сот бийлиги “хадд” (көптүк түрдө “худуд” – “чектер”, “чек аралар”) термини менен атайт жана ал кылмыштар үчүн оор жаза түрлөрү Алла-таала тарабынан “Куранда” жана шариятта өзгөчө белгиленген, деп эсептейт.
Судандын мыйзамдарында айрым кылмыш түрлөрүнө карата таяктоо (же камчылоо), бутун же колун кесип салуу, дарга асуу жана таш бараңга алуу сыяктуу орто кылымдарда да колдонулган ырайымсыз жазалар дагы каралган.
Суданда төмөнкүрөөк соттордун, – негизинен аялдарга карата чыгарылган, – таш бараңга алып, өлүм жазасына тартуу сыяктуу өкүмдөрүнүн басымдуу көпчүлүгү Жогорку Сотто жокко чыгарылып жатты.
Буга чейин өкмөттүн бир төбөлү алиги келинге карата чыгарылган соттук өкүмдү “тамашалап койгондой окуя” катары сыпаттаган болчу, бирок сот жүрүмүнө өкмөттүн эч бир төбөлү кийлигише албастыгын да мойнуна алган.
Түндүк Африкадагы Судан мамлекетин 2021-жылдын 25-октябрындагы төңкөрүштөн бери аскердик хунта башкарып келет. Ошондон бери бир нече ай бою жаңы адилет министри да дайындалбай жаткандыгын ЖМКлар маалымдаган.
Кийинчерээк Мухаммед Сайид ал-Хилу адилет министринин милдетин аткаруучу кызматын аркалап калган. Август айында бул аткаминер Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) прокурорунун орун басары Нажат Шамин Хан айым менен Хартумда сүйлөшүү жүргүзгөнүн жана өз өкмөтү бул эл аралык сот мекемеси менен толук кызматташа тургандыгын тастыктагандыгын Судан үналгысы 22-августта кабарлаган. (TT)








