Жапонияда порноиндустриянын торуна чалынгандар коргоого алынат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапонияда жаш кыз-келиндери порнофильмдерге тартылууга мажбурлоонун алдын алуу максатында мыйзам кабыл алынды.
Жапон өкмөтүнүн 2020-жылы жүргүзгөн изилдөөсү жапон аялдарынын болжол менен чейрек бөлүгү порнография менен байланышкан модель катарында же хостесс тармакка ишке чакырылганын көрсөттү. Эми кабыл алынган жаңы мыйзам чоңдор үчүн фильмге тартылгандарды коргоого алат. Фильмге тартылгандар бир жылдын ичинде өзүнүн контрактысын кайра чакырып алып, фильмди көрсөтүүдөн алып салууну талап кыла алат.
Бул мыйзам долбоору талкууланып жатканда порно индустриянын торуна илинип жабыркаган аялдар элге өздөрүнүн кейиштүү окуяларын айтып бөлүшкөн болчу.
Мисалы, Майко деп өзүн тааныштырган аял акчанын айынан порнофильмдерге тартыла баштаганын, көп жыл бою бул индустрияда иштеп, акыры азабын аябай тартканын айтып берген. Көрсө, ал адегенде жылаңач болуп фотосессияга түшкөнгө гана макул болгон экен, бирок кийин порнорежиссерлордун бал тилине кирип, порнофильмдерге тартыла баштаптыр. Алкогол ичимдигин ичип допинг алмайынча камерага тура албай калат, акыры эс-тутуму жоголуп, мээси атрофия болгондо гана бул жолдон кайткан.
Майконун айтымында, порнофильмдерге тартылган кыз-келиндердин көбү ар кандай кырдаалда жыныстык зомбулукка кабылгандар болуп саналат.
Дагы бир Нацу деген кыз аны бир бейтааныш адам алдап азгырып, зордуктап туруп видеого тартып алып, аны сатыкка чыгарганын айтып берди. Ошондон эки жылдан кийин Нацу жыныстык зомбулукка каршы митингге катышып, порно индустриянын эксплуатациясынан жабыркаган көп кыз-келиндер менен бириккен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапониянын мыйзамдары боюнча порно материалдарга тыюу салынган, адамдын жыныстык уят жерлерин көргөзүү кылмыш болуп саналат. Эгер бул мыйзам баарына иштесе, анда Жапонияда порнография такыр болмок да эмес.
Бирок порнографиянын авторлору өзүнчө жылчык таап алышкан, алар порнофильмдерде адамдардын жыныстык мүчөлөрүн боеп же шыбап салышат.
Бул мыйзам Жапонияда көп жылдан бери бар, бирок аны биринчи жолу 2004-жылы сүрөтчү Сува Юдзиге каршы колдонушкан. Юдзи өзүнүн сүрөттөрүндө “ачык жана уят” материалды жайылтканы үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал күнөөсүн мойнуна алган үчүн түрмөгө салынбай, 500 миң иен акчалай айыпка жыгылган.
Бирок сүрөтчү адилеттик издеп Жогорку Сотко чейин кайрылган. Жогорку Сот дагы аны күнөөлүү деп чечип, айып пулдун көлөмүн бир жарым миллионго чейин көбөйтүп салган.
2015-жылдан бери Жапонияда балдар порнографиясы тартылган фото жана видеоматериалдарды сактоого да катуу тыюу салынууда. Мурда мыйзам боюнча балдар порнографиясын тартууга жана жайылтууга гана тыюу бар болчу. Бул мыйзамды бузгандар бир жылга түрмөгө камалат же бир миллион иен айып пул төлөйт. (КС)

Сүрөттүн булагы, Getty Images












