Эрдоган эмнеден алдырды? Түркиядагы шайлоонун түркүн-түстүү "сыры"

Дастан Разак уулу, Докуз Ейлүл Университетинин докторанты. Түркия.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Стамбул үчүн кармаш – Түркия үчүн кармаш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стамбул үчүн кармаш – Түркия үчүн кармаш

Түркияда 2024-жылдын 31-мартында шаар, район, квартал жана айыл өкмөтү үчүн жалпы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Бул өлкөдө чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу шаардык кеңештердеги шайлоо президенттик, парламенттик шайлоолордой эле кызыктуу жана курч өтөт. Алдын ала жыйынтык белгилүү боло баштаганда эле Эрдоган жеңилип жатканына карабай, элдин тандоосун сыйлайбыз дегени ким болбосун шайлоону, эл чечимин сыйлоонун өрнөгүн көрсөттү дешет. Ушул эле ойду улай ал күрөш уланат таризинде кеп кылды.

Айтмакчы, Түркиядагы Ван кыргыздары да бул шайлоого түздөн-түз катышты, аны да кеп кылабыз.

Негизи эле Түркиядагы шайлоолор чынында "кайнайт". Бул жактагы шайлоонун табияты ошондой. Экинчи жагынан, ушул өлкөгө эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө таанымал саясатчылар тигил же бул шайлоосуна катышкандыктан Түркиядан сырткары өлкөлөрдө дагы бул шайлоолорго кызыгып, кулак түрүп калгандар арбын. Дагы бир себеби - шайлоо учурунда дасыккан, айла-амалы ашып-ташыган политехнологдор укмуштуудай ыкмаларды ишке ашырып, шайлоонун шаңын ого бетер чыгарып салат.

Учкай эле бир мисал келтире кетейин. Кезинде шайлоолордун биринде Эрдоган тууралуу бир укмуш видео ролик тартышты. Ал Түркияда эле эмес, Кыргызстанда да укмуш көрүлүп, кадимкидей түрк шайлоосуна көңүл бурдурган.

Анда окумуштуусу, аскери, кара жумуштан башы чыкпаган караламан эл, базардагы букара баары баш болуп Түркиянын желегин түшүрүп салмак болгон "кара күчкө" каршы бириккени көрсөтүлгөн. Баары жабыла чуркап, биринин ийинине бири аягын коюп олтуруп, кырмызы кызыл туусун желбиреген бойдон сактап калышат. Эл жабалактап чуркап жүргөн учурда Эрдоган өктөм үн менен Түркиянын сүйүү, Түркиянын келечеги сыяктуу чакырыктарды таштап турган. Бул видео ролик азыр да эсиңизде болсо керек.

Видеороликтен бир көрүнүш. Желек түшүп кала турган болгондо жабыла чуркаган эл сактап калганы чагылдырган

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Видеороликтен бир көрүнүш. Желек түшүп кала турган болгондо жабыла чуркаган эл сактап калганы чагылдырган

Макалабыздын башында түшүнүктүү болушу үчүн Түркиянын административдик башкаруу системасы тууралуу бир ооз сөз айта кетели. Кыргызстанда мэр бир шаарды гана башкарса, Түркияда мэр шаар менен кошо бүтүндөй облусту да башкарат. Мындайча айтканда облустун четки район, айылдары да мэрдин карамаганыда. Ал эми вали деп аталган губернатор президент тарабынан дайындалып, анын ыйгарым укуктары чектелип, көбүнчө облустук полицияны башкарат.

Стамбулда бул жолу дагы жеңилип калуу бийликти катуу ойго салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стамбулда бул жолу дагы жеңилип калуу бийликти катуу ойго салды

Эрдогандын бийлиги тушунда жергиликтүү кеңештерде шайлоолор

2002-жылы бийликке келген Режеп Тайип Эрдогандын Адилетүүлүк жана Өнүгүү партиясы (АКП) бул убакка чейин жалпы Түркияда көпчүлүк шаарларды утуп, парламентте да көпчүлүктү түзүп келген. Мисалы Түркияда 81 облус болсо АКП 2004-жылы 45, 2009-жылы 48, 2014-жылы 48 облус/шаарды уткан.

Мурда Эрдоган бийлигине каршы эң күчтүү деп эсептелгендердин бири "Улутчул кыймыл партиясы" (МХП) 2018-жылы президенттик жана парламенттик шайлоодо бийликчил АКП менен "Жумхур" аттуу альянс түзүп шайлоодо Эрдоганды колдогон. 2019-жылы ошол эле альянс менен жергиликтүү кеңештерге шайлоого барган. Бирок мурда АКП башкарып келген Стамбул, Анкара, Анталья, сыяктуу ири шаарларды республика (ЖХП Ататүрк курган) партиясына уттуруп жиберген. Улутчулдар мурда башкарып келген Адана, Мерсин шаарларын республикачыларга алдырып койгон.

Шайлоонун деми баардык жерде сезилип турду

Сүрөттүн булагы, Dastan Razzak uulu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоонун деми баардык жерде сезилип турду
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошого карбастан Ички Анатолия, Кара деңиз аймактарында жалпы 81 облустун 39унда АКП уткан. Улутчулдар 10 шаарды утуп, жалпы "Жумхур" альянсы 49 шаарды уткан. Ошол эле Стамбул шаарынын мэрин республикачыларга уттурганы менен шаардын ичиндеги 39 райондун 21 районунун акимдигин кайра АКП партия утуп алган. Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда да райондордо ушундай көрүнүш болгон. Ошондой эле шаардык кеңеште (парламентте) да АКП менен улутчулдар "жумхур" альянсы көпчүлүктү түзүп, кабыл алынган мыйзамдарга олуттуу таасир этип турушкан.

Ал эми республика партиясы (ЖХП), улутчулдардан бөлүнүп чыккан жакшы партия (ийи партия) менен "Миллет" аттуу альянс түзүп, деңиз жээктерин жана Стамбул, Анкараны утуп алган.

2023-жылы президенттик шайлоодо республика партиясы башка оппозициялык 5 партия менен биригип 6 үстөл аталышында президенттик жана парламенттик шайлоого ат салышкан.

Парламенттик орунда да көпчүлүктү ала алышпай, президенттикти да Эрдоганга экинчи турда уттуруп жиберишкен. Арадан көп өтпөй "Миллет" альянсы таркап кетип, 2024-жылкы жергиликтүү кеңештердеги шайлоого ар бир партия өз-өзүнчө бара турганын жар салышкан.

Ал эми Эрдоган 2023-жылкы президенттик жана парламенттик шайлоого улутчулдар (МХП), Жаңы Рефах (Йениден Рефах), Улуу Биримдик, ХҮДАПАР сыяктуу патиялар менен барып парламентте көпчүлүктү алып, президент болуп кайра шайланган. 2024-жылдагы жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо Жумхур альянсы АКП жана улутчулдардан турган эки партия менен гана барды.

FEDERICO GAMBARINI/DPA/AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, FEDERICO GAMBARINI/DPA/AFP VIA GETTY IMAGES

2024-жыл АК партияда олуттуу жеңилүү

Бул жолку шайлоого бийликчил АКП менен улутчулдар биригип барса да олуттуу жеңилүүгө учурашты. Эрдогандын АКП партиясы 24 шаар/облусту, улутчулдар 8 шаарды утту. Жалпы "Жумхур" альянсы 34 шаар/облуска ээ болду. Стамбул шаарын 2019-жылы алдырганы менен 21 районду кайра АКП уткан. Бул жолу болгону 13 гана районду бийликтин партиясы утуп, калган 25 районду республика утуп алды.

Дайыма бийлик утуп келген Үскүдар, Байрампаша, Чекмекөй, Бейкоз сыяктуу райондорду республикачыларга уттуруп жиберди. Анкаранын 25 районунан 8 гана районун Эрдогандын партиясы утса, республикачылар 15 райондо жеңип алды. Ал эми эски мэр республикачы Мансур Йаваш кайра Анкараны жеңди.

Республика партиясы 2002-жылдан бери биринчи жолу АКПнын алдына оозуп чыкты. Бул жолку шайлоодо 35 шаар/облусту утуп алды. Ал 2004-жылы 8, 2009-жылы 13, 2014-жылы 14, 2019-жылы 21 шаар/облусту уткан эле. Республикачылар АКП бийликке келген күндөн бери эң негизги оппозиция болуп эсептелет. Ар дайым бийликтин долбоорлоруна, саясатына каршы пикирлерин айтып келет.

Парламентте жана шаардык кеңештерде республикачыл депутаттар бийликти сындап, мыйзамдарга каршы добуш беришет. Ал эми чыгыштагы күрттөрдүн партиясы ДСП, ХДП, ДЕМ деп аталыштарын өзгөрткөнү менен пайдубалы ошол эле идея, ошол эле адамдар. Алар 2004-жылдан бери Диярбакыр, Ван, Битлис, Тунжели, Мардин, Шанлыурфа, Хаккари, Ыгдыр, Агры сыяктуу облустарды утуп келишет. 2019-жылы да, 2024-жылы да Стамбулдагы бир милииондон ашуун күрт шайлоочулары Экрем Имамоглуна добуштарын беришти.

Шайлоо учуру

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоо учуру

Эмне үчүн Эрдоган партиясы жеңилүүгө учурады?

2024-жыл шайлоонун картасы. Сары түс АКП, кызыл түс ЖХП

Сүрөттүн булагы, Dastan Razzak uulu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2024-жыл шайлоонун картасы. Сары түс АКП, кызыл түс ЖХП

Президент жана анын партиясы, улутчулдар биригип 2019-жылы уттуруп жиберген Анкара жана Стамбул шаарын кайра жеңүү үчүн аябай каттуу аракет жасашты. Айрыкча президент өзү баш болуп Стамбул шаарын алуу үчүн шайлоочулар менен бир нече жолугушуу өткөрдү. Шаарды алуу үчүн айлана-чөйрө жана шаар куруу министри Мурат Курумду талапкер кылып чыгарды.

Мурат Курум Түркияда шаар куруу боюнча адис, инженер катары таанылып, 2023-жылы февраль айындагы жер титирөөдөн кийин калыбына келтирүү иштеринде көзгө көрүнгөндөрдүн бири. Бийликте Стамбулдагы жер титрөөдөн кийин кайрадан жаңы шаар куруп, алдын алып, муну менен шаарды кайра колго алабыз деген үмүт болду.

Ошого карабастан стамбулдуктар кайрадан Экрем Имамоглуну, анкаралыктар мурдагы мэр Мансур Йавашты тандашты. АКП мурдагы жеңилген жерлеринин бирин да ала албаганы аз келгенсип, мурдагы жеңген облус, шаар, райондорунан кол жууду. Бир гана Хатай жана Карс шаарын биринчи жолу Эрдоган бийлиги жеңди. Аны колдогон Ички Анатолия менен Кара деңиз аймагы гана болду. Ал эми Европа бөлүгүндөгү Эдрине шаары дайыма республикачылар утуп келсе бул жолу улутчулдар утуп алды.

Инфляциянын таасири - шайлоодо шайды оодарган фактордун бири болуп калды

Түркияда 2018-жылы башталган инфиляция пандемиядан кийин дагы күчөдү. Айрыкча 2022-жылы катуу ылдамдыктагы инфиляция учурда эң чекке жеткен убагы. Бир жагынан Түркиянын АКШ жана Европа өлкөлөрү менен кайым айтышуулары, Сирия, Либия, Ирак, Кавказдагы геосаясий кызыкчылыктарынын кайчылаш келиши, Түркиянын аскердик өнөр жайдын өркүндөтүшү доллар менен евронун курсу лиранын кунун болуп көрбөгөндөй түшүрдү.

Лиранын наркы түшүшү экономикага чоң сокку алып келди. Ири ишкерлер, өндүрүүчүлөр сырттан товар доллар менен кирет деген шылтоо менен товарларды кымбаттатышты. Сырттан кирген товарлардын кымбатташы кадимки сүт, сыр, айран, май, шекер, кийим, бут кийим сыяктуу ички өндүрүмгө да таасирин тийгизип алардын баасы өстү. Кымбаттоолор токтогон жок, жума сайын, ай сайын өсүп отуду. Бул азыр да уланууда.

2023-жылы президенттик шайлоо алдында инфиляция токтойт деп сөз берген бийлик, жаңы министрлер кабинети менен да кымбаттоолордун алдын ала албады. Өкмөттүн үй, фабрика, ишканалардын ижарасы үчүн жылда 25 пайыз гана үстүнө кошулат деп кабыл алган мыйзамы аткарылган жок.

Ижара берүүчүлөр 100 пайызга чейин ижара акыларын көтөрүштү. 2023-жылы минималдык айлык акы 11 000 лира эле 2024-жылы минималдык айлык 17 миң лира 500 доллардан көбүрөөк деп белгиленгенине карабастан, бир үй-бүлөдө 2,3 киши иштебесе бул акча менен жашоо мүмкүн болбой бараткандай.

Бир жагынан байлардан алынган салык өлчөмүнүн көптүгү, экинчи жагынан айлыктын, пенсиянын, жөлөк пулдун инфляцияга каршы туруштук бере албай калышы бийликтин партиясына болгон добуштардын олуттуу азайышына алып келди.

Шайлоого чейин эл менен сүйлөшкөндө Стамбулда ким жеңишке жетээри белгисиз эле. Бийликтин партиясы президент Эрдоган баш болуп шайлоо кампаниясында ири долбоорлор: көпүрө, жол, оорукана, фабрика, суу сактагыч, ГЭС ж.б. башкаларга басым жасады. Анан да беш жылда Экрем Имамоглуну шаарды көйгөйлөргө толтурганын, беш жыл бош өтүп кетти деген пропаганда жүргүздү.

Экрем Имамоглу жана Мурат Курум

Экрем Имаоглу добуштарды тамак менен сатып алдыбы?

Эл арасындагы жана эксперттердин айтуусунда республика партиясы идеялары жана көрөгөчтүгү менен жеңген жок. Түрк эли АКПга каршы башка тандоо жок болгондуктан республикачыларга беришкенин белгилейт.

Республика партиясынан 2019-жылы Стамбул мэри болуп шайланган Экрем Имамоглу беш жылда шаарды начар абалга кептеген. Берген убадаларын аткара албай, шаарда көйгөйлөрдү көбөйтүп таштаган. Шаар булганыч, таштанды, мурдагыдай таза эмес, жол тыгыны эки эсе арткан. Ири долбоорлор курулган жок деп белгилешти.

Экрем Имаоглунун шайлоо кампаниясындагы негизги слогандарынын бири - ысырапкорчулукту бүтүрдүк дегени болду. Ал шаардын ар кайсыл районуна арзан баадагы шаар ашканаларын (кент локантасы) ачканын айтып жатты.

Чынында шаар калкынын жакыр катмары бул ашканага агылып жатты. Тамак-аш түш ообой калбай калууда. Ошондой эле студенттик жатаканалар, жаңы парктардын курулганын ж.б. социалдык объектилерди курганын айтып жатты. Чынында 5 жылдык кызматында ушундай иштерди жасады.

Ошондой эле бийликтин экономиканы көтөрө албай жаткананын, пенсия, жөлөк пул, айлыктын жашоого жетпей жатканын, кымбаттоолорду байма-бай айтып жатты. Шайлоолор орозо айына туш келгендиктен республика партиясы баардык райондо ири ооз ачар кечесин уюштуруп, элдер ооз ачарга 3, 4 саат мурун кезекке турду. Ооз ачарга жакын миңдей адамдын кезек күтүп турганын көрүүгө болот эле. Алардын арасында жарымы орозо кармабагандар экендигин байкоо кыйын деле эмес. Ошондой эле Экрем бейдин белеги деп ар бир үйгө бирден нан, чай, кофе, чай салынган баштыктар таратылып жатты. Айрым талдоочулар Экрем Имамоглу добуштарды тамак берип алды деп баалап чыгышты.

Бийликтин партиясы Стамбул жана Анкараны беш жыл башкарып убадаларын аткарбаганын элге жарыялап жатышса, оппозиция райондогу АКП мэрлери берген убадаларын аткарбаганын айтып жатышты. Элдер бийлик жасап жаткан ири долбоорлор өлкөгө пайда болгону менен калктын чөнтөгүнө пайда болбой, шайлоодо күнүмдүк жашоону тандаганын айтышат.

Негизинен былтыр президенттик жана парламенттик шайлоодо бир альянс менен барган Йениден Рефах партиясы да быйыл өзүнчө барып, шайлоо кампаниясында бийликке карышы каттуу сөздөрдү сүйлөдү. 5 жыл бою Экрем Имамоглу мэр болгонуна карбастан Стамбулда ат салышкан 36 талапкердин баары бийликти экономикалык каатчылыкка жол бергенин сындап жатышты. Адистердин айтымында башка партиянын добуштары да акыркы күндөрү эмне болсо да бийлик жеңбесин деген таризде баары Экрем Имаммоглуна бергенин белгилешет. Өзгөчө жаш шайлоочулар бүт республика партиясын тандашты. Күрттөрдүн миллиондон ашуун добушу бийлик кайрадан келбесин деген таризде гана Экрем Имамоглуна берди, анын укмуш лидерлигинен эмес деп билдирди күртчүл ДЕМ партиясы. Ошол эле шайлоодон кийин да калк арасында Экрем Имамоглунан анчалык үмүтү жок экендигин, болгону бийликтин партиясы кайрадан келбеши үчүн аны колдогонун билдиргендер бар.

Мурунтан АКПны шайлап келе жаткан үй-бүлөлөрдө балдары, кыздары республика партиясын шайлашканы менен, мурунтан республика партиясын шайлап келе жатышкан үй-бүлөдө АКПны шайлашкан болгон жок. Жаш шайлоочуулар биз төрөлгөндөн бери ушул эле бийликти көрүп келе жатабыз, алмашууну, жаңыланууну каалайбыз деген сөздөрүн билдирип жатышты. Республикачылар Экрем Имамоглу президент, мэр талапкери жана 17 министрге каршы жалгыз ат салышты деген сөз жайышты. Бул да Имамоглунун абройун арттырды. Имамоглу Стамбулду жеңгени менен Стамбулдагы бүтүндөй көйгөй, жоопкерчиликти да кошо мойнуна алды. Ал эми бийлик тарапташтары Түркияда таза шайлоо системасы бар экендигин, добуштар бурмаланбай демократиялык жол менен тандалып алынганын баса белгилеп жатышат. Э. Имамоглу бир убакта 1994-1998-жылдардагы Режеп Тайип Эрдоган сыяктуу Стамбул мэри катар шаарды көтөрүп кете алса, кийинки президенттик шайлоодо негизги талапкер болуп калышы мүмкүн. Эрдогандын ким Стамбулду жеңсе ал Түркияны жеңет деген сөзү да бар.

Президенттин убадасы жана чарасы

Түркиядагы шайлодогу түркиялык кыргыздардын карааны

Улуупамир айылына жаңы айыл өкмөт болуп шайланган Ахмет Варол. Жанындагы калпакчан Дастан Раззак уулу. 2023-жыл 7-октябрь, Улуупамир айылы.

Сүрөттүн булагы, Dastan Razzak uulu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуупамир айылына жаңы айыл өкмөт болуп шайланган Ахмет Варол. Жанындагы калпакчан Дастан Раззак уулу. 2023-жыл 7-октябрь, Улуупамир айылы.

Президент Режеп Тайип Эрдоган шайлоодон кийин Анкарада эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул жеңилүү бизди кайра жандандырат, бутка тургузат, эл бул шайлоо менен бизге белгисин берди деди. Түркияда демократия жеңди, биз мындан кийин болгон күчүбүз менен иштейбиз деп билдирди.

Эксперттердин айтуусунда азыр президент жана командасында эки жол бар. Экономиканы оңдоп кетүү же отставка. Азыркы бийлик инфиляция жана лиранын девальвациясын азайтпаса да ушул абалында кармап калышы керек да кайра өнүгүү жолуна түшүшү керек. Учак жасоо, танк чыгаруу, тик учак чыгаруу, унаа чыгаруу, согуштук кемелерди чыгаруу сыяктуу ири долбоорлору ансыз да жасалды, буларды аз болсо да токтотуп, калктын кедей катмарын көтөрүп, ишкерлерге ылайктуу шарт түзүп бериши керек. Ошондо гана бийлик мөөнүтүнүн аягына чейин сактап калат.

Ошол эле мезгилде бийликтин экономиканы көтөрүп кетиши мурдагыдан да кыйын абалга туш болгонун белгилешет. Анткени Түркия экономикасы шаарларга байланаган. Ар бир шаардагы ишкана ошол шаардын бюджетине түшөт. Көпчүлүк шаарды утуп алган оппозиция бийликти кулатуу жан калктын көзүнөн түшүрүү үчүн болгон аракетин жасайт. Натыйжада Түркияда президент мөөнөтүнөн мурда отставкага кетиши мүмкүн. Бул нерсе Түркиянын тарыхында болуп келген. Эгер бийликке республика партиясы келип калса экономиканы көтөрүп кете албай, болгон күнөөнү мурдагы бийликке оодарып коюшу мүмкүн деген анализдер бар. Азыркы өкмөт болгон күчүн калктын калың катмары менен алектениши керек.

Бул шайлоодо айыл өкмөттөр үчүн да жарыш болуп, Вандагы Улуупамир айылындагы кыргыздар да өзүнүн айыл өкмөтүн тандап алды. 5 талапкер ат салышып Ахмет Варол аттуу кыргыз айыл өкмөт болуп шайланды.