You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Ийгиликтүү модель". Тайвань күчтүү жер титирөөгө кантип даярданды?
Акыркы чейрек кылымдагы Тайвандагы эң күчтүү жер титирөө 7,4 баллга жетип, кеминде тогуз адам каза болуп, 700дөн ашууну жаракат алды. Бирок мындай чоңдуктагы табигый кырсык үчүн — кыйроонун масштабы, эң негизгиси адам курмандыктары салыштырмалуу аз. Эмнеден улам?
Салыштыруу үчүн: 1999-жылы ушундай эле баллдык жер титирөө бул жерде эки миңден ашуун адамдын өмүрүн алган.
АКШнын Тайвандагы элчисинин милдетин аткаруучу Сандра Оудкирк Фейсбуктагы тайвандыктарга жасаган кайрылуусунда: "Тайвань дүйнө жүзүндөгү коомчулуктар үчүн табигый кырсыктардын алдын алуунун, табигый кырсыктарды жоюунун жана гуманитардык жардамды көрсөтүүнүн ийгиликтүү моделин көрсөттү" деп жазды.
Тайванда жер титирөө сейрек эмес: арал эки тектоникалык плитанын кошулган жерине жакын жайгашкан. Көптөгөн жер титирөөлөр калкы сейрек жана негизинен айылдар жайгашкан чыгыш жээгинде болот.
1999-жылдагы жер титирөө (аралда "Жер титирөө 921" деп аталат, анткени ал 21-сентябрда болгон) 5 миңден ашык имаратты кыйратып, 2,4 миңден ашуун адамдын өлүмүнө алып келген жана өкмөттү курулуш нормаларын, ошондой эле табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгууга мажбур кылган болчу.
21-сентябрда бүтүндөй Тайванда табигый кырсыктарды жоюу боюнча машыгуулар күнү өтөт. Бул күнү жарандарга жер титирөө, цунами сыяктуу кырсыктар тууралуу билдирүүлөр мобилдик телефондоруна жөнөтүлүп, аралдын ар тарабындагы мектептерде эвакуациялоо боюнча машыгуулар өткөрүлөт.
Ал эми Тай Юн-фа, Тайвандын жер титирөөгө туруктуу курулуш материалдарын иштеп чыгуучу Alfa Safe компаниясын жетектеген инженер-куруучу, катаал курулуш нормалары аралды табигый кырсыктарга жакшыраак даярдоого жардам бергени менен, айрым курулушчулар дагы деле жаңы эрежелерди кыйгап өтүп, имараттарды куруп жатышат деп эсептейт.
«Долбоорду иштеп чыгуу дагы деле төмөн баага багытталган, ошондуктан эң жакшы сапатка жетишүү мүмкүн эмес», - дейт ал.
Лондон университетинин колледжинин геотехникалык жактан жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш боюнча профессору Зигги Лубовски Би-Би-Сиге берген маегинде Тайвандан кыйраган сүрөттөрдөгү имараттардын көбү эскирип, заманбап курулуш стандарттарына жооп бербей турганын белгиледи. "Урап калбай, бир жагына кыйшайып калган имараттар дизайн өзгөчөлүктөрүнө караганда, өздөрү көбүрөөк жолдуу экен" дейт ал. Анын пикиринде, урап калгандардын ордуна курула турган жаңы үйлөр азыртадан эле заманбап талаптарга жооп берет.
"Бетон сыяктуу материалды колдонгондо да, эгер бетондун ичине арматуранын туура көлөмүн салып, жер титирөөнү көтөрө ала турган ийкемдүү конструкцияны түзүү үчүн темирди туура детализация кылганда да, ал ийилип жыла алат" деди ал. - Жарака кетиши мүмкүн. Жарым-жартылай бузулушу мүмкүн, бирок имаратты тикесинен кармап тура берет”.
The Mustard Seed Mission Христиан уюмунун Хуалиен округундагы кеңсесинин директорунун орун басары Донна Ву бийликтер 2018-жылдагы жер титирөөгө баш аламан жооп кайтарганын жана мындан сабак алганын айтты.
2018-жылы жети адамдын өмүрүн алган 6,4 баллдык жер титирөөдөн кийин жергиликтүү бийлик кырсыктарга жооп кайтаруу жана жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарга координациясын күчөттү.
Бул жолу уезддин кызмат адамдары жана полициясы, ошондой эле Хуаляьн шаарынын борборундагы жабыркаган аймактардын тургундарын эвакуациялоого жардам берген башка бөлүмдөр биргелешип, жабыркаган имараттардын бирин кийинки силкинүүлөрдө кулаганга чейин тазалап чыгышты.
"Буга чейин баары бир эле нерсени кыла берчү, эч кандай координация болгон эмес" деди Ву. "Бул жолу ар бир топтун өз милдеттери бар."
Тайвандын табигый кырсыктарга жооп берүү системаларын жогорку даярдыкта кармап турууга дагы бир жүйөлүү себеби бар. Бул — аралга аскердик жана саясий басымды тынымсыз күчөтүп жаткан Кытайдын ыктымал чабуулу.
Уюлдук телефондорго эскертүүлөрдү жөнөтүүчү жер титирөө жөнүндө эскертүү системасы — өкмөт Кытайдын жакындап келе жаткан аба чабуулу жөнүндө эскертүү үчүн колдонгон системанын дал өзү.
Тайвань жыл сайын Миньань жарандык коргонуу машыгуусун өткөрөт. Формалдуу түрдө алардын максаты табигый кырсыктарга даярдануу болсо, өткөн жылы бул машыгуулардын алкагында Кытай тараптан кол салуу болгондо эмне кылуу керектиги да практикаланды.
Тайвандын Санарип технологиялар министрлиги 2022-жылы гана иштей баштаган жана учурда байланыш түйүндөрүнүн туруктуулугун камсыз кылуу боюнча аракеттерди жетектеп жатат, акыркы жер титирөөдөн кийин тармактар, айрыкча интернет байланыштары чоң зыянга учурабаганын айтты.
Издөө-куткаруу тобунун мүчөлөрү Тароко улуттук паркына барууга даярданууда.
Тайвандын шаарларында жана округдарында куткаруучулар күнү-түнү нөөмөттө турушат, алар табигый кырсыкка дароо жооп берүүгө даяр.
Мисалы, акыркы жер титирөөдөн бир саатка жетпеген убакыт өткөндөн кийин, түштүктөгү Каосюн шаарынын бийликтери Хуаляньга баруу үчүн куткаруу топторун мобилизациялашты жана аларды жакын жердеги Пингтун авиабазасына учактарга отургузуу үчүн жөнөтүштү.
Мындай командалар дүйнөнүн башка кырсык зоналарына дайыма жөнөтүлүп турат. Тактап айтканда, былтыр катуу жер титирөө болгон Түркияга учуп кетишкен. (МА)