You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапониядагы кыргыз: жер титирөөдө беш жыл бузулбай турган нан, суу таратканда таң калдым
Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек
Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен соңку жер титирөө дүйнөнүн көңүлүн бурду. Ошол тушта цунами каптап кетиши мүмкүн деген кабар тилсиз жоону ого бетер олуттуу көрсөткөнү турган иш. Көбү Фукусимадагы оор кыйроону, анын келечекке чейин таасир берчү залалдарын ойлоп, селт эткендей болду.
4-январга карата жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 70 киши экени айтылууда. Эң көп жабыр тарткан шаарлар Вадзима жана Сузу болуп калды. Вадзимада 44, Сузуда 23 адам каза болгон. Кыйраган имараттардын алдында аман калгандарды издөө, куткаруу аракеттери уланууда. Элүү бир адам дагы эле дайынсыз. Жалпысынан 330 адам жаракат алганы кабарланды. Жапониянын жээк коопсуздук кызматы жер титирөөдөн улам келип чыккан цунамиде дайынсыз кеткендерди издеп жатат. Миңдеген адам эвакуациялоо борборлорунан башпаанек табышты. Учурда үйлөргө жана имараттарга келтирилген зыяндын көлөмү толук эсептелип чыга элек. Дал ошол табигый кырсык учурунда эскертүү берилген аймакта жүрүп, окуяга күбө болгон кыргызстандыктар менен Би-Би-Си байланышып, ал-акыбалын сурады. Алардын бири Темиркул Бердибеков.
Темиркул: Мен бул жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Тояма деген шаарда жашайм. Эч нерседен капарыбыз жок эле жаңы жылды чогуу тособуз деп достор чогулган элек. Ал тургай дал ошол күнү кеме менен деңизге саякатка чыкканбыз. Эмнегедир адаттагыдан катуу, күчтүү толкун болуп жаткан. Ага деле көп маани берген эмеспиз. Жээкке чыгып, андан кийин унаага отуруп бара жатканбыз. Унаада төрт жигит отурган элек. Бир убакта баарыбыздын телефонубузга бирдей эскертүү коңгуроосу келди. Бул адаттагы смстерден башкача келет. Жер титирөө болот экен дегенди окугандан көп өтпөй эле жер титирей баштады.
Би-Би-Си: Ошол учурду сүрөттөп айтып бере аласызбы?
Темиркул: Унаада бара жаткан элек. Кадимкидей термелип, унаабыз чайпалып кирди. Жолдо жол чырактар аркы-терки ийилип жактандай көрүндү. Бир убакта күчөдү. Ошондо бул болжолдуу 6-6.5 балл деп ойлодум. Такай болбосо дагы маал-маалы менен мындай эскертүү келип тургандыктан анчалык бушайман болгон жокмун. Бирок катуу эле титиреди. Болгондо да катуу термелүү кырк секунддай даана сезилип турду. Ошондон көп өтпөй цунами капташы ыктымал деген эскертүү келгенде кадимкидей корктук. Жапониялыктар окуяны дароо чагылдырган каналга туташып, жагдайга байкоо салып калышты. Майрамдан кийин салыштырмалуу жымжырт, көчө бош эле. Бир заматта коопсуз жайга чыгыш керек деп көчөлөр унаага толуп кетти.
Би-Би-Си: Жапандар андай учурда өздөрүн кандай алып жүрүшөт экен?
Темиркул: Көчөгө унаа толуп кетти дебедимби. Ошого карабай тартипти, эрежени абдан карманышат экен. Эч ким ызы-чууга алдырган жок, тыгын болбоду, башаламандык болбоду. Көрсө мектептен тарта эле ушунун баарын үйрөтүп, атайын көндүмдөрдү калыптандырат экен, ошого өздөрүн абдан сабырдуу алып жүрүшөт.
Би-Би-Си: Коопсуз жайга чыгуу эскертүүсү берилгенде эмне кылдыңыз?
Темиркул: Ар бир аймакта андай жайлар алдын ала уюштурулуп, дайым даяр турат. Бул жолу да так ошондой болду. Атайын аянтка чогулдук. Атайын мештер, жылуу кийим, жууркан-төшөк белен экен. Ошол жерде мени аябай таң калтырганы суу, менен нан болду. Ал адаттагыдан башкача экен, суусу да башкача. Кутунун сыртын карасам нан 2030-жылга чейин жарамдуу, бузулбайт деп турат. Суунун жарамдуу мөөнөтү беш жылга жетет экен. Ошого абдан таң калдым.
Би-Би-Си: Азыр элдин маанайы кандай?
Темиркул: Биз мүмкүнчүлүк болору менен башка аймакка жөнөп кеттик эле. Бирок баарын байкап, карап жатабыз. Дүрбөлөң түшкөн киши жок. Жер титирейт дегенди укканда биз Жапониядабыз, бул жерде анын баары эске алынган, кыйрабайт, кулабайт деп кабыл алдык. Чынында ошондой болду. Айрым жерлерде жер жарылып, жолдор көтөрүлүп, козголгонуна карабай жаңы имараттар эч нерсе болгон жок. Жаңылыктарда эски имараттардын айрымдарында кыйроо болгонун көрсөтүп жатат.
Би-Би-Си: Убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылык билдирем, кырсыктан сырткары болуңуздар!
Темиркул: Чоң ырахмат!
Адистердин айтымында, жер титирөөлөр ушул апатада дагы уланышы мүмкүн.
Ливерпуль университетинин геология профессору Дэн Фолкнер Би-Би-Сиге: "Жапонияда катталышы мүмкүн болгон айрым афтершоктор (ред. негизги зилзаладан кийинки, андан жеңилирек силкинүүлөр) дале күчтүү болот жана негизги зилзаладан кийин коопту абалга келген инфраструктурага жана имараттарга таасир этиши мүмкүн" деди.
Жапониянын метеорологиялык агенттиги (ЖМА) билдиргендей, дүйшөмбү күнү эртең менентен бери Японияда ар кандай магнитудадагы 155 жер титирөө катталды, анын ичинде 7,6 баллдык негизги силкинүүлөр бар.