"Клооптун" мурдагы эки оператору беш жылга абакка кесилди

Сүрөттүн булагы, "Клооп" басылмасы
Кыргызстандагы кеңсесин жабууга аргасыз болгон "Клооп" басылмасынын мурдагы эки оператору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров беш жылга жалпы тартиптеги колонияга кесилди. Алардын жактоочулары жана "Клооп" мындай өкүмдү негизсиз деп эсептейт.
Операторлорду күнөөлүү деп тапкан өкүмдү 17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Үмөталиева чыгарды. Анын чечими менен басылманын эки эсепчиси үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотулду.
Операторлор менен эсепчилерге Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык жасоо" беренеси боюнча айып коюлган. Прокурор Дуулатов менен Александровду сегиз жылга, эки эсепчини алты жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.
"Клооп" басылмасы билдиргендей, операторлор менен эсепчилердин кылмыш ишине негиз берди делген беш видеого эч кандай тиешеси жок жана бул беш материалдын баарын чет өлкөдөгү иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн YouTube порталындагы Temirov Live каналы үчүн даярдаган.
«Айыптоочу тарап Temirov Live жана башкалар менен мындан ары байланышын токтотушу үчүн Кыргызстандагы башка журналисттерди коркутуп коюну көздөгөндөй таасир калууда", - деп билдирген сот отурумунда айыпталуучулардын адвокаттарынын бири.
Резонанс жараткан иликтөөлөрү менен таанымал "Клооп Медиа" Кыргызстанда былтыр соттун чечими менен жабылган. Басылманын айрым журналисттери чет жактан иш алып барып, жаңылыктар сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын жаңыртып турушат.
Быйыл май айында бул басылма менен мурда-кийин кызматташкан он чакты адам суракка алынган. Анын натыйжасында Дуулатов менен Александров камалган. Сурак берген айрым журналисттер видео аркылуу "Клооп" менен мындан ары кызматташпай турганын айтышкан.
Ал кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Клоопту" "мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялаган" деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да "Клооптун" кызматкерлерин Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Темиров "жалган иликтөөлөрдү даярдоо" үчүн каржылап келген деп билдирген. Болот Темиров мындай айыптоону четке каккан.
Басылма жазгандай, 16-сентябрдагы отурумда операторлор Дуулатов менен Александров басымдан улам жана үй камагына чыгарабыз деген убададан улам адеп өздөрүнө коюлган айыптарды моюнга алууга аргасыз болушканын, бирок тергөөдөгү мындай көрсөтмөлөрүнөн кайра баш тарта турганын айтышкан.
Медиа тармагында иштеген эки кызматкердин абакка кесилиши "Чек арасыз кабарчылар" сыяктуу уюмдардын басма сөз эркиндигине байланыштуу баяндамаларында Кыргызстандын көрсөткүчтөрү соңку жылдары начарлап жаткан учурга туш келди.












