Судандагы төңкөрүш: Каза болгондор жана жаракат алгандар бар

Сүрөттүн булагы, SUPPLIED
Судандын бийлигин армия басып алып, ага каршы болуп акцияга чыккандарга аскерлер ок атты. Бери эле дегенде он киши каза болуп, 80дей адам жаракат алган.
Куралдуу күчтөр жарандык башкарууну таркатып, саясий лидерлерди камаганы үчүн жана дүйшөмбү күнү өзгөчө кырдаал жарыялаганына нааразы болгондор көчөгө чыгышкан.
Төңкөрүш дүйнө жүзү боюнча айыпталып, АКШ жардам үчүн бериле турган $700 миллионду токтотуп койду.
Төңкөрүштүн лидери генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан аскердик иш-аракеттер үчүн саясий тирешти күнөөлөдү.
Судандагы төңкөрүштө премьер-министр менен анын кабинети камакка алынып, өкмөт таркатылды.
Саясий чыңалуулардан тышкары Судандын экономикасы терең кризиске батып, инфляция жана азык-түлүк, күйүүчү май, дары-дармек жетишсиздиги күчөп кеткен.
Бул төңкөрүш бир нече жылга созулган үзгүлтүктөн кийин Судан менен мамилесин бекемдей баштаган көптөгөн эл аралык күчтөргө эскертүү болуп калды.
Төмөндө Судандагы кырдаал боюнча билишиңер керек болгон маалыматтар.
Төңкөрүштүн чыгышына эмне себеп болду?

Сүрөттүн булагы, SUPPLIED
Судандын авторитардык президенти Омар ал-Башир бийликтен кулатылгандан кийин, 2019-жылдын август айынан бери, аскердик жана жарандык лидерлер бийликти бөлүшүп келаткан.
Баширди аскерлер кулаткан эле. Бирок жарандык башкарууну талап кылган массалык нааразычылыктар аскерлерди демократиялык өкмөттү түзүүгө багытталган план боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө мажбурлаган.
Учурда өлкөнү жарандык жана аскердик лидерлер биргеликте башкарып, аталган өткөөл мезгилде баратканы айтылат. Бул биргелешкен комитет “Эгемен кеңеш” катары белгилүү.
Бирок аталган эки топ чын-чынында бири-бири менен душмандай болуп келишкен.
Чыңалуунун артында эмне турат?

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөөл өкмөттөгү аскердик лидерлер өздөрүнүн жарандык шериктеринен реформаларды талап кылып, кабинетти алмаштырууга чакырган. Бул жарандык лидерлер тарабынан бийликти басып алуу катары четке кагылган.
2019-жылдан бери бир нече жолу төңкөрүш жасоо аракети болуп, алардын эң акыркысы өткөн айда орун алган.
Жарандык блоктун башчысы, премьер-министр Абдалла Хамдук Баширдин тарапташтарын айыптап чыккан. Алардын көпчүлүгү аскердик, коопсуздук кызматтарында жана башка мамлекеттик институттарда иштегени айтылат.
Соңку апталарда аскерлерди колдогон митингчилер борбор шаар Хартумга автобустар менен барып, аларга каршы премьер-министрди колдогон башаламан ири акциялар орун алган.
Аскерлерди колдогон митингчилер өкмөттү элдин жашоосун жакшырта албай койду деп күнөөлөшкөн.
Өлкө экономикасын реформалоо боюнча Хамдуктун кадамдары - мисалы, күйүүчү майга болгон субсидияларды кыскартуу - айрымдарына жаккан эмес.
Судандын саясий алсыздыгы көптөн бери уланып келаткан көрүнүш.
Регионалдык аналитик Магди Абделхади жазгандай, мурдагы жылдардагы саясий партиялардын бөлүнүп жарылуусу жана мунасага келе албоосу армиянын кайра-кайра кийлигишүүсүнө жол ачкан. Тартипти орнотуу шылтоосу менен төңкөрүштөрдүн чыгышына алып барган.
Бүгүнкү күндө Суданда бери эле дегенде 80 саясий партия бар.
Дал ушул жикчилдик “Эгемен кеңешти” да айланып өткөн эмес. Аскердик жана жарандык тараптардын ички бөлүнүп жарылуусу саясий мунасага жетүүнү ого бетер оорлоштуруп салган.
Азыр эмне болуп жатат?

Сүрөттүн булагы, SUPPLIED
“Эгемен кеңештин” башчысы генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан өзгөчө кырдаал жарыялап, министрлер кабинети менен кеңешти таркаткан.
Ошондой эле, ал шайлоо 2023-жылдын июлунда өткөрүлөрүн билдирди.
Өкмөт башчысы Хамдук башка бир нече министрлер менен бирге кечээ аскерлер тарабынан кармалганы айтылууда. Мамлекеттик теле жана радио компаниялардын башкы имараттарын дагы аскерлер колго алган сыяктуу.
Интернет дагы чектелип калган.
Африка Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана ошондой эле Араб Лигасы менен АКШ дүйшөмбү күнкү төңкөрүш үчүн тынчсызданып жатканын билдиришти.
Эми эмне болушу ыктымал?

Сүрөттүн булагы, SUPPLIED
Африка боюнча аналитик Алекс де Валдын оюнча, Судандагы “жарандык мобилизациянын эбегейсиз мүмкүнчүлүгүн” эске алганда, төңкөрүш ар дайым эле “келишимдин бүткөнүн” билдире бербейт.
“Качан гана аскерлер чектен өтүп баратса, көчө аракетке өтүп, аларды артка тартып койчу. Азыр ошону көрүп жатабыз деп ойлойм”, - деди ал BBC Newshour берүүсүндө.
Маалымат министрлигинин Facebook барагындагы билдирүүгө ылайык, премьер-министр адамдарга кайрылып, өкмөттү колдоого чакырган.
Хартумдан тартылган сүрөттөрдөн жана берилип жаткан маалыматтардан көрүнгөндөй, шаарга митингчилер чыккан.
Кыймылды чектөө үчүн аскерлер дагы тартылган.
2019-жылдын июнунда, демократиялык келишим түзүлгөнгө чейин, аскерлер Хартумда митингчилерге ок атып, бери эле дегенде 87 киши каза болгон.
Азыр эки тарап бири-бирине каршы болуп жаткан чакта ошол массалык кыргындын элеси адамдардын эсинен чыга элек. (EA)








