Чарльз III дайындаган биринчи премьер-министр Риши Сунак

Чарльз III менен Риши Сунак

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ мыйзамдарына ылайык, король өкмөт башчыны формалдуу түрдө дайындайт

Шейшембиде Улуу Британиянын королу Чарльз III Консервативдик партиянын жаңы лидери Риши Сунакты расмий түрдө премьер-министр кызматына дайындады. 42 жаштагы Риши Сунак бул жылдагы үчүнчү премьер жана акыркы 200 жылда эң жаш өкмөт башчысы болду. 

Мурдагы каржы министри Сунак теги түштүк азиялык биринчи премьер-министр. Анын атасы Яшвир Cунак дарыгер, апасы Уша Сунак фармацевт.

Буга чейин экс-премьер Борис Жонсондун ата-бабалары түрк тектүү болгону да айтылып келген. Баса, Жонсон Сунакты кызматка киришүүсү менен куттуктап, партиялаштарына жаңы премьер-министрге толук жана чын жүрөктөн колдоо көрсөтүү азыр маанилүү экенин эскертти.

"Британия улуу өлкө, бирок биз терең экономикалык кыйынчылыкка туш болуп жатабыз [...] Бизге азыр стабилдүүлүк жана биримдик керек. Мен биздин партия менен өлкөбүздү бириктирүүнү эң башкы приоритет кылам", - деди Сунак кайрылуусунда. 

Ал мурдагы өкмөт башчы Лиз Трасс кетирген айрым катачылыктарды оңдоо үчүн Консервативдик партиянын лидери жана премьер-министр болуп шайланганын баса белгилеп, “тез арада” ишке киришүүгө убада берди. Трасс премьерликке 5-сентярбрда дайындалып, 45 күндөн кийин отставкага кеткен. Ал маркум ханыша Елизавета II дайындаган акыркы премьер-министр болду. 

Лиз Трасс өткөн апта кызматтан кеткенден кийин оппозициялык партиялар мөөнөтүнөн мурда жалпы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Бирок дүйшөмбү күнү Риши Сунак бул сунушту четке какты.

Адаттагыдай Сунак "күчтүү коомдук саламаттыкты сактоо системасы (NHS), жакшы мектептер, коопсуз көчөлөр, чек араларды көзөмөлдөө, айлана-чөйрөнү коргоо, куралдуу күчтөрдү колдоо жана жашоо деңгээлин жогорулатууну" убада кылды. 

Либерал-демократтар Сунак өз кайрылуусунда келе жаткан кыштан кооптонгон коомчулукту “тынчтата алган жок” деп эсептешет. Алардын лидери Эд Дейви жаңы премьер-министрдин кезексиз парламенттик шайлоону өткөрбөө чечимин “Консервативдик партия британ элине ишенбестигин көрсөтөт” деп билдирди. 

Лейбористтик партиянын төрайымы Аннелиза Доддс Сунактын конкреттүү саясий сунуштарынын жоктугун сынга алып, Консервативдик партиянын "экономикалык каталары үчүн карапайым эл кесепеттерин тартып жатат" деди. Доддстун айтымында, өлкө "таза барактан баштап, жалпы шайлоо өткөрүү" керек. 

Аннелиза Доддс

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лейбористтердин лидери Аннелиза Доддс

“Риши Сунак 12 жылдык ийгиликсиз консервативдик башкаруунун бир бөлүгү болгон, - деди ал. - Өткөн шайлоодо эл жогорку салыктар, төмөн экономикалык өсүш үчүн добуш берген эмес, бирок, албетте, Риши Сунак анын катарында турган”. 

Консерваторлордун мурдагы лидери Лиз Трасстын экономикалык программасы шарттаган кризистен кийин алардын рейтинги бир убакта 15%дан ашпаган эң төмөнкү деңгээлге түштү.

Украинаны колдоо саясаты

Сунак жана Зеленский

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри Риши Сунак Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. 

Украин президентинин кеңсеси билдиргендей, сүйлөшүүдө Зеленский менен Сунак “украин-британ мамилелеринин жаңы барагын жазууга” макул болушту. Эки тараптуу мамилелердин негизги багыты ошол эле бойдон калууда - Орусиянын агрессиясына каршы толук колдоо. 

Британ премьер-министринин кеңсеси өлкө "Украинага туруктуу колдоо" көрсөтө турганын билдирди. Сунак менен Зеленский Путиндин режимине экономикалык санкциялар аркылуу кысым көрсөтүүнү улантуу зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эле британ өкмөтүнүн башчысы Зеленский менен жакында көрүшүүгө үмүттөнөрүн айтты. 

"Украинанын президенти Владимир Зеленский менен бүгүн кечинде сүйлөшүү мен үчүн сыймык болду. Ал да, украин эли да Улуу Британиянын толук тилектештигине жана колдоосуна ишенсе болот. Биз ар дайым Украина тарапта болобуз", — деп жазды кийинчерээк Сунак Твиттер-баракчасына. 

АКШнын Ак үйү тараткан маалыматта Риши Сунак Украинага колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кытайга туруштук берүү үчүн биргелешип иш алып барууга президент Жо Байден менен макулдашканын айтылат. 

“Алар [Жо Байден менен Риши Сунак] Украинаны колдоо жана Орусиянын агрессиясы үчүн аны жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле Кытай шарттаган көйгөйлөрдү чечүү, туруктуу жана жеткиликтүү энергетикалык ресурстарды камсыздоо үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн макулдашты”, - деп берилет Ак үйдүн билдирүүсүндө. (ЕВ)

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: