Ийилчээк темир айым. Лиз Трасс - Британиянын жаңы премьер-министри

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Юри Вендик
- Role, Би-би-си
Улуу Британияда Консервативдик партиянын лидери болуп, демек өкмөт башчысы болуп Элизабет Трасс шайланды. Британдык жаңы "темир айым" болгусу келип жаткан Тори партиясынын 47 жаштагы саясатчысы салыктарды азайтып, Путиндин тизгинин тартарын убада кылууда.
Формалдуу алганда Трассты премьер-министр кызматына королева дайындашы керек, бул шейшембиде болгон жатат.
Азыркы убакта Трасс - таптаза консерватор жана оңчул либерал. Ал керек убакта өзүнүн ишенимдеринен баш тартып кетеби деген бүйүр кызыткан суроо бар.
Августтун орто ченинде болгон шайлоодо Лиз Трасс консервативдик партиянын лидери үчүн болгон жарышта атаандашы Риши Сунакты чаңында калтырды: ага добуш берген партия мүчөлөрү 60%, ал эми Сунакка берилген добуш - 28% болду.
Башкаруучу партиянын мүчөлөрү гана добуш берген бул шайлоонун жеңүүчүсү дароо британ өкмөтүнүн башчысы болуп калат.
Улуу Британиянын тарыхындагы биринчи премьер-министр болгон Маргарет Тэтчер сыяктуу даркан айымдан кийин өкмөт башына келген айым саясатчылардын баарына "темир айым" деген ылакап атты чапташып, жарайбы-жарабайбы деп сынап көрүшүүдө.
2016-2019-жылдары премьер болгон партиялык функционер Тереза Мэйди дагы ушундай сындан өткөрүшкөн, бирок ал бул атакка караандаган жок.
Лиз Трасс Мэйге караганда чечкиндүү жана идеяга берилген лидер консерватор болгон Тэтчерге көбүрөөк окшойт, Трасс өзү дагы бул окшоштукту акырын-аста белгилеп коюп жатат.
Төрт жыл мурда ал шотландиялык Scotsman деген гезитте бир колонканы баштап, жети жашында Шотландиядагы биринчи окуган мектебинде дебаттар убагында Тэтчердин ролун аткарганын жазган эле. Анткен менен Тэтчердин Шотландиядагы кадыр-баркына токтолгон эмес. Бирок образ "ойной баштады", Тэтчер жана Трасс деген фамилиялар катар турабы, жетет ошол.
Азыр британдык басма сөздө анын Чыгыш Европада танкка чыгып сүрөткө түшкөнүн, теледебаттарга көк кофта кийип келгенин жазып жатышат, мунун баары Тэтчердин медиа образын кайталап эске салуу.

Сүрөттүн булагы, PA Media
ТИМде анын кол астында иштегендер Трасс "Инстаграмдагы" баракчасын өзү карай турганын, өзүнүн образын өз колу менен түзүп жатканын айтышат.
Кеп анын тышкы белгилеринде эле эмес. Эл алдында сүйлөгөн сөздөрү менен макалаларында Трасс идеяга терең сугарылган саясатчы катары көзгө түшүүдө. Улуу Британияда отуз жылдан бери, чыныгы тори, оңчул либерал Тэтчерден бери мындай эч ким боло элек эле.
АКШ менен Европада соңку он жылдыктарда либерал деп аталгандар эмес, нукура либерал - инсандын эркиндиги жана ишкерликтин эркиндигин жактагандар жөнүндө сөз болууда.
Ошол эле убакта Трасс чиркөөгө барбайт жана бир жыныстуу никеге добуш берген - азыркы британдык консерватизмдин жүзү ушундай.
"Кандай болгон күндө да өзүнүн жактоочуларынын көз карашында ал - салыктарды азайткан Маргарет Тэтчер менен Рональд Рейгандын мураскору",-деп жазды Трасс жөнүндө лидер шайлоо башталып жатканда Times гезити.

Сүрөттүн булагы, Russian Foreign Ministry
Европада согуш жүрүп жатат, Улуу Британия тышкы иштер министри Лиз Трасстын колу менен Украинага активдүү жардам берүүдө. Андан башка маанилүү маселе азыр жоктой көрүнгөн менен, согуш менен кошо экономикалык кризис келди. Ошол себептүү экономика Трасс менен Сунактын талкуусунун башкы темасы болду.
Анын үстүнө Россия менен Украина маселесинде алардын көз карашында ажырым жок.
"Мен шайлоодо консерватор катары күрөшөм жана консерватор катары башкарам"-деп жазды Трасс Telegraph гезитиндеги манифест-программасында. - Эл анын жашоосун өкмөт башкарып же акчасын ашыкча чачканын каалабайт. Ошондуктан мен бүт жашоомдо консерватизм принциптери үчүн туруп келатам".
Трасс салыкты азайтууну убада кылууда. Атап айтканда, анын атаандашы, финансы министри Риши Сунак киргизген же киргизүүнү пландаган салыктарды кыскартарын айтып жатат.
Натыйжада британдык бюджетке мурда пландалган көп миллираддаган акча түшпөй калышы мүмкүн.
Андан сырткары, Трасс мамлекеттик чыгымдарды ревизия кыларын, фирмаларга жөнөкөй эрежелер менен талаптар каралган инвестициялык зоналарды түзөрүн айтууда.
Трасс майда-барат маселеде, символикалуу иштерде дагы либерал болууга аракет кылууда.
Мисалы, ал кант менен туз же май көп кошулган суусундуктар менен тамактарга кошумча салык салуу жана сатууну чектөө жөнүндө кесиптештери көтөргөн сунуштарга каршы болууда.
"Жетишет, өкмөт адамдарга эмне жеп, эмне коюшту таңуулабай эле койсун", - деди ал.
Кесипкөйийилчээктиги
Трасстын өжөр мүнөзү менен жылдызына ийибей жаткандардын оюндагы суроо: ал принциптер жөнүндө канчалык чын ниетинен сүйлөп жатат?
"Көп жылдардан бери билгендер деле аны сөзгө канчалык бекем болду экен же азыркы убакта элди алыш үчүн эле сүйлөп койдубу деп күмөн саноодо",-деп жазды америкалык Си-эн-эндин британдык серепчиси.
Мэри Элизабет Трасс (Ал Александер Борис де Пфеффель Джонсон сыяктуу биринчи эмес, экинчи атын колдонгонду жактырат) - кесипкөй саясатчы, бүт карьерасында өзүн кырдаалга карап өзгөргөн, прагматик катары көрсөтүп келатат - айтор көбүнчө көңүлгө тийчү сөздөр менен айтылган сапаттар. Мисалы, "Принципсиз" же "флюгер".

Сүрөттүн булагы, Reuters
Азыркы учурда Трасстын шайлоочулары - тори партиясынын мүчөлөрү, алардын көбү Трасстын сөзүнө уюп жатат. Эми партиясын баштап жалпы парламенттик шайлоого барганда, консерваторлор эле эмес, жалпы элдин басымдуу бөлүгүнө жагыш үчүн эмне дейт болду экен?
Азыр болсо Трасстын инсандар менен ишкерлердин эркиндиги үчүн көп жылдардан бери катуу жана туруктуу сүйлөп келатканы анын пайдасына ойноп жатат.
Бирок бул жол жаңы башталганда мындай түз болгон эмес.
Дээрлик отуз жыл мурда Лиз Трасс окуш үчүн жөн эле бир жакка эмес, британдык саясий элитанын башкы инкубатору болгон Оксфордко, PPE адистигине тапшырган. ("Философия, саясат, экономика").
Оксфорддо экенде солчул ишенимдеги үй-бүлөнүн кызы ортомчул либерал-демократиялык партияга ыктады. Үзөңгүлөштөрү азыр эскергендей, анда кара куурайды мыйзамдаштыруу жана монархияны жоюуну жактады. Бирок бул идеялар британдык консерваторлорго эч качан жакын болгон эмес.
"Ал убакта Трасс баңгизаттарды декриминализация кылуу же монархияны жоюу жөнүндө болобу, элге алыныш үчүн ойногон деп ишенем. Менин оюмча, ал ар кандай аудиторияга ойногондордун бири, мурдабы-азырбы, ал эмнени айтып жатса, ошого ишенет, буга көзүм жетет",-деди Си-эн-энге либерал-демократиялык партиядагы мурдагы тарапкери, ал эми азыр консерваторлордун кашкөй оппоненти Нил Фосетт.
Университетти бүтүп жаткан 1996-жылы Трасс либералдык демократтардан торилерге өтүп кетти.
Андан кийин бухгалтер болуп кыйла жылдар иштеди, кайсы бир жакка шайланууга бир нече жолу аракет кылып көрдү. Лондондун райондорунун бирине болгон шайлоодо жолу ачылды. Акыры, 2010-жылы Дэвид Кэмерондун командасына кошулуп, Жалпы палатага шайланды.

Сүрөттүн булагы, Jane Barlow/PA Wire
Трасс ошондон бери партиянын жаңы лидерин колдогонунан жазбай, үч премьерге тең берилип иштеп, өрдү көздөй гана келатат. Адегенде айлана чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министри болду, андан кийин юстиция министри, тышкы соода министри жана тышкы иштер министри.
Трасс жөнүндө анын брексит убагында чукул бурулуш жасаганын көп айтышат.
2016-жылдагы референдумга чейин, европачыл Кэмерондун убагында ал Евробиримдиктен чыгууга каршы болду. Кэмерон отставкага кеткенде ал жаңылышып жүргөнүн билдирип, эми Евробиримдиктен чыгууга үндөй турганын жар салды.
Тереза Мэйден кийин келген брекситер Жонсон аны адегенде тышкы соода министри кылды. Трасс эркин соода жөнүндө ар кандай өлкөлөр менен келишим түзгөнү чапкылап жүрдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Торинин болочок лидери жана кийинки премьер-министр болот деп Лиз Трасс жөнүндө мурда эле айтып башташкан. 2018-жылы башталган сөз Тереза Мэйдин кетер жылында күчөдү. Британдык журналисттердин оюнча, бул сөздөрдү Трасстын өзү чыгарып жүрдү же бул кепке анын өзүнүн салымы болбой койгон жок.
2019-жылдагы шайлоодо ал шашкан жок, кесиптеш депутаттардын арасында колдоочулары жетпеди. Анын үстүнө ал учурда Борис Жонсон менен күрөшүүдөн эчтеке чыкмак эмес. Мына эми Жонсондун артынан ыңгайлуу кезек келип турат.
Путинди тизгиндөө
Кечээ эле орус тилдүү басма сөз жаңы европалык саясатчылар жөнүндө жазганда анын Россияга болгон мамилесин өзүнчө бөлүп айтышар эле. Азыр анын мааниси болбой калды: Европада орустарга ыктаган саясатчылар деле калбай калды (А Британияда алар болгон деле эмес).
Лондондун путиндик Россияга мамилеси, Трасс болобу, Сунак болобу, баары бир өзгөрбөйт өңдүү.
Лиз Трасс Форин-офистин башчысы катары согуш башталгандан бери батыштын экинчи пландагы саясатчыларынын арасынан Россиянын эң катуу сындагандардын бири болуп калды.
"Эгер биз Путинди Украинадан токтотпосок, башка өлкөлөр коркунучта калат. Балтика өлкөлөрү, Польша, Молдова - бул акыры НАТО менен кагылышууга алып келет. Биз аны каалабайбыз. Ошондуктан азыр бардык чарасын көрүш керек", - деди Трасс апрелдеги билдирүүсүндө.
"Россия менен карым-катыш доору бүттү. Бизге Европадагы коопсуздуктун каршылык көрсөтүүгө, коргонууга жана тизгиндөөгө негизделген жаңы ыкмалары керек", - деген Трасс.
Ал Улуу Британия Европанын коргонуу кубатын чыңдоого өзүнүн салымын кошот деп убада кылууда. Анын программасынын бир пункту - аскердик чыгымдарды ИДПнын азыркы 2,1% деңгээлинен 3% чейин көбөйтүү. Бирок бул 2030-жылга карата. Азыр Британия аскердик керектөөлөргө 60 миллиард доллар жумшоодо, бул НАТОнун АКШдан башка өлкөлөрүнүн арасынан алганда эң чоң көрсөткүч.
"Биринчи эле күнү тарс этип кулайм"
Британдык журналисттердин пикиринде, Лиз Трасстын бир кемчилиги - сөзгө жок, бул ага келечекте көп машакат алып келиши мүмкүн.
Саясатчылар менен журналисттер эле эмес, көп адамдар сөзгө чебер болгон Улуу Британияда эл алдында сүйлөгөнгө бала кезден, мектептен эле үйрөнүшөт.
Эгер Трасс мурда даярданып албаган маселеге туш келсе, анда күтүлбөгөн иштер болорун бөркүңдөй көрө бер.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Февралда орустардын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкандагы сөзүндө анын кантип чалынганы али элдин эсинде. Анда Лавров Россия Украинага кол салбайт, аскерин өзүнүн аймагында жөн эле которуштуруп жатат деп ишендирип, Трасс Россиянын Воронеж жана Ростов областындагы суверенитетин да тааныбайбы деп тийиштик кылган.
Трасс жакшы түшүнгөн жок, сөз Донецк жана Луганск жөнүндө болуп жатат деп чечти да балп эттирди: "Улуу Британия бул аймактарда Россиянын суверенитетин эч качан тааныбайт".
20-июлда Трасс партия лидерин шайлоодо финалга чыгып, твиттерде "hit the ground running" ("кечиктирүүсүз киришүү") деген сүйлөмдүн акыркы сөзүн калтырып кеткенде, британиялык гезиттер менен соцтармак аны каалашынча төө бастыга алып, мыскылдашты.
Анткени "hit the ground" дегени "тарс этип кулоо" маанисинде болуп калды. Твиттин толук тексти мындай болчу: "Ишеним көргөзгөнүңөргө рахмат. Биринчи эле күнү тарс этип кулаганга даярмын".
Трасс катасын ошол эле күнү оңдоду, бирок кеч болуп калган эле.
Расмий эмес кырдаалдагы оозеки сөз жагынан алганда дагы, британдык кээ бир адамдардын пикиринде, Трасстын жетишпеген жагы бар.
"Ал тамашалап жаткандай көрүнөт, бирок түшүнүү кыйын, кээде туруп Лиз Трасстын адамча тили өзүнүкү эместей сезилет",-деп 2019-жылы You журналынын кабарчысы Трасстын ресторандагы интервьюсу жөнүндө жазган эле. (КС)










