Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс отставкага кетти

Сүрөттүн булагы, Reuters
Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс отставкага кеткенин жарыялады.
"Кийинки өкмөт башчы шайланганга чейин мен премьер-министр болуп турамын", - деди Трасс.
Премьер-министр буга чейин салык демилгеси үчүн катуу сынга кабылып, каржы министрин алмаштырууга жана жарыяланган бюджеттик пландарын жокко чыгарууга аргасыз болгон.
Трасс жетектеген Консервативдик партиянын популярдуулугу Британиядагы социологиялык изилдөөлөрдүн тарыхында рекорддук деңгээлге чейин төмөндөдү.
Трасс 5-сентябрда Консервативдик партиянын лидери жана премьер-министр болуп шайланган. Ал каныша Елизавета II дайындаган акыркы өкмөт башчы.
Ийилчээк темир айым
Беш аптанын ичинде Трасс эки башкы министрден (Квази Квартенг жана Суэлла Браверман), парламенттик фракциянын жана шайлоочулардын колдоосунан ажырады. Анын рейтинги 15% гана - бул заманбап тарыхтагы британ премьер-министрлеринен эң төмөн көрсөткүчү. Ал эми Трасстын Brexit стилиндеги чукул реформалар планы ишке ашпай, каржылык туруктуулукту, пенсиялык системаны жана бүтүндөй экономиканы коркунучка учуратты.
Британияны 12 жылдан ашык убакыттан бери башкарып келе жаткан Тори (Консервативдик) партиясынын бийлигинин келечеги да күмөндүү.
Мунун баары Brexit демилгечилеринин бири Борис Жонсон бир нече чуунун шартында кызматтан кетүүгө аргасыз болгондугу менен башталган. Анын ордуна партия (эл эмес) Лиз Трассты шайлап алган.
Трасс Brexit'ти аягына чыгарууну, экономиканы толугу менен жөнгө салууну, салыктарды кыскартууну жана социалдык чыгымдарды жактаган Консервативдик партиянын парламенттик фракциясынын ашынган оң канатынын колдоосуна ээ болгон эле.
Ал башында эле өзүнүн экономикалык планын сунуштаган - Владимир Путиндин Европага каршы энергетикалык согушуна байланыштуу байлардын салыктарын кыскартуу, ишканаларга карата пландалган салыктарды жогорулатууну жокко чыгаруу жана электр менен жылуулуктун кымбаттаганынан улам калкка каржылык колдоо көрсөтүү.
Трасстын радикалдуу планы чейрек триллион фунтту түзгөн, бирок ал да, анын каржы министри Квази Квартенг да акча кайдан келерин айткан эмес. Ноябрдын аягында айтабыз деп убада беришкен.
Британ экономикасына акча салгандардын арасында паника башталды. Чейрек триллион фунттук "бюджеттик тешиги" бар өлкөнүн кредитору болуу перспективасы инвесторлорду чочутту. Трас-Квартенг планы гүлдөп-өсүүнүн ордуна өлкөнү кыйроого алып келди, муну мындай калтырганда болбойт эле.
Трасс адегенде бардык дооматтарды четке кагып, үч сөздөн турган ураандар менен жооп берди. Сөзмө-сөз: "Өсүү, өсүү жана өсүү." Же: «Жасайбыз, жасайбыз, жасайбыз".
Жардам берген жок. Каржы министри Квартенг, кийичерээк ички иштер министри Суэлла Браверман отставкага кетти. Кайрадан жардам берген жок.
Трасс Британия көптөн бери "төмөн экономикалык өсүштүн" туткунунда болгонун айтты. Трасс партия аны кырдаалды өзгөртүү үчүн тандап алганын кошумчалады.
Трасстын айтымында, анын өкмөтү "Brexit'тин (Британиянын ЕБдан чыгуу) артыкчылыктарынан пайдалануу үчүн салыктары төмөн, өнүгүп келе жаткан экономикага" барды.
"Мен азыркы кырдаалда Консервативдик партиянын ишенимин актай алган жокмун деп мойнума алам".
Премьер-министр король Чарльз үчүнчүгө кызматтан кеткени тууралуу кабарлаганын билдирди. Ал кошумчалагандай, жаңы партиянын жаңы лидери келерки жуманын аягында тандалат.
"Бул өкмөткө финансылык милдеттенмелерди аткарууну улантууга, өлкөнүн финансылык туруктуулугун жана анын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деди ал.










