Бектемир Асангулов: жамандыктын чамгарагы болбойт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда президент Садыр Жапаров Элдик курултайда мамлекеттик тууну өзгөртүү анын өзүнүн демилгеси экенин, ага өзүнүн жүйөлөрүн айткандан кийин желектеги күн нуру менен катар боз үйдүн чамгарагы жөнүндө талаш-талкуу күчөдү. Би-Би-Си Кыргызстанда боз үй жасоо боюнча атагы чыккан Тоң районундагы Кызыл-Туу айылындагы эң тажрыйбалуу уста Бектемир Асангулов менен боз үйдүн байыркы жана азыркы замандагы колдонуудагы бөлүнүшү жана анын мааниси жөнүндө маектештик.
Эң чоң боз үйдү кайсыл өлкө жасаткан?

Сүрөттүн булагы, Бектемиров
Б. Асангулов: Союздун учурунан бери мен боз үй менен иштеп келатам. "Кыял" мамлекеттик ишканасында союз тарагычтакты иштедим, андан мурун да иштегем. Биз пландуу түрдө 85 баш боз үйдү айына бештен чыгарчубуз, ошондо жылына 60 боз үйдү бүт жасалгасы менен чыгарганбыз. Бул эң өтүмдүү боз үй деп эсептелет.
Союз тарагандан кийин колхоз-совхоздор жоюлганына байланыштуу боз үйдү жеке менчик сектордо жасап калышты. Кыргызстанда жүз башка чейинки боз үйдү көп сурашат. Казак туугандар 125 башка чейинки чоң боз үйгө кээде буюртма беришет.
Былтыр 2022-жылы Австралияга диаметри 15 метр болгон 155 баш боз үй даярдаганбыз. Бирок анын тигилиши өтө татаал, колдонууга да кыйын. Көпчүлүгү 85 баш боз үйлөрдү даярдайбыз.
Би-Би-Си: Казакстанда Назарбаев президент болуп турганда өзү буюртма берип, эки боз үйдү ар бирин 25 миң доллардан сатып алганын кулагыбыз чалды эле?
Б. Асангулов: Кабарым бар, ошонун бирөөнү менден алган. Кытайдан келген товарлардын дүң базары болгон Хоргосто менин балдарым он күн болуп, боз үйдүн ордун даярдап, тигип берип келишкен. Ал эми бир чоң боз үйдү Назарбаевдин резиденциясына алышкан. Баасы он беш миң доллардан болгон. Эми баасын көтөрүп айтып коюшат турбайбы.

Чамгарактын саны кандай мааниге ээ?
Би-Би-Си: Эми силер жасаган боз үйдүн чамгарагы жөнүндө айтсаңыз, азыр талкуу болуп жатпайбы. Чамгарак кайсы учурда үч, кандай учурда андан көп болот?
Б. Асангулов: Чамгарак боз үйдүн чоң кичинесине жараша өзгөрөт. Мисалы, 100, 120, 130 баш боз үйдө чамгарактын үстүнөн түндүк жабуу келет да, ал шалпайып жерге түшүп калбас үчүн чамгаракты көбүрөөк кылууга туура келет. Кичинекей боз үйлөргө үчтөн чамгарак салынып жүрөт. Биз сексен беш баштарга төрттөн, айрым учурда бештен чамгарак салып коебуз. Жүз баштарга бештен салынат. Кеч киргенде түндүк жабуу жабылыш керек. Мына ошол учурда түндүк жабуу ылдый шалпайып түшүп кетпеш үчүн чамгарак көбөйтүлөт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Боз үйдү кыргыздар жакшылыкта деле, жамандыкта деле колдонот эмеспи. Ошондой учурда чамгарактын канча болгонунун мааниси барбы?
Б. Асангулов: Мен ошону укпаптырмын. Кечээ күнү телевизордон ажобуздун илгери жамандыкта үч чамгарактуу боз үй тигилет дегенин уктум. Мен мындайды биринчи угушум. Мен жетимиш жетидеги кишимин, анын 40 жылын боз үй жасоо менен өткөрдүм “Кыял” бирикмесинде.
Биз көп учурда 75 баштан өйдө, көбүнчө 85 баш боз үйгө төрттөн чамгарак салып келатабыз. Жүз баш болгондо түндүктүн диаметри да чоңоет, ошондо түндүк жабуу шалпайып калбасын деп бештен чамгарак салып жүрөбүз. Чамгарак жамандык-жакшылыкка деп арналбайт.
Би-Би-Си: Деги эле боз үйдү кыргыздар жалаң жакшы тилек менен жасатат эмеспи.
Б. Асангулов: Кыргыздар биз өзүбүз көчмөн калк болгон үчүн жайлоого чыкканда, күздөөгө келгенде дагы, кыштоодо дагы бардык жашообуз боз үй менен өткөн да.
Би-Би-Си: Азыр эл отурукташып, там үйдө жашаган менен адам өлгөндө анын сөөгүн боз үйгө коюп чыгаруу да салт бойдон келатат. Мунун маанисин сиз кандай көрөсүз?
Б. Асангулов: Эми азыркыга дейре боз үйдөн чыгарат да кыргыздын салтында. Жамандык болгондо сөзсүз эле үч чамгарактуу боз үй издеп тигишкен эмес да. Жамандыкта адамдын сөөгүн боз үйгө алып кирип, майрам сууга алып, андан кийин жууп, кепиндеп туруп узатышкан.
Жайдын ысык күнүндө дагы сөөктү сакташтын өзүнүн жол-жобосу бар. Мисалы, жай саратанда боз үйгө коюшуп, анын туурдугун ачып коюшкан. Себеби туурдуктун алдынан жел өтүп, сөөктү желдетип турат. Сөөктүн астына ичи көөп кетпесин деп ком коюп, курсагына таш бастырып, үстүнө жыттанбасын деп жалбыз койгон.

Сүрөттүн булагы, Бектемиров
Мирзиёевге 100 баш боз үй тартуу кылуу планы
Б.Асангулов: Дүйнөлүк экспо көргөзмө өтүп турат төрт жылда бир. Соода палатасы аркылуу ар кайсы мамлекеттерде болот. Ошого буюртма менен көптөгөн мамлекеттерге менин колумдан чыккан боз үйлөр барып, алтын медалдарга жана баалуу сыйлыктарга татыктуу болгон. Союз тарагандан бери андай көрүнүш боло элек.
Би-Би-Си: Боз үйгө болгон заказдар Казакстандан башка дагы кайсы өлкөдөн болду?
Б. Асангулов: Мен иштеген жылдары Франциядан чоң заказ болгон. Андан кийин Түркия мамлекетине 50 боз үй даярдап бердик. Былтыркы зилзаланын убагында биздин айылдан эле 200гө жакын боз үй жөнөттүк. Жакында, бир ай боло элек, Сауд Аравиясында айыл чарбасы боюнча экспо болуп жатат. Ошол жакка эки боз үй жеткирип барып, өзүбүз тигип келдик.
Би-Би-Си: Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёевге дагы арналып чоң боз үй жасалып жатат деп кулагыбыз чалды эле.
Б. Асангулов: Ал боюнча маалыматым бар. Асыкбек Оморов деген кыргыздын бардык улуттук нарк-дөөлөтүнө күйүп жүргөн жигит бар Бишкекте. Анын сунушу боюнча биз жүз баштуу бир боз үйдү Мирзиёевге, сексен беш баштуу бир боз үйдү Мирзиёев кайра куруп чыккан "Манас" айылына тартуу кылалы деп качантан бери аракет кылып жүрдүк. Жээнбековдун тушунда уруксат ала албай койдук. Мына ошондой демилге бар.
Би-Би-Си: Москвага канча боз үй жасап бердиңиздер?
Б. Асангулов: Москвага кийинки эле учурда эки боз үйдү тигип келгенбиз. Москвада Кыргызстандын күндөрү өтүп, 150 киши барган учурда жеткирип барып тигип келгенбиз. 85 баштуудан экөө, 75 баштуудан бирөө. Сегиз мүнөттө тигебиз деп барганбыз, бирок ал программага кирбей калган.
Би-Би-Си: Казакстанда да боз үй жасайт эмеспи, алардын боз үйү кандай жасалат?
Б. Асангулов: Казактарда дагы боз үй жасаган ишкана бар. Пресс фанерден уук кереге жасап, кийиздерин башкача кылат.
Би-Би-Си: Кереге-уугун жасаганда кандай айырмачылык бар?
Б. Асангулов: Алардыкы жапысыраак келет. Матоолору башкача. Кыргызда илгертен бөйрөктүү боз үй кылгыла деп керегенин матоосун жакшы кылгыла деген кеп бар. (КС)

Сүрөттүн булагы, Бектемиров








