Жапаров чек арадагы демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганын айтты

Сүрөттүн булагы, president.kg
Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылы Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек арасын биротоло тактаганын, демаркация иштеринин негизги бөлүгү аяктаганын билдирди. Бирок ал чек аранын канча чакырымы демаркацияланганын тактаган жок.
"Чек аранын толугу менен чечилиши — мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгынын бекем кепилдиги жана өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнүн эң башкы фактору", - деди Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстан "кайсы инвестордун шарты мамлекет үчүн пайдалуу экенин тандаган деңгээлге жеткенин" айтып, "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу, "Камбар-Ата-1" ГЭСи, "Ала-Тоо резорт" туристтик комплекси сыяктуу ири долбоорлорго дүйнөлүк ири инвесторлор кызыгып жатканын билдирди.
Мындан тышкары Жапаров кезексиз парламенттик шайлоо "тынч, ачык жана адилет" өткөнүн, Кыргызстан экономиканын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү үч өлкөнүн катарына киргенин, сомго байланган KGST аттуу улуттук стейблкоин 24-декабрда "Бинанс" биржасында каттоодон өткөнүн маалымдады.
Ал ошондой эле "2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы" кабыл алынганын кошумчалап, "аны толугу менен аткарабыз" деген убаданы берди.
2025-жылдын алгачкы айларында Кыргызстан коңшу Тажикстан менен чек арасын толук тактап, аны улай демаркациялоо иштерин баштаган. 2022-2023-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстан да чек ара боюнча келишимдерге жетишкен. Үч өлкөнүн президенттери былтыр 31-мартта Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чеги кесилишкен жерде жолугуп, Советтер Союзу ыдырагандан бери талаш жаратып жаткан чек аралар толук такталганын жарыялашкан.
Бир катар адистер жана саясатчылар Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн кубатташканы менен өлкөдө инфляция жана кымбатчылык көйгөй жаратып жатканын белгилеп келишет. Би-Би-Синин элди түйшөлткөн маселелер жана жаңырган жылда өкмөттүн алдында турган чакырыктар тууралуу макаласын төмөнкү шилтемеден окуңуз.











