Активист Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыкты

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан Айбек Теңизбай башка жакка кетпөө тилкатынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.
"Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 31-декабрда Айбек Теңизбайдын бөгөт чарасын карап, аны башка жакка кетпөө тилкатынын негизинде бошотту. Ал эми сотко чейинки тергөө иштери улана берет", - деди анын адвокаты Жаныш Бараков.
Ал бул иш сотко качан өтөрү азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
Активист, саясий темалардагы подкасттын автору Айбек Теңизбайды укук коргоо органдарынын кызматкерлери 11-декабрдын таңында Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кеткен. Анын бөгөт чарасы 12-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып, 2025-жылдын 11-февралына чейин камакка алынган.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Атайын кызматтын 12-декабрда тараткан маалыматында "социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды" деп айтылган.
Айбек Теңизбай буга чейин өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, эч качан атайылап, максаттуу түрдө улут аралык кастыкты тутандырууга умтулбаганын белгилеген.
Активист социалдык тармактардагы баракчаларына коомдук-саясий маселелерге байланыштуу пикирин ачык жазып жүргөнү менен белгилүү. Мындан тышкары Айбек Теңизбай бир катар саясатчылар менен видеоподкасттарды уюштуруп келет.












