"Кендирди кескен кымбатчылык". Жаңы жылда элдин эмне көйгөйү эске алынышы керек?

- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда 2025-жыл саясий, экономикалык жана укуктук жактан ар кыл окуяларга бай болду. Аткаруу бийлиги жыл жыйынтыгын чыгарып жатып, өлкө экономикасы мурда болуп көрбөгөндөй өсүп жатканын, 2024-жылы Кыргызстан ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин билдирди. Ошондой болсо да коомчулукта кымбатчылык менен инфляция күчөгөнү, айлык акынын, пенсиянын, жөлөк пулдардын жетишсиздиги тууралуу нааразылыктар курч бойдон калууда. Кыргызстан 2025-жылды кандай жыйынтыктады? 2026-жылга карата олуттуу чакырыктар кайсылар?

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев аткаруу бийлигинин соңку жылдардагы экономикалык өсүш тууралуу айтып, аны жетишкендик катары көрсөтүп жатканы алкоого татыктуу экенин белгиледи. Анын айтымында, 2025-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык жактан өтө ийгиликтүү болду.
Ошол эле учурда депутат экономикалык өсүш калктын күнүмдүк турмушунда сезилбей жатканын билдирип, негизги себеп инфляциянын тездик менен өсүшү жана кымбатчылыктын күч алышы экенин кошумчалады.
"Экономиканын өсүшү менен инфляция да жогорулады. Кымбатчылык пайда болду. Эл дал ушул маселени козгоп жатат. 2025-жылы пенсия жана жөлөк пулдар жогорулады, бирок эл аны сезбей калды. Себеби базарга барып азык-түлүк алганда баалардын кымбаттаганы дароо билинип жатат. Инфляциядан тышкары билим берүү тармагында да көп көйгөйлөр бар. 12 жылдык билим берүүгө өттүк, бирок окуу куралдары, билим берүү имараттары дале жетишсиз. Бала бакчаларда эң жөнөкөй нерселер да тартыш. Жогорку окуу жайларда контракттын баасы өстү. Айтор, мындай көйгөйлөр арбын. Эл муну жон териси менен сезип жатат, муну айтпай коюуга болбойт",- деди депутат.
Эл өкүлүнүн айтымында, 2026-жылы экономиканын күтүлгөндөн да ыкчам өсүшү, башкача айтканда, кызып кетүү ыктымалдыгы, кошумча тобокелчиликтерди жаратып коюшу мүмкүн. Анткени мындай өсүү темпи менен бирге инфляция да жогорулап, кымбатчылык коомго кедергисин тийгизип коюшу ыктымал.
Андыктан Бекешев Министрлер кабинети 2026-жылы инфляцияны көзөмөлгө алууга өзгөчө көңүл бурушу керек экенин белгиледи. Ал белгилегендей, курулуш тармагындагы баалардын кескин өсүшү да өзүнчө коркунуч жаратууда.
"Ошону эске алып, Министрлер кабинети 2026-жылы инфляцияны токтотушу керек. Курулуш тармагын да көзөмөлгө алуу зарыл. Мисалы, ипотекалык үйлөрдүн чарчы метри башында 550 доллардан курула баштаган. Учурда ал 950 долларга жетти. Жеке менчик курулуштарда болсо 2 миң доллардан сатылып жатат. Баалар абдан өстү, эртең бул көбүк болуп жарылып кетиши ыктымал. Бирок экономика ушул эле темп менен өсүшү керек. Ошол эле учурда социалдык көйгөйлөрдү унутпоо зарыл. Азыр коомдо маанай анча жакшы эмес. Орто катмарда жашагандар да баанын өскөнүн сезе баштады. Жакырчылыкта жашаган адамдар үчүн болсо абал өтө оор",- деди Бекешев.
"Жакырчылык оор маселе бойдон турат"

Сүрөттүн булагы, Official
Дагы бир депутат Марлен Маматалиев өлкөдөгү кымбатчылык маселесине токтолуп, муну өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатындагы чоң кемчилик деп атады.
"Учурда майыптыгы бар адам 6 миң сом жөлөк пул алат. Бүгүнкү күндө ал акчага азык-түлүк сатып алуу мүмкүн эмес. Азык-түлүктү толук өзүбүз өндүрө албагандыктан башка мамлекеттерден да көз каранды болуп жатабыз. Муну сөзсүз көзөмөлгө алуу керек жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ички өндүрүштү күчөтүү зарыл. Айрым азыктарды Кыргызстанда жетиштүү өндүрүп, мисалы, буудайды өзүбүз камсыздай тургандай кылышыбыз керек. Ошондой эле экспортту көзөмөлдөө маанилүү. Өзүбүздө жетишпей жаткан азык-түлүктүн сыртка чыгуусуна тыюу салуу зарыл. Айрым учурда министрликтин деңгээлинде ыкчам чечиле турган маселелер кечиктирилип, аксап калып жатат. Жакырчылык оор маселе бойдон турат. Өзүңдүн тамак-аш маселеңди чечпесең, кайдагы интеллект, кайдагы өнүгүү болушу мүмкүн",- деди депутат.
"2025-жыл тынчтыктын жана өнүгүүнүн жылы болду"

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Депутат Дастан Жумабеков 2025-жыл Кыргызстан үчүн тынчтыктын жана өнүгүүнүн жылы болгонун белгиледи. Ал өзгөчө коңшулар менен чек ара маселелеринин чечилгенин чоң жетишкендик катары баалады.
"Бул багыттагы иштердин алкагында Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы маанилүү мыйзамдарды кабыл алды жана бир нече эл аралык келишимди ратификациялады. Негизги саясий ийгилик катары Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо таза жана тынч өткөнүн белгилөөгө болот",- деди депутат.
Жумабеков дагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн өскөнүн айтып, аны менен катар кемчиликтерге токтолду.
Ошол эле инфляциянын өсүшү, электр энергиясынын тартыштыгы жана күйүүчү майдын баасынын кымбатташы коомдун нааразылыгын жаратканын айтты.
Алыскы айыл жерлеринде инфраструктура, жол, таза суу көйгөйлөрү толук чечилбей элдин суроо-талабы ачык бойдон калып жатканын кошумчалады.
"Бул жагдайларды эске алып, мен 2025-жылга беш баллдык шкала боюнча төрт балл берем",- деди Дастан Жумабеков.
2026-жылы Министрлер кабинети өзгөчө энергетика тармагына көңүл буруп, ГЭСтердин, энергетикалык объектилердин курулушун тездетүү зарыл деди.
"Эгерде электр энергиясы жетиштүү болбосо, экономика токтоп калуу коркунучу бар, ал калктын нааразылыгын да күчөтөт",- деп кошумчалады депутат.
"Жарандык эркиндик ашкере басмырланды"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Саясат талдоочу Эмил Жороев 2025-жыл экономикалык жана саясий жагынан салыштырмалуу туруктуу болгонун белгиледи.
Бирок ал адам укуктары жагынан абал толук канааттандырарлык болбогонун кошумчалады.
"Тилекке каршы, жарандык эркиндик ашкере басмырланды. Буга чейинки баштан өткөн 3-4 жолку ыңкылаптар таасир эттиби, билбейм. Айтор, бийлик жана күч органдары өзгөчө укук чөйрөсүнө басым жасап жатышат. Азыноолак сын-пикир айта калгандарды кармап кеткен учурлар болду. Муну өтө чоң терс көрүнүш деп баалоого болот", – деди ал.
Анын баамында, 2026-жылы укуктук эркиндикти чыңдоого, ашыкча чектөөлөрдү азайтууга басым жасалышы керек. Жороев мындай өзгөрүүлөр экономикалык жана саясий туруктуулукту чыңдоого шарт түзөрүн белгиледи.
Кыргыз бийлиги болсо, жарандык эркиндик чектелгени тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет. Бирок жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар өлкөдө сөз эркиндиги чектелип жатканын белгилешип, жарандык активисттер, журналисттер кармалган же суракка алынган учурларды мисал келтиришет.
"Кымбатчылык бүт дүйнөдө болуп жатат"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрабаев Би-Би-Сиге маек куруп жатып, 2025-жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн ийгиликке бай жыл болгонун айтты. Ал ички дүң өндүрүм 10 пайыздан ашып, өлкө экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына киргенин дагы бир ирет баса белгиледи. Республикалык бюджет биринчи жолу 1 триллион сомдон ашып, 34,3 миллиард сом профицит менен аяктаганын билдирди.
"Айыл чарба тармагында, кургакчылыкка карабастан, 2 пайыз өсүш болду. Жолдорду асфальттоо эки эсеге өсүп, быйыл 1 миң 543 чакырымга асфальт төшөлдү. Энергетика тармагында дефицит бар, бирок 2028-жылга чейин таңсыктык жоюлат. 2025-жыл эмнеси менен эсте калды? Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курула баштады. Учурда иш толугу менен жүрүп жатат. Андан тышкары, Камтар-Ата 1 ГЭСинин курулушу боюнча эл аралык долбоор ишке ашырылууда",- деди ал.
Төрабаев кымбатчылык бүт дүйнөдө болуп жатканын белгилеп, баалар өсүп жатса да, калктын кирешесин жогорулатуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
2026-жылы Кумтөр кенинен тарыхый көп киреше түшкөн. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун 2025-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеси 124 миллиард 216 миллион сомдон ашты. Ал эми компаниянын таза кирешеси 59 миллиард 286 миллион сомду түздү. Жыл ичи 12 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымат таратты. Андагы маалыматка ылайык, быйыл "Кумтөр" салык түрүндө 21,5 миллиард сомдон ашык каражат төлөгөнү жатат. Ал эми дивиденд түрүндө 13 миллиард 48 миллион сом которулду.
2024-жылы Кумтөрдөн 12 тонна 552 килограмм алтын өндүрүлгөн жана андан түшкөн киреше 989,1 миллион долларды түзгөн эле.
Анын үстүндө быйыл дүйнөдө алтындын баасы абдан кымбаттап, 68% өскөнү белгилүү. Бир жыл мурда алтындын бир унцийи 2,550 доллар болсо, азыр ал 4,360 жеткен.
Экономика мурда болуп көрбөгөндөй ылдам темп менен өскөнүн IV элдик курултай маалында президент Садыр Жапаров да баса белгилеп, муну негизги тармактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун артыруунун жемиши катары баалаган.












